Марат Иманкулов: Атамбаевди кармоого "Альфа" тартылбашы керек болчу

Сүрөттүн булагы, Official
УКМКнын мурунку төрагасы Марат Иманкулов мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясына "Альфа" анти-террордук аскердик бөлүгүнүн тартылышын сынга алды.
Коопсуздук жаатында эксперт Атамбаевге карата тергөөгө чакыруу буга чейин ИИМ тарабынан берилгенин эскертип, эмнеге бул операцияга атайын кызмат кийлигишкени тууралуу суроо койду.
"ИИМдин деле атайын даярдыктагы аскердик бөлүгү бар эле. Алар мындай иштерде машыгып, эл менен да иштегенди билет эле. Аларда кирип барып мурунку президентти алып чыкканга мүмкүнчүлүк бар болчу. "Альфаны" ишке салгандан кийин операцияны ийне-жибине чейин ойлонуштуруш керек болчу", -деди Иманкулов.
Иманкулов Кой-Таштагы операцияны уюштуруу чабал болду деп, президенттин катышуусундагы Коопсуздук Кеңешинин жыйынында сөзсүз УКМК жетекчилигинин жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрүлүшү керек деди.
7-августта УКМКнын ишке ашпай калган операциясынын жыйынтыгын 52 адам ооруканага кайрылып, 38и учурда ооруканада. Окуяда бир күч органынын кызматкери каза тапты. (EKa)




