Орусия аймактык согушка даярданып жатабы? Эксперттер эмне дейт?
Германиянын Welt басылмасы Орусия Европага каршы аймактык согушка даярданып жатат деген эксперттердин кооптонуусун жазып чыкты. Анда коркунучтуу сценарийди ишке ашыруу канчалык реалдуу деген суроо берилген.
Басылма Орусиянын маалымдоо каражаттары үчүн резонанс жаратты. Би-Би-Си бул тууралуу орусиялык эксперттердин пикирин укту.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Макала НАТОнун башкы катчысынын мурдагы орун басары Хайнрих Браус жана Кильск университетинин коопсуздук саясаты институтунун директору Йоахим Крауздун докладынан кийин жазылды. Авторлордун пикиринде, Орусия Европанын ичиндеги согушка даярданып жатат. Согушта ал өзөктүк курал менен коркутуп, жеңишке жетүүнү каалайт.
Доклад АКШ менен Орусия жакынкы жана ортоңку аралыкка уча турган ракеталарды жок кылуу боюнча келишимди токтотуу чечимин кабыл алгандан кийин жарыяланган.
Германиялык журналисттер маалымдагандай, Путин Орусиянын кызыкчылыгы үчүн айрым маанилүү геосаясий маселелерди чечүүдө Европадагы регионалдык конфликтте үстөмдүк кылууну көздөйт.
Ошол эле учурда НАТО аскер комитетинин мурдагы башчысы Харальд Куят докладды "бир тараптуу, компетенттүү эмес жана рационалдуу кароого туура келбейт" деп атады.
Куяттын айтымында, аймактык конфликт жарала турган болсо, НАТО жамааттык коргонууга өтөт. Ал эми Орусия саясий жана экономикалык кесепеттерге алып келүүчү эл аралык тоталдык изоляцияга кабылат.
Балтика өлкөлөрүнө чагылгандай тез чабуул жасоо үчүн армияга кымбат курал-жарактарды сатып алуунун кереги жок, дейт эксперт. Ал бул тармакка жасалып жаткан инвестицияны АКШ менен стратегиялык тең салмактуулукту сактоого болгон умтулуу катары баалады.
Доклад тууралуу башка эксперттер эмне дейт?
Максим Старчак, Куинс университетинин эл аралык жана коргоо борборунун илимий кызматкери:
"Крауз менен Браусстун анализи жаңылык жаратты деп айта албайм. Бул Батыштын аскер кызматкерлерине караганда саясатчыларын көбүрөөк кооптондурган доклад болуптур. Анткени аскерлер орусиялык кесиптештеринин мындай аракети тууралуу ансыз дагы билет.
Ооба, Орусиянын Европадагы аскердик кырдаалдын ар кандай өнүгүшү боюнча пландары бар. Өзөктүк куралды айрым бир сценарий менен колдонуу дагы башкы штабдын планы. СССРдин убагында дагы ошондой болгон, 1990-жылдары дагы, атүгүл азыр деле ошондой. Менин талдоомо караганда, Орусиянын саясатында өзөктүк куралдын ролу 2014-жылдан кийин бир топ күчөдү.
Ту-95 жана Ту-160 стратегиялык бомбалагычтар дайыма НАТО өлкөлөрүнүн чек араларына учуп келишет. Муну менен алар аскерлердин реакцияларын байкашууда. Ошондой эле суунун астындагы кемелер дагы активдешип, бат-баттан күзөткө чыга баштады. Стратегиялык ракеталык аскерди окутуу көбөйдү.
Соңку беш жылда Орусиянын өзөктүк активдүүлүгү формалдуу түрдө өстү. Бул өзөктүк триадада жаңы куралдардын пайда болуп жатканы менен байланыштуу. Муну Батышты саясий өңүттө коркутуу эмес, жаңы куралдарды сыноодон өткөрүү жана алдарды колдонууну аскерлерге үйрөтүү катары бааласа болот.

Сүрөттүн булагы, EPA
Бул Орусия өзүнүн стратегиясын эскалациядан деэскалацияга куруп жатат деген көз караштан алынган америкалык өзөктүк доктрина. Бул германиялык баяндаманын авторлору жазгандын дал өзү. Ɵзөктүк куралдын коркунучу же анын чектелүү колдонулушу адаттагы куралданууда душмандын артыкчыл күчтөрүн өзүнүн шартына көндүрүү үчүн жасалып жатат. НАТО Орусиядан көп көрсөткүчтөр боюнча өйдө турат. Куралдын сапаты, экономикалык кубаты, курал-жаракты өндүрүү дарамети боюнча дагы. Бул орусиялык стратегиянын реалдуу берилиши деп ойлобойм".
Константин Богданов, Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер боюнча Улуттук изилдөө институтунун илимий кызматкери:
"Мындай өзөктүк куралдар 1950-1960-жылдары куралдуу күчтөрдө жаралган диспропорцияны теңдештирүү максатында колдонулган. 1980-жылга чейин мындай теңдешүү НАТО өлкөлөрүндө колдонулуп келген. АКШнын алдыга негизделген өзөктүк системасы деп аталып, Европага жайгаштырылган. 1990-жылдан тарта абал өзгөрдү. Учурда Орусия саны боюнча дагы, техникасы боюнча дагы НАТОго жол бошотууда". (VA)








