Солтон-Сарыда мал өлүп, эл чочуп жатат

    • Author, Венера Алымкул кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бир канча күндөн бери социалдык тармактарда тарап жаткан Солтон-Сарыдагы малчылардын видеосу коомдо кызуу талкуу жаратууда. Анда жайытта жүргөн жеринен кырылып калган малдын өлүгүн, нааразы болгон жергиликтүү тургундарды көрүүгө болот. Жергиликтүү эл малдын өлүп жатканын кендеги чалгындоо иштери менен байланыштырып жатат.

Солтон-Сары

Сүрөттүн булагы, FACEBOOK

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Солтон-Сары

Тургундар жиберген видеодон төрт аягы көктү карап, тыбырчылап аткан койлорду, үйүлүп жаткан өлүктөрдү көрүүгө болот.

"Жакында эле мал доктур келип көрүп кеткен. Ошондон кийин эле он козу өлдү. Эмнеден өлгөнүн алар дагы билбейт. Жайылып жүргөн жеринен оозунан ак көбүк чыгып, өлүп калып жатат",- дейт малчылардын бири.

Жергиликтүү эл өкмөттөн тез арада чара көрүп, чалгындоо иштерин токтотууну талып кылып жатат. Алар чалгындоо жүрүп жаткан аймактын суусун ичүү мүмкүн болбой калганын, кен казуу иштери жарандардын ден-соолугуна дагы зыянын тийгизип жатканын айтышууда.

"Мен жакында эле "Терс-Суу" жайлоосунда болуп келдим. Малчылардын үй-бүлөсү баштары ооруп, шалдырап жатышканын айтышты. Суусун киши эмес, мал ичпей калыптыр. Чалгындоо жүргүзүп жаткан компания өкүлдөрү сууну Кара-Кужурдан ташып келип ичишет экен. Күнүнө бир эки жолу жардыруу жүргүзүлүп, айлананы боз туман каптап эле жатып калат экен",- деди жакында эле Солтон-Сарыда болуп келген Эчки- Башы айылынын тургуну Чолпон Асанбек кызы.

Солтон-Сары

Сүрөттүн булагы, FACEBOOK

Солтон-Сары жайлоосунда Эмгекчил, Миң-Булак, Эмгек- Талаа, Кара-Кужур жана Он- Арча айыл өкмөттөрүнүн малчылары жайлайт. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Казыбек Усуповдун айтымында, учурда сексенге жакын майда жандык, бир бодо мал өлгөн. Көйгөйдү чечип берүүнү суранып, жергиликтүүлөр бүгүн облустук администрацияга барышты. Анын жыйынтыгында атайын комиссия түзүлүп, топурактын жана суунун үлгүлөрү алынып, анализге жиберилди.

"Мал доктурлар дагы анализдерди алып, жеринде иш жүргүзүп жатат. Анализдердин жыйынтыгы чыгып келгенче жоромолдоп кеп айтуу өтө кыйын. Андыктан жыйынтыкты күтүп жатабыз",- деди Казыбек Усупов.

Солтон-Сары кенин казууга байланыштуу маселе биринчи жолу эле козголуп жаткан жок. Жергиликтүү тургундар кен казууга бир нече жолу каршы болуп, анын экологияга тийгизген терс таасири, техникалык коопсуздугу сыяктуу маселелерди көтөрүп чыгышкан эле. Ал эми кенди иштетүүгө уруксат алган Кытайдын Jhong ji Mining ишканасы жергиликтүү тургундардын талаптары эске алына турганын убада кылган.

Солтон-Сары

Сүрөттүн булагы, FACEBOOK

Ишкана 2012-жылы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жыйырма жылга жакын мөөнөткө лицензия алган. Компания учурда инфраструктурасын куруп, 2021-жылы кен казуу иштерин баштоого камданып жатат. Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылууда. Учурда 180ге жакын жергиликтүү тургундар иш менен камсыз болгон.

Компанияга лицензия Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилген. Алар ишкананын бардык документи жайында экенин жана мыйзам чегинде иш алып барып жатканын айтышууда.

Малчылардын көйгөйү боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тиешелүү мекеме жетекчилери менен жолугуп, тез аранын ичинде маселени жөнгө салууну тапшырды.