З. Курманов: Сырткы күчтөр колдоо бербесе, Кыргызстанда эчтеке болбойт

    • Author, Кубатбек Чекиров
    • Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, профессор Зайнидин Курманов Би-Би-Сидеги маегинде Кыргызстандагы саясий реформалардан кеткен каталыктар жана саясий катаклизмдерде тышкы күчтөрдүн таасири жөнүндө темага токтолду.

Би-Би-Си: Революцияны фанаттар жасайт, үзүрүн шылуундар көрөт деген канаттуу сөз бар эмеспи. Кыргызстандагы революцияларды ким жасады, үзүрүн ким көрүп жатат деп ойлойсуз?

З. Курманов: Дүйнө жүзүндө алты эле революция болду. Бүтүн дүйнө, саясатчылар менен илимпоздор тааныган социалдык революциялар. Англиялык, франциялык, америкалык, орус, кытай, ислам революциясы. Андан башка революция болгон жок. Кыргызстанда, албетте, эч кандай революция болгон жок. Анткени революция системалык көп өзгөрүүлөргө алып келиши керек. Бизде эч кандай системалык өзгөрүш болгон жок. Бир элитанын ордун экинчи элита басты. Ошон үчүн төңкөрүш деген сөз жакшы эле жарашат. Ал эми дүйнө жүзүндө канча төңкөрүш болгонун санай албайсың.

Би-Би-Си: Тышкы күчтөрдүн таасири канчалык болду деп ойлойсуз? Кыргызстандагы революциялар америкалык жана россиялык атайын кызматтардын спецоперациясы болду деген пикирлер айтылып келатпайбы?

З. Курманов: Баары эле жазып атпайбы, биз канчага дейре унчукпай жүрөбүз. Россияда Кремлдин эксперттери деле жазып айтпайбы. Мен Кыргызстанда төңкөрүш болуп бийлик алмашкан учурда Санкт-Петербургда болчумун. Төңкөрүш болгонун ошол жерден уктум. Ошол эле күнү Россиянын саясатчылар мага келип айтып атышты. Революцияны Кыргызстанда биз өзүбүз жасадык, сиз туура түшүнүп, барып жардам берип коюңуз дешти. Мен айттым, дароо 360 градуска бурула албайм деп. Эки ай эч кимге эчтеке деп айтпаңыз, анан кийин баары бир дүйнө жүзү өзү баарын билип алат деп менден өтүнүштү. Мен муну айтпай, эки ай эмес, сегиз жыл отурдум. Чет өлкөгө чыксам баары эле менден ушуну сурайт, ошондой болду беле деп. Россиялык эксперттер жазып атат.

Би-Би-Си: Атамбаев Кой-Ташка бекинип алып, бийликке каршы күчтөрдү жанына топтоп жатат. Керек болсо дагы бир революция жасоо тууралуу чакырык жасап жаткан учуру.

З.Курманов: 2010-жылы апрелде Кыргызстанга БУУнун ошол учурдагы баш катчысы Пан Ги Мун келди. Ошондо оппозиция күчүн көрсөтүш үчүн көчөгө элдик чакырды. Бирок 20-30 киши зорго чыкты. Андан башка күчтөрдү чыгара албай койду. Биздин өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз ушул болду. Бирок кийин сырттан колдойбуз деп баштаганда баардыгы чыга баштады. Ошон үчүн мен азыр ойлоп атам, кайсы мамлекетке таянып үчүнчү революцияны жасайсыңар? Россия менен азыркы режимдин ортосундагы мамиле абдан жакшы. Коңшулар менен жакшырды мамиле. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Могерини келип келишимдерди түзүп кетти. Биздин тажрыйбабыз көрсөтүп жатат, сырткы күчтөр түрткү бербесе, эчтеке болбойт. Ошон үчүн алданып аткан адамдар авантюристтердин колунда бекер жем болбой, ойлонушу керек.

"Конфликт катылган Конституция"

Би-Би-Си: Спикерлер Кеңешинин соңку билдирүүсүндө конституциялык кезектеги реформа зарылдыгы жөнүндө да сөз болду. Оңдолгонуна үч жыл гана өткөн Баш мыйзамда дагы кандай ката бар?

З. Курманов: Биздин Конституция конфликтке алып барган Конституция. Бийлик бутактарынын ортосундагы мамилени курчуткан Конституция болуп жатат. Мындай шартта дайыма митингдер, революциялар боло берет. Ошондуктан эл аралык саясатты, ички саясатты туруктуу кармаган Конституция керек. Карама-каршы Конституцияны жазган саясатчылар мезгилдин өзгөчөлүгүн түшүнбөй койду. Революция жаңы бүткөн учурда баары чаң-тополоң болуп жатканда жазылган Конституцияны кабыл алып, эми таң калып отурушат. Эмне үчүн парламент менен президент, Өкмөт менен парламент тирешет. Конфликт болгон жерде эч кандай өсүү болушу мүмкүн эмес. "Система сдержек и противовесов" деп айтканда андагы борбордук идея биримдик жана кызматташтык болуш керек. Бийлик бутактарынын ортосунда ушундай мамиле түзүлгөндө гана өсүш болушу мүмкүн.

Ошого карабастан, кээде ар кандай маанилүү маселелер чыгып калат, ар кандай көз караш болуп калат. Парламентте ар башка саясий күчтөрдүн өкүлдөрү отурат да. Мисалы, Европанын парламентинде коммунисттер, либералдар, социал-демократтар, жашылдар, фашисттик партияга чейин бар керек болсо. Албетте, алардын ортосунда талаш-тартыш болушу керек. Бирок бул негиз болуп ортодо турбаш керек.

Бизде ошондой болуп калды. Парламенттик бийлик түзүлүп, парламент президентти согуш керек, парламент өкмөттү согуш керек деген ой болуп жатат. Ошон үчүн отуз жылдын ичинде оңолбой койдук. Муну оңдобосок, азыркы абалыбыз дегеле оңолбойт.

Би-Би-Си: Кыргыз макалы "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" дейт. Соңку референдумда баш мыйзам өзгөргөндөн кийин, күчтүү премьер, күчтүү президент болуп калды. Бул конфликтке, саясий кризиске алып келет деген пикирлер да көп айтылууда?

З. Курманов: Баардыгы күчтүү боло албайт. Баардыгы күчтүү болсо анда согуш башталат. Бирөө күчтүү болсо, экинчиси андан күчтүү болбошу керек. Аны ойлоп чыккан Франциянын президенти Шарл де Голл. Ал жарым президенттик республиканы түзүп атканда эң биринчи баланс жөнүндө ойлогон. Президенттин партиясы шайлоодо жеңип калса, анда ал абдан күчтүү фигура болот. Анткени парламентте көпчүлүгү аны колдойт. Бирок парламенттик шайлоодо президент жеңилип калса, жеңип чыккан башка күчтөрдүн ичинен премьер шайланат. Анда президент англиялык королева болуп, күч премьер-министрде болот. Ошондо президент четте туруп, мөөнөтү бүткөнчө жардам берип же кеп-кеңеш айтып англиялык королевадай болуп жүрө берет. Экөө тең күчтүү болбошу керек. Анда учурда конфликт болбой койбойт. Конституцияны ким жазганын ушул убакка чейин билбейм, бирок саясатчы илимпоз катары убагында буга ачык эле күлгөмүн ким жазган деп. Саясатты түшүнбөгөн адамдар жазган.

"Элге жамынган саясат"

Би-Би-Си: Парламенттик башкаруу жолуна Кыргызстан бет алганы тогуз жылга кетти. Бирок эмнегедир эчтеке өзгөргөн жок, баягы эле коррупция, баягы эле кландар... Дагы эмнеден ката кетти?

З. Курманов: Элге жамынган саясат болуп келатат. 2016-жылы элге көрсөтсө, колдоп добушун берди. 2010-жылы башка вариантын да колдоп берди. Андан мурда он жолу элдин алдына койду, бардык учурда колдоп берип келатпайбы 95% менен. Эл каяктан билет кандай Конституция керек экенин. Аны китеп окубаган, билими, тажрыйбасы жок саясий элита да түшүнбөйт керек болсо. Ошон үчүн элге жамынбаш керек. Тек гана элден сураш керек кандай башкаруу системасы керектигин.

Парламенттик башкарууну эл чынында түшүнбөйт. Анткени бизде парламентаризм эч качан болгон эмес. Азыркы заманбап парламентаризм жөнүндө сөз болуп атат. Мурунку заманда элдик курултай сыяктуу өкүлчүлүк жыйындар болгон. Кийин совет доорунда көп нерсе унутулуп калды. Бирок кандын бийлигин эле жакшы түшүнөт. Баардык жоопкерчилик президентте болот.

Мен дагы президенттик системаны колдойм. Азыр түшүндүм, парламенттик система үчүн бай мамлекет болуш керек. Жарандык коом, саясий партиялар күчтүү болушу керек. Бизнес сектор, чиновниктер, администрация күчтүү болушу керек. Алар күчтүү болбосо, азыркыдай арабөк абалда кала беребиз. Бир адам жоопкерчилик тартышы керек.

Романтиктер алып келди парламенттик системаны. Мен романтик эмесмин азыр. Жыйырма жыл мурда романтик элем, азыр башка көз караштамын. Мамлекет реформа болуп жатканда бизге жоопкерчиликтүү бир система керек. Бул жерде же президент жоопкерчиликти алсын, же парламент алсын. Парламент жоопкерчиликти ала албай жатпайбы, анткени күчтүү партиялар жок.

Парламенттик система, балким, Кыргызстанга окшогон өлкөлөрдүн келечеги. Кээ бир өлкөлөр бул келечекке жетип калды. Европаны карасаң, ал жерде үч эле президенттик өлкө бар. Франция, Финляндия, Польша.

Би-Би-Си: Германияда президент өкүлчүлүк эле фигура.

З.Курманов: Анын башкаруу функциялары жок, ал улуттун атасынын милдетин аткарат. Ошон үчүн ал жерде талаптар да башка. Президент болуш үчүн жакшы адвокат же жакшы жазуучу болсоң, президент боло аласың. Бирок президент саясатка көп киришпейт.

Борбордук Азияны карасак, үч мамлекет президенттик система. Аларда президент мамлекеттин да, өкмөттүн да башчысы. Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан. Казакстан жарым президенттик система. Ал жерде Францияга окшоп кетет, бирок башкача. Супер президенттик система деп коет, бирок Франциянын жолу менен кеткен мамлекет болуп жатат.

Бизде болсо парламенттик республика дейт, анын кээ бир гана белгилери бар, жеңген фракциялар премьер-министрге талапкерди көрсөтөт деп. Бирок Акаевдин убагында да, Бакиевдин убагында да премьер-министрге талапкерди ким көргөзүп келди?

Мурун кандай болсо, азыр деле ошондой. Фракциялар формалдуу түрдө көрсөтуп атышат. Анда эмнеге элди алдайбыз. Мурунку премьерлердин баарын Атамбаев койду. Ал макул болбосо, эч ким премьер боло албайт. Азыркы заманда да ошондой болуп атат, анткени президенттик бийлик болуп жатат. Конституцияда президенттин ыйгарым укуктары кесилип таштаган, бирок парламент мыйзамдарды ала берип, президентке мурдакы ыйгарым укуктарды кайра берип койду.

2010-жылдагы Конституцияда президентке жалаң гана тышкы саясат калган. Бешинчи жана алтынчы чакырылыштагы парламент президенттин ээлигине ички саясатты да берип салбадыбы. Ошондуктан азыр толук кандуу президент болуп жатат. Кандай бурасак да баягы эле система чыгып калып жатат. Черномырдиндин айтканы бар: "Эмне курсак эле баягы КПСС болуп калып атат" деген. Биздики ошондой болуп жатат. Ошондуктан биздин азыркы системаны парламенттик деп айта албайбыз.