АКШ Керч кысыгындагы окуя боюнча Орусияга "катаал жообун" береби?
АКШнын Сенаты Керч кысыгын навигацияга бошотуу үчүн "катаал операция" өткөрүү маселесин көтөрдү. Сенаторлордун дээрлик жарымы президент Дональд Трампты ушундай кадамга барууга чакырды.

Сүрөттүн булагы, ТАСС
Сенаттын кырк мүчөсү кол койгон резолюциянын авторлору, бул Керч кысыгындагы Орусиянын аракетине жооп болмок деп эсептейт.
25-ноябрда Керч кысыгындагы украиналык катерлерди орусиялык кемелер аткылап, кармап алышкан. Киев кемелери Одессадан Мариуполь шаарына Керч кырсыгы аркылуу өтүп бара жатканын жана бул тууралуу Орусияга алдын ала маалымат бергенин айткан. Москва болсо украиналык катерлер чек араны бузуп өткөнүн билдирген эле.
Окуяда 24 украиналык аскер камалып, кеминде үчөө жаракат алган. Крым аймагынын соту украин аскерлерин жоопко тарткан. Украина бийлиги окуяны аскердик агрессия атап, президент Петр Порошенко аскердик абал киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон.
АКШнын Сенаты тарабынан кабыл алынган резолюция президент Трампты союздаштары менен биргеликте Керч кысыгын навигацияга бошотуу үчүн "катаал операция" өткөрүүгө үндөйт. Алардын пикиринде, мындай болгондо АКШ "эл аралык таанылган чек араларды, эки тараптуу макулдашууларды" кубаттап, Азов деңизи жана Керч кысыгы аркылуу өткөн кемелердин коопсуздугун камсыздамак.
Сенат кабыл алган документте НАТОну Кара деңиздеги аскердик абалын күчтөндүрүүгө чакырып, АКШ президентин Украинага аскердик жардамдын көлөмүн көбөйтүүгө, өзгөчө деңиз-аскер күчтөрүн кубаттандырууга үндөп жатат. Бул мындан кийин "орусиялык агрессиядан коргонууга" Украинага жардам берет деп эсептейт АКШ сенаторлору. Ошондой эле Орусияга карата жаңы санкцияларды киргизүүгө да чакырык кылышты.
Мунун алдында Ураинанын Коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Турчинов Би-Би-Си менен интервьюсунда, украиналык кемелер кайрадан Керч кысыгы аркылуу сүзүп өтүүгө аракет кыларын айткан.
Эгерде Орусия дагы каршылык кылып, кандайдыр бир кадамдарга барса, анда Кара деңизде өз алдынча суу чек арасын аныктап алганын дүйнөгө көрсөтөт деген Турчинов.
Орус бийлиги украин кемелерине байланыштуу окуяны "чек ара чатагы" катары атап, аны чагым катары баалаган эле.
Сенаттын соңку резолюциясы боюнча азырынча Орусия пикирин билдире элек. (AbA)








