You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кубулган кырдаалдагы курултай
24-ноябрда Бишкекте коомдук-саясий күчтөрдүн курултайы болот. Курултайга өлкөдөгү бардык бийлик бутактарынын башчылары жана саясий күчтөр чакырылды. Анын ичинде экс-президент А. Атамбаев жана азыркы президент С. Жээнбеков да бар.
"Азыркы убакта курултайга катышууга он саясий партия макул болду. Алар: "Аалам", "Ата-Журт", "Замандаш", "Кыргызстан", "Ата Мекен", КСДП, КДК, "Таза коом", "Мекенчил" жана Жашылдар партиясы. Ошондой эле жыйырмадан ашык ар кандай коомдук бирикмелер, бейөкмөт уюмдар, патриоттук күчтөр бар. Катышууга арыздар 15-ноябрга чейин кабыл алынат",-деди Курултайды уюштуруу комитетинин башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев.
Курултайда экс-президент Атамбаевдин алты жылдык ишине, президент Жээнбековдун бир жылдык ишине жана Жогорку Кеңештин дагы ишмердигине баа берилмекчи. Ошондой эле саясий куугунтук менен камакта жаткандардын маселеси да каралат.
Алмазбек Атамбаев курултайга келбей турганын аны менен бир күн мурда жолугуп сүйлөшүп келген Равшан Жээнбеков Би-Би-Сиге билдирди:
"Атамбаев ачык эле айтты, курултайга келе албайм, башка иштерим бар деп. Бирок партиянын өкүлдөрү катышат дегендей кылган. Негедир партиясынын өкүлдөрү дагы азыр унчуга элек".
Коомдук-саясий күчтөрдүн курултайы өлкөдө жаңы шайланган президент Жээнбеков менен экс-президент Атамбаевдин ортосу сууп, экөө бет карашпай калган убакта, башкаруучу партия КСДП ичинен ыдырап, бөлүнүп-жарылып терең кризиске баткан убакта болгону жатат.
Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин коррупцияга каршы күрөштү анын өзүн бийликке алып келген партиянын чоң кызматта турган жетекчилеринен баштады. Бишкек ЖЭБдеги коррупциялык жаңжал боюнча козголгон кылмыш иши боюнча мурдакы премьер-министр Сапар Исаков жана Бишкек шаарынын мурдакы мэри Кубанычбек Кулматов жана мурдакы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев кармалып, камакта отурат.
Атамбаев өз кезегинде Бишкек ЖЭБдеги авария кышка даярдык маселесиндеги шалаакылыктан болду деген билдирүү менен чыгып, КСДПнын ичиндеги бөлүнүп-жарылууну "бүгүнкү күндө партиянын аркасы менен чоң кызмат жана депутаттык мандат алгандар партиянын өзүнө кол салып, КСДПны бөлгөнгө, жаманатты кылуу аракети" деп атаган. (КС)