You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Алмазбек Атамбаев: КСДП менен бийликке жеткендер кайра партияны бөлүп жатат
Кыргызстандын экс-президенти, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев аталган партиянын 25 жылдыгына карата кайрылуу жолдоп, партиянын аркасы менен чоң кызматка жана депутаттык мандатка жеткендер кайра партиянын өзүнүн биримдигин бузуп, жаманатты кылганга бүт аракеттерин жумшап жатканын билдирди.
Кайрылууда Атамбаев партиялаштары "эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн күрөшкөнүн, ырайымсыз куугунтукка алынганын, далайы сабалып, курман болгонун" баса белгилеп, ошондой эле сыймыктана турган иштерин да санап өттү:
"Кыргызстан мамлекет катары калыптанды жана кедей өлкө деп эсептелбей калды. Энергетикалык көз карандысыздык камсыздалды. Автомобиль жолдорун кайрадан жаңылап курдук. Кыргызстанда согушка жөндөмдүү армия пайда болду. Өлкө өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын эл аралык аренада коргоого үйрөндү".
Экс-президент ошол эле убакта "бүгүнкү күндө партиянын аркасы менен чоң кызмат жана депутаттык мандат алгандар партиянын өзүнө кол салып, КСДПны бөлгөнгө, жаманатты кылганга бүт аракеттерин жумшап жатат",-деп баса белгиледи.
Атамбаевдин кайрылуусу КСДПнын ичиндеги бөлүнүп-жарылуу күчөп, саясий кризис курчуп турган учурда болуп жатат. Экс-президент кызматтан кеткенден көп өтпөй, анын убагында жетекчилик чоң кызматта жүргөн КСДПнын бир топ мүчөсү кызматынан алынып, коррупция боюнча кылмышка шектелип, камакка алынды. Анын ичинде мурдакы премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мурдакы мэрлери Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, мурдакы энергетика министри Осмон Артыкбаев бар.
Алардын коррупциялык иштеринин бети ачылган сайын Атамбаевдин өзүнүн жоопкерчилиги жана саясий келечеги жөнүндө көптөн бери талкуу жүрүүдө.
Ошол эле учурда мурда-кийин социал-демократтардын катарында жүргөн айрым активисттер экс-президенттин өзүн КСДП партиясынан чыгарууга аракет кылып, жер-жерлерде курултайларды өткөрүп жатышат.
КСДПнын 31-мартта болгон курултайында Алмазбек Атамбаев партиянын төрагасы болуп шайланган. Ошол жыйында Атамбаевдин президент Жээнбеков жөнүндө айткан сөзүнө нааразы болуп, партиянын бир топ мүчөсү чыгып кеткени белгилүү. Ошондо эле КСДП партиясынын ичинде бөлүнүп-жарылуунун белгиси байкалган. Андан берки окуялар башкаруучу партиянын ичинде Атамбаевди жактагандар менен ага каршы болгондордун ортосунда ажырым тереңдеп курчуп баратканын көрсөтүүдө дешет. (ErA)