You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Элдик курултайга экс-президенттер да чакырылды
Элдик курултайды Улуттук мекенчил күчтөрдүн алдындагы туруктуу элдик кеңеш өткөргөн жатат. Анда коррупцияга каршы күрөш, энергетикадагы кризис, Кумтөрдүн бүтпөгөн чыры сыяктуу мамлекеттин тагдыры жана келечегин аныктаган эң түйүндүү маселелер каралмакчы.
Уюштуруу комитетинин башчысы Айбек Мусулманкуловдун айтымында, курултайга бийликтин бардык бутагынын өкүлдөрү, ошондой эле бардык коомдук-саясий күчтөр чакырылган. Анын ичинде мурдакы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев дагы чакырылган жатат. Аларга атайын чакырык жибериле элек. Ошол себептүү алардын жообу да боло элек.
Курманбек Бакиев кыргыз соту тарабынан көп кылмыштар боюнча күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылганы маалым. Ал эми Аскар Акаев келген күндө да ага каршы Кумтөрдүн бүтпөгөн чырын Башкы прокуратура кайра козгобойт деп эч ким айта албайт.
Экинчиден, азыркы кыргыз бийлигинин бул маселеге мамилеси кандай болорун болжоо кыйын эмес. Эң негизгиси коопсуздук кепилдиги болбогон үчүн Аскар Акаев бир тууган агасына келип топурак сала албаганы белгилүү.
Курултайдын өтөр күнү так белгилүү боло элек. Болжол менен апрель айынын ортосуна барышы мүмкүн. Ага чейин региондордо курултайлар өтүп, делегаттар шайланышы керек.
Элдик курултай өткөрүү аракети биринчи эмес, буга чейин да болуп келген. Кеп анын чечимдери канчалык таанылат деген суроодо жатат. Ѳткөн жылы май айында ушул эле мекенчил күчтөр биримдиги курултай өткөзүп, Элдик курултайды бийликти көзөмөлдөөчү орган катары баш мыйзамга киргизүү жөнүндө чечим чыгарып, аны аткарууга мөөнөт чектеген.
Мамлекетти Элдик курултай менен башкаруу сунушу 2010-жылы конституциялык реформанын учурунда да кызуу талкууланып, анда элдик курултай коомдук жыйындардын бир формасы катары Баш мыйзамга кирген. Бирок анын макамы, укуктары жана өткөрүү тартиби каралган мыйзам долбоору 2012-жылы Жогорку Кеңеште курултайга каршы күчтөр көпчүлүк болгондуктан, экинчи окуудан өтпөй калган. Ошол себептүү коомдук уюмдар өткөргөн курултайлардын чечимдерин бийлик бутактары сунуш иретинде гана карай алат.
"Элдик курултайда ушул мыйзамдын тагдыры негизги маселелердин бири болуп каралат", -дейт курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү Кадыр Кошалиев.
Кыргызстанда болгон эки революция менен парламенттик бийликтен көңүл калгандар «кыргыз жолун» тандап алууга ыктап жатканы байкалат. Бирок эксперттер анын жол-жобосу өтө дыкаттык менен иштелип чыкпаса, анын шылуун саясатчылар жамынган идея катары жаманаттыга калуу коркунучу бар дешет.