М. Ибраев: "Таблиг жамаат" мыйзам бузган учур болгон эмес

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан мамлекеттердин дин аалымдары "Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары" аттуу III Эл аралык диний-илимий конференцияга чогулду. Жыйын дүйнөдө Кытай сыяктуу кээ бир өлкөлөрдө мусулман азчылыгына кысым күчөп жаткан учурда өтүп жатат. Ал эми Кыргызстандын өзүндө диний бөлүнүп-жарылуу тенденциясы дагы жок эмес.
Би-Би-Си бул темада конференциянын катышуучусу, Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраевге кайрылып, жыйында дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп жаткан Кытайдын Шинжян аймагындагы маселе тууралуу сөз болобу деп сурады.
М. Ибраев: Эгерде жыйынга Кытайдан атайын өкүлдөр келе турган болсо, анда маселени көтөрүү ниетинде турам. Бирок, иш-чаранын расмий бөлүгүндө Кытайда кысым көрсөтүлүп жаткан мусулман азчылыктары тууралуу сөз болгон жок. Аны ошол мамлекеттин ички саясаты катары баалап, ошондуктан өткөрүп жибериши мүмкүн. Жыйын эл аралык деңгээлде өтүп жаткандыктан бул сыяктуу маселелер каралышы керек деген пикирдемин. Ошондой эле иш-чаранын алкагында кабыл алынган резолюция аткарылышы шарт. Кандай гана учур болбосун адам укугу сакталып, басмырлоо болбошу керек. Эгер мындай нерселер катталып жаткан болсо, бул сыяктуу жыйындар маселени чечүүгө аянтча болуп берет деп ишенем. Кытайдагы жагдай эки тараптуу жолугушуулардын негизинде талкууланат деген ниетим бар. Ал эми бул жыйындын жалпы күн тартибинин программасына Шинжян аймагындагы маселе киргизилген эмес.
Би-Би-Си: Жыйынга Кытай, Орусия жана Орто Азия мамлекеттери биримдикти чыңдайлы, радикализмге каршы биргелешип күрөш жүргүзөлү деген максатты көздөп чогулганы айтылды. Бирок, ошол эле учурда Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан өлкөлөрдүн экстремизмге каршы күрөшү ар кандай мүнөздө жүрүп жатканы байкалат. Маселен, «Кытай диний экстремизмге каршы күрөшүү дегенге жамынып алып, Шинжян аймагындагы мусулман азчылыктарын «саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлерине» отургузуп жатат» деген нааразы пикирлер көп айтылууда. Бул тууралуу БУУнун тийиштүү комитети Кытай өкмөтүнө кайрылуу жасаган эле. Ошол эле "Хьюман Райтс Уотч" уюму, Кытайдан көчүп келген казактар дагы адам укуктары бузулуп жатканын айтып кайрылууларды жолдоду. Бирок, Кытай өкмөтү мындай айыптоолорду четке кагып келет. Мына ушундай өздөрүнүн мамилеси ар башка болуп жатса, бул өлкөлөр экстремизм менен кантип биргеликте күрөшө алат?
М. Ибраев: Негизинен жогорудагы айтылган мамлекеттер биргелешип, бирдиктүү күрөш жүргүзөт деген ыкмага жеке пикиримде кошулбайм. Андай кыла турган болсок, биз үчүн дагы бир топ коркунучтуу жагдай жаралышы мүмкүн. Кыргызстан демократиялуу өлкө, бизде диктатордук же авторитардык режим жок. Көпчүлүк мамлекеттерде дин маселесине келгенде күч колдонуу, чектөөлөр, камакка алуулар орун алган учурлар бар. Мындай ыкма, диндин негиздерине, эл аралык нормага туура келбеген көрүнүш. Кыргызстан кичинекей мамлекет болгонуна карабастан айрым мамлекеттерде тыюу салынган уюмдарга бизде уруксат берилген. Муну өлкөдө дин багытында жүргүзүлүп жаткан туура саясат катары бааласак болот.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Би-Би-Си: Жогоруда башка мамлекеттерде тыюу салынган диний кыймылдар Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканы тууралуу айтып кетпедиңизби. Мына ошондой уюмдардын бири "Таблиг жамаат" кыймылына коңшу өлкөлөрдө тыюу салынган. Ал эми Кыргызстанда тескерисинче, ханафи мазхабын карманып, салттуу исламды жайылтууда жардам берип жатат деп, анын таламын талашкан дин ишмерлери көп. Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнүн көбү "Таблиги жамаатты" колдой турганын дагы айтылып келет. Ушул "Таблиг жамаат" тууралуу маалымат бере кетсеңиз?
М. Ибраев: "Таблиг жамаат" уюму дегенде, даватты түшүнөбүз. Бул уюм тарабынан ушул кезге чейин Кыргызстандын мыйзамын одоно бузган учурлар болгон эмес. Болгону анын ичинен бөлүнүп чыккан "Йакын инкар" тобун сот экстремисттик уюм деп тапкан. Эгер Курандын, пайгамбардын сүннөтүнүн негизинде, мамлекеттин мыйзамдарына туура келген иш алып бара турган болсо кандай гана жамаат болбосун анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынбашы керек деген ойдомун. Бүгүнкү күнгө чейин аталган уюмдун терс кадамдарын байкай элекпиз.
Би-Би-Си: "Йакын инкар" уюму тууралуу дагы сөз кылып кеттиңиз. Өзүңүз айтып кеткендей "Йакын инкар" уюму дал ушул "Таблиги жамааттан" бөлүнүп чыкканы айтылып келет. Аталган топ коомдо ар кандай радикал кадамдары менен белгилүү болуп, Кыргызстанда былтыр экстремисттик уюмдардын тизмесине дагы киргизилди. Тактап айтканда, "Йакын инкар" уюмун негиздөөчүлөр "Таблиг жамааттын" мурдагы мүчөлөрү болушкан деген дагы маалыматтар бар. Мына ушундай жагдайларды эске алганда, "Таблиг жамаат" уюмунан Кыргызстан үчүн коркунуч жок деп айта алабызбы?
М. Ибраев: Биз алардын ички саясатын билбейбиз. Бирок, жалпылап алганда көптөгөн инсандар кылмыштуулуктан алыстап, мечитке келип, намаз окуп калды. Бул жагынан карай турган болсок уюмдун пайдасы дагы көп болуп жатпайбы. Бирок, мен уюмдун модели ушул дегенден алысмын. Эгер мыйзамдын чегинен, диндин чегинен чыкпай иш алып бара турган болсо, ал уюм пайда алып келет деп ойлойм. Себеби Муфтият жалгыз диний муктаждыктарды жаба албайт. Диний жактан жүрүп бара жаткан унаа, муфтияттын гана күчү менен эмес, ага ыктап жардам берген уюмдардын жардамы менен өзүнүн идеалдуу чегине жетет деп ойлойм.
Би-Би-Си: Дүйнөдөгү бир нече жардырууларда теги кыргызстандык кишилер шектүү катары аталды. Маселен, ошол эле Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы, АКШдагы жардыруулар. Мына ушундай окуялар Кыргызстан радикалдуу экстремисттер үчүн ыңгайлуу аймак деген көз карашты калыптандырбайбы?
М. Ибраев: Ал жерде башка маселе бар деп ойлойм. Сиз айткандай сөз Кыргызстанда туулуп өскөн, бирок башка мамлекеттердин жарандары тууралуу болуп жатат. Андыктан келечекте бул аймакта дагы террордук иштер катталат деген коркунуч болбошу керек. Кыргызстан учурда дин боюнча өзүнүн туура багытын тандап алды. Күч менен камап, басмырлай турган болсо, алар жашыруун нерсеге өтөт. Анын эң жаман жагы экономикалык жактан, күч жагынан алсыз болгон мамлекет үчүн коркунучу чоң. Бирок биз ачык болуп жатабыз. Биздин мыйзамдарды тебелебегиле деген гана талапты койдук. Менимче андай нерсе болбойт.













