Борбор Азиядагы эң чоң мечит Бишкекте курулду

Видеонун түшүндүрмөсү, Жаңы курулган мечиттин ачылышы түрк президентинин катышуусунда өтөбү?

Бишкекте курулган жаңы мечиттин ачылышы жакынкы күндөрдө Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын катышуусу менен өтөт деп күтүлүүдө. Кыргызстандын Мусулмандар башкармалыгынын жетекчи орун басары Замир ажы Ракиев жаңы мечиттин ачылышы сентябрь айынын башында түрк президентинин Кыргызстанга сапары учурунда болот деп күтүп жатышканын айтып берди.

“Бул мечитти сентябрь айынын башында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков биргеликте ачат деп, ошонун камында жүгүрүп, даярдык иштерин көрүп жатабыз. Курулуш иштери толук жүз пайызга бүтүп, документ иштери дагы даяр болуп калды. Мечитке көп каражат сарпталды жана сапаттуу курулду. Жалпысы болуп он миң кишиге ылайыктуу”,- деди Замир Ракиев.

Мечиттин курулушу 2012-жылы башталган эле. Маалыматтарга караганда, курулушка Түркиянын "Дианет" фонду 25 миллион доллар каражат бөлүп берген. Мечит Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашып, жалпы аянты 3,5 гектарга жакын. Мечит түрк архитектурасынын үлгүсүндө салынды. Төрт мунаранын бийиктиги 70 метрди түзөт.

Буга чейин жаңы курулган Борбор Азиядагы эң чоң мечитке дин аалымы Имам Серахсинин ысымы берилгени айтылган.

Биздин замандын 11-кылымында жашап өткөн, түрк-ислам дүйнөсүнө белгилүү аалым Ахмед аль Серахсинин күмбөзү 2012-жылы Кыргызстандын Өзгөн шаарынан табылып, атайын архитекторлордун эмгеги менен кайрадан жаңыртылган эле.

Серахси Өзгөндө 14 жыл зынданда жатып, шакирттерине оозеки айтып берип, ислам маданияты, философиясы, адам укугу туралуу 30 томдук китеп жазган дейт окумуштуулар. Жүздөгөн жылдар бою изделип келген бул күмбөз студент кыздын тактаган маалыматтары аркылуу белгилүү болуп, кийин түрк-кыргыз изилдөөчүлөрү далилдеп чыгышкан.

Өзгөндөн табылган Серахсинин күмбөзү Түркия тарабынан каржыланып, жаңыртылганын белгилеп кетсек болот. Бишкектеги мечитти дагы Түркия тарап каржылады. (AbA)