Соң-Көл жайлоосундагы жайыт талаш

    • Author, Канат Жолочиев,
    • Role, Бишкектик журналист

Атактуу Соң-Көл жайлоосунда малчылар көп жылдан бери биринчи жолу жайыт талашып чырдашууда. Малдар жоголуп, малчылар жакалашканга чейин барган. Соң-Көл жайлоосун Нарын областынын төрт районунун малчылары жайлашат.

Жайыт талаш маселеси Кочкор районунун малчылары Соң-Көлгө көчүп келгенде башталды. Анткени дээрлик 20-25 жылдан бери кочкорлук малчылардын көбү ички жайлоолордо калып, Соң-Көлдөгү аларга тийиштүү жайытка Жумгал, Ак-Талаа районунун малчылары ээлик кылып келишкен.

"Кочкорлуктарды кетсин деп айыл үстөмдүк кылып жатышат. Кой жайып турсам, бир жигит келип алка-жакалап, сөгүп кишини мазактап басмырлап жатпайбы. Мен ага эч нерсе кылбасам, ушинтип эле айыл үстөмдүк кыла береби?!"- деди Ак-Жар айылынын тургуну Эркинбек Байсабаев.

"Биз бул жака келээрде Соң-Көлдүн Кылаа деген жеринде алты миң гектер жер бош турат ошол жака барасыңар деген. Биз бош экен деп келсек, бул жерден абдан чоң маселе жаралды. Ушул жерде Ак-Талаадан келгендер бизди отургузбай ушул кунгө чейин эле чырдап келе жатышат. Бул маселени эми жогорку бийликтегилер облустук денгээлде чечип бериши керек"- дейт Шамшы айылынын тургуну Уларбек Абдрасулов.

Ал эми Жумгал менен Ак-Талаанын малчылары Соң-Көлдү өздөрүнүн ата-бабасынан бери келаткан жайлоосу деп санашат.

"Атам ушул жерде өмүр бою жылкычы болуп баатырлыкты алган. Мен өзүм дагы ушул жерде туулгам, улуу балам дагы бул жерде туулган. Мына Ак-Талаалыктарды кичинекей эле булуңга тыгып койгон, ал эми карта боюнча буларга тиешелүү болуп калат. Келишим 2020-жылы бүтмөк, өздөрү отуз жылга жакын келишкен жок"- деди Ак-Кыя айылынын тургуну Асаналиев Мамытбек.

"Жыйырма жылдан бери отурган жериңе келип бирөө төбөлөп желкеңе отурса же айыл өкмөттөр айтпаса. Айыл-өкмөткө айтсак бизди көчпө деп жатса. Бизге деле айтса болмок да ал жер кочкорлуктардыкы, биздин укугубуз жок экен деп. Бир жыл калды алар кетет отургула деп жатышат"- дейт Куйручук айылынын тургуну Максат Бейманжанов.

Соң-Көл жайлоосунда 11600 гектар жайыт 1965-жылдан бери узак мөөнөткө Кочкор районуна пайдаланууга берилген. Жайыт акысын жыл сайын пайдаланбаса дагы төгүп келишкен. Ал келишим 2020-жылы бүтөт.

Кочкор, Жумгал жана Ак-талаа райондорунун малчылары аябай жыш жайгашып, мал батпай аралашып, жоголгону-жоголуп бир топ түйшүк жаратууда деп даттанышууда. Бул маселени мыйзам чегинде чечип берүүнү өтүнүп, тийиштүү органдарга кайрылышкан.

"Мындан бир ай мурун Жумгал районунун акими, Ак-Талаа районунун акими айыл-чарба департаментинен келишип, жолугушуу өткөргөнбүз. Сүйлөшүүдө мыйзам чегинде жашайлы, баарыбыз бир элбиз, жайыт талашпайлы деп кепке келгенбиз. Бирок ошентип коюшуп эле чабандарын үгүттөп, корукчуларды уюштуруп үстөмдүк кылып жатышат. Жерди ата-бабабыздын жери дейт, жер болсо билесиздер мамлекеттин жери",-деди Кум-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы Ахмет Өмүров.

Соң-Көл жайлоосу деңиз деңгээлинен үч миң метрден ашык бийиктикте жайгашкан. Өрөөндүн узундугу 50 чакырымга созулат ал эми туурасы 25 чакырым. Бул жайлоону Кочкор, Жумгал, Нарын жана Ак-Талаа райондорунун малчылары пайдлаланып келет.