Н. Ормокеев: Футболго билеттер баштагыдан төрт эсе кымбаттады

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Адатта кан кызыткан футбол оюндарынан кийин кубанган же күйүнгөн күйөрмандар стадиондун тазалыгын эстен чыгарып коюшат. Жапония бул жагынан мыкты үлгү көрсөткөндөй болду.

Бул өлкө менен Колумбиянын командалары беттешкен соң, жапондор өз орундарын акыр-чикирден тазалап кеткен. Бул сыяктуу футбол кызыктары күнү куру эмес чыгууда. Би-Би-Си Самара шаарында жашап жаткан Нурлан Ормокеевге кайрылып, бул шаар чемпионатты кандай кабыл алды деп сурады.

Н. Ормокеев: Орусия жакшы эле даярдык көргөн экен. Коста-Рика менен Сербия ойногондо, биз биринчи жолу бардык. Оюн кандай болоор экен деп, өзүбүз да даярдыгына ишенбей барганбыз. Беттеш өтө жакшы деңгээлде өттү. Конокторду жакшы тосуп алып, жакшы сыйлап, тазалык, тартип жагын жакшы карашыптыр. Биз да кубанып келдик. Мындайды күткөн эмес элек.

Би-Би-Си: Башка чет жерден келген коноктордун маанайы кандай болуп жатат? Алар менен жолугуп, сүйлөшүп калган учуруңуз болдубу?

Н. Ормокеев: Биз оюнга бара жатканда костарикалык коноктор менен жолугушуп, сүрөткө түшүп калдык. Сурамжыласак "Биз өзүбүздүн үйүбүздө жүргөндөй жүрөбүз. Жакшы тосуп алышты, оюн, шаардын коопсуздугу, айтоор баары жакшы" -деп, ыраазычылыктарын билдиришти.

Би-Би-Си: Сиз футболго башынан эле кызыкчу белеңиз же Самарада өтүп жаткан үчүн эле барып калдыңызбы?

Н. Ормокеев: Башынан эле кызыкчумун. Самарада оюн өтөт дегенин угуп, бир жыл мурун эле даярданып, билеттерди алып, достор, жердештер менен чогуу пландаштырып, камынып жүргөнбүз.

Би-Би-Си: Жашыруун болбосо, билетти канча сомдон сатып алдыңыздар?

Н. Ормокеев: Биз бир жыл мурда сатып алганыбызда, группадагы оюндарга билеттин орточо баасы 1500 рублдан эле. Учурда чемпионаттын расмий сайтында 6300 рублга сатып жатышат. 7000 рублга алдык дегендер да болду.

Би-Би-Си: Сиз мындан башка оюндарга да кирейин деген ниетиңиз барбы?

Н. Ормокеев: Буюрса. Колумбия - Сенегал, андан кийин чейрек финалдын оюндары турат, 21-июнда Дания-Австралиянын беттешин да көрөм.

Би-Би-Си: Жалпысынан ушул чемпионатты көрсөм деген ниетте канча каражат короттуңуз?

Н. Ормокеев: Мен бери дегенде 12000 рубль сарптадым окшойт. Дүйнөлүк чемпионат башталат дегенге чейин элдер катуу текшерүү болот экен деп кооптонуп, коркуу сезими менен турду. Ошондон улам билет албай калгандар да көп болду. Качан гана баары жакшы болгондо, көбү оюнга агыла баштады. Оюндар мына бүгүн же эртең болот дегенде, билеттерди бир топ мекендештерибиз кымбат алып калышты окшойт.

Би-Би-Си: Көпчүлүктү тынчсыздандырган текшерүү кандай өттү?

Н. Ормокеев: Биз тарапта да текшерүүлөр катуу жүрөт деп кеп-сөз болуп атты. Бирок тартип күчөп, көчөдө жүргөн, сырттан келгендерге текшерүү жүрдү. Айып пул салынды, депортация болду дегенди мен өз көзүм менен көргөн жокмун.

Би-Би-Си: Орусиянын бир топ мекемелеринде туристтерге, футбол күйөрмандарына жылмайып жүрүүнү атайын үйрөтүп жатат деп маалымат чыкты эле. Алар чынында эле келгендерге жылмайып мамиле кылып жатабы?

Н. Ормокеев: Биз оюн күнү аренага бара жатканыбызда, ошол аренага чейин өздөрүнүн бекер транспортторун коюшуптур. Стадиондон баштап, андан ары да атайын адамдар чет тилде, орус тилинде сүйлөп, жакшы сый-урмат менен тосуп алышты. Өз ордубузду тапканга да жардам берип, коштоп киргизип жатты. Эч кандай нааразычылык жок. Чемпионат бүткөндөн кийин да бул жакта ушундай эле жакшы маанай, жылмаюу калса деген үмүт бар.