You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Матраимовдун арызы боюнча соттук жыйын өттү
Биринчи май райондук сотунда Райымбек Матраимовдун өкмөткө каршы арызы боюнча соттук иш башталды. Анда өкмөттүн өкүлү Бажы кызматынан Матраимовду жумуштан бошотуу көрсөтмөсү келген десе, Бажы кызматынын юристи андай документ жиберген эмеспиз деди.
Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимов мыйзамсыз кызматтан алды деп мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун үстүнөн арызданганын бир тууганы Искендер Матраимов жарыялаган эле.
Адвокат Татьяна Карижинская Райымбек Матраимов кызматтан мыйзамсыз алынганын айтып, аны калыбына келтирип берүүнү талап кылды. Анын билдиргенине караганда, Матраимов чет өлкөдө дарыланып жаткан учурда өзүнө кабар берилбей туруп бошотулган. Ошондой эле анын себеби да айтылган эмес.
10-майда биринчи сот жыйыны өтүп, 17-майга жылдырылды. Соттогу өкмөттүн өкүлү материалдар менен таанышып чыгууга убакыт сурады.
Анын бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Би-Би-Сиге мурда курган маегинде иниси Бажы кызматында жакшы иштеп турганын айткан.
"Мурдагы жетекчилердин убагында деле айлык планды толугу менен аткарып жатышкан. Эми бажы төлөмдөрү көбөйсө башка себептер дагы бардыр. Кыргызстандын бюджетине бир тыйын көп түшсө да жакшы. Пенсия, жөлөк пул, социалдык объекттерге керек. Болгону бул маселеге саясат аралашып кетти, сөзсүз менин инимди аралаштырып жазып жатышат. Мен аны улуу агасы катары дайыма калкалайм, бирок өзү кылган жумушуна өзү жооп берет", - деген Искендер Матраимов.
Райымбек Матраимов өткөн жылы ноябрдын аягында кызматтан бошотулган. Андан кийин өкмөт Бажы төлөмдөрү бюджетке эселеп көп түшкөнүн билдирген. Айтсак, Ош бажысы мурда күнүнө эки миллион сомдун тегерегинде чогултса, ошол учурда 15 млн сомго жеткенин айткан.
Соцаил-демократиялык партиянын лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаев 31-мартта өткөн маалымат жыйынында өткөн жылы Райымбек Матраимовду кызматтан алууну Сапар Исаковдон суранганын айткан.
"Өткөн жылы бажыдагы "жашыруун схемалардан" жана коррупциядан улам бюджетке 10 млрд. сомдой жеткен жок. Ошондой эле, өткөн жылы мен премьер-министр Сапар Исаковду бул схеманын бир "серый кардиналы" "Райым миллионду" кызматтан бошотууну абдан сурангам. Бүгүнкү күнү Сапар Исаков ошол жолдоштун Жогорку Кеңештеги жана андан сырттагы дагы, басма сөздөгү тарапташтарынын катуу талоосуна калды", - деген Атамбаев.
Ал эми өкмөт башчы кезинде Сапар Исаков Матраимовду кызматтан алуу боюнча журналисттердин суроосуна мындай жооп берген:
"Чынында бул кызматтан кетирүү менен эч нерсе бүтө элек. Баары алдыда, бир кызматтан бошотуу менен эч нерсе бүтпөйт. Системаны кайра карап, ал жакта пайда болуп калгандарды кайра түзүп чыгышыбыз керек. Мен бул нерсени акыр аягына чыгарам", - деген эле Исаков.
Өкмөт Матраимовду кызматтан алганда өз чечимин "анын аткарган иштери жетекчиликтин саясатына туура келбейт" деп, ишеним көрсөтпөгөнү менен негиздеген.
Матраимов 2015-жылдан 2017-жылга чейин Бажы кызматынын төрага орун басары болуп иштеди. Ага чейин түштүк Бажысын башкарып, мурда Ош бажысына жетекчилик кылган.
Кызматтан бошотулган Райымбек Матраимов жергиликтүү басылмалар аркылуу ал Бажы кызматына Икрамжан Илмиянов аркылуу келгенин айтып, Матраимовдор Алмазбек Атамбаевге ыраазычылыгын билидиришкен эле.
Сапар Исаков өкмөтү менен 19-апрелде кызматтан кеткен.