You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бишкекти ууландырган 240 миң тонна
- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
Кыргызстан 2019-жылдан тартып бештен төмөнкү экологиялык класстагы автомобиль бензиндерин жана дизель майларын сатууга чыгарууга жана пайдаланууга тыюу сала баштайт. Жогорку Кеңештин тармактык комитети бүгүн тийиштүү мыйзамдарга ушундай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдогон чечим чыгарды.
Мамлекеттик экологиялык органдар азыркы учурда Бишкекте абаны булгаган зыяндуу заттардын 90 пайызын автоунаалар чыгарып жатканын билдирүүдө. Ошондуктан өкмөт автоуналарды газга өткөрүүнү жана экологиялык зыяны көп күйүүчү майларды колдонууга тыюу салууну максат кылууда.
Ѳкмөт алдындагы айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалыматына караганда, Бишкектеги абага жылына 240 миң тонна булганыч заттар тарап жатат, анын 180 миң тоннасын автоунаалар бөлүп чыгарууда.
"2014-жылда эле алып көрсөк, 400 миң тоннадай булганыч заттар тараган. Бишкек шаарында эле автоунаалар 180 миң тонна чыгарган",-деди аталган экологиялык мекеменин директорунун орун басары Арсен Рыспеков.
Ошол эле учурда өзгөчө бештен төмөнкү экологиялык класстагы күйүүчү майларды колдонгон автоунаалардан аябай зыян болуп жатат. Эксперттик изилдөөгө караганда, төмөнкү экологиялык класстагы күйүүчү майлардан химиялык сера газы көп чыгат. Анын кесепетинен дем алуу органдары бара-бара ракка чалдыгышы мүмкүн экен.
Кыргызстанда мунайды иштетүүчү беш завод бар. Алардын Кара-Балтада жана Токмокто курулган соңку экөөсү Кытай курган заманбап технологиядагы заводдор деп макталган менен алардын баары эң төмөнкү экологиялык сапаттагы күйүүчү майды чыгарышат. Ошондуктан депутаттар өлкөдөгү заводдор чыгарган төмөнкү сапаттагы күйүүчү майды ички керектөөгө эмес, экспортко гана чыгаруу керек деп жатышат.
«Алар чыгарган күйүүчү май экинчи класска араң жетип жатат. Биз айтып атабыз, алар мейли чыгара берсин, бирок Кыргызстанга сатпасын, Тажикстан, Афганистан сыяктуу мамлекеттерге сатсын деп жатабыз»,-дейт ЖК депутаты Дастан Бекешов.
Кыргызстанда бүгүнкү күндө абанын булганышын шарттаган бензин курамындагы бензол, сера газдарын аныктоочу лабораториялар жок. Ошондуктан сырттан кирип жаткан күйүүчү майлардын сапаты жөнүндө сертификаттар кандайча берилип жатканы түшүнүксүз болууда. Ошол себептүү депутаттар күйүүчү майлардын сапатына сертификат берүүнү тартипке салууну өкмөттөн талап кылышууда.
Депутаттар газ бензинге караганда он эсе таза күйөөрүн айтышып, автоунааларды газга өткөрүүнү сунуш кылышты. Ошону менен катар Бишкекте күйүүчү май менен жүргөн коомдук транспортту азайтып, аларды газга өткөрүүгө жана троллейбус паркын кеңейтүү керек дешет.