You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жаңы президенттин убадалары жана алдыда күткөн көйгөйлөр
Президенттик кызматка киришип жатып Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн алдыдагы тышкы жана ички саясатындагы негизги багыттарын атады.
Парламентаризимди колдоп, улутчулдукка, жердешчиликке, трайбализм менен уруу-урууга бөлүнүүгө караманча каршы турам деп убада берди.
"Мен, парламентаризмди колдойм! Президент катары Конституцияда аныкталган милдеттеримди так аткарам, эл менен бийликтин биримдигин камсыздайм!", -деди президент Жээнбеков.
Коррупция менен күрөш уланат
"Бийлик таза болмоюн, өлкө өнүкпөйт. Коррупция менен аёосуз күрөш башталып, коомубуздун тазаланышына шарт түзүлдү", -деген Жээнбеков коррупция менен күрөшкө артыкчылык берерин белгилеп өттү:
"Эртеби - кечпи "уурунун орду - түрмө" деп, эл арасында бийликке чоң ишеним жаралды. Байыртан ата-бабаларыбыз эл башкарып, журт башына көтөрүлгөн уулдарына "Бир адамды башкарсаң да, өзүңдө миң адамдык тазалыкты алып жүр" деп айтышкан. "Жетекчи болом" дегендер өзү таза болсун! "Ыймандуу бийде - тууган жок! Туугандуу бийде - ыйман жок!" деген ата-бабаларыбыздын сөзүн эсибизден чыгарбайлы! Демократиянын эки досу бар, биринчиси эркиндик, экинчиси - жоопкерчилик. Мен Президент катары бийликтин баардык бутактарына эн катуу талаптарды коем. Аткаминерлердин арасындагы коррупция менен күрөшүү менин Президенттик мөөнөтүмдүн эң приоритеттүү багыты! Бул күрөштүн башкы маңызы - мыйзам адында баары бирдей болот".
Коррупция менен катуу күрөшүү Атамбаевдин дагы негизиги убадаларынын бири болгон. Атамбаевдин учурунда коррупция беренеси менен бир катар саясатчыларга кылмыш иши козголуп, айрымдары абакка камалды. Айталы, учурунда саясий санаалаш болуп жүргөн белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев баш болгон жоон топ саясатчыларга кылмыш иштери козголгон.
Оппозиция ишмерлери, жарандык активисттер коррупция менен күрөш атаандаштарды алсыратуунун бир жолу болуп калды деп сындап да келишти.
"Жээнбековдун үй-бүлөсү мурдатан эле мамлекеттик кызматтарда иштеген. Алардын коррупцияга илинип, чалынганын билбейт экем. Ошондуктан жаңы президент коррупционерлер менен чынында жакшы күрөшөт деп ойлоп жатам. Азыр коррупция менен күрөшүүгө мыйзам жетиштүү, президенттин ыйгарым укуктары жетиштүү. Кеп мында эмес, кеп инсандыкка байланыштуу. Борис Ельцин деле коррупция менен күрөшөм дечү, бирок Владимир Путин келип, башкача күрөштү да. Ошон үчүн бүт баары жаңы шайланган президенттин саясий эркине жана ыйманына байланыштуу. Эгерде ал коррупция менен аёосуз күрөшөм десе, бүт эл колдойт, парламент жана күч түзүмдөрү да колдойт", -деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Би-Би-Си менен бөлүштү.
Жаңы президент сот системасын жакшыртуу зарылдыгын айтып, адам укутары менен эркиндиктерин корголот деп баса белгиледи.
"Биз соттук реформа деп эле такалып калып жатпайбызбы. Чындыгында УКМКнын, Ички иштер министрлигинин, жалпы эле күч түзүмдөрүнүн реформасы болмоюн Кыргызстанда саясий куугунтуктоо, саясий камоолор улана берет. Реформа комплекстүү түрдө жүргүзүлүшү керек. Саясий куугунтук же маалымат каражаттарына, журналисттерге карата куугунтук дагы абдан терс көрүнүш болуп калды. Бириккен Улуттар уюмунун атайын комитетинин Кыргызстанга карата 18 чечими бар. Ошонун бирөөсү гана чечилди. Калган 17 чечим боюнча эч кандай аракет да, өкүм да боло элек", -деди укук коргоочу Азиза Абдрасулова.
Тышкы саясаттагы негизги өнөктөш - Орусия
Тышкы саясаттагы багыттары боюнча Сооронбай Жээнбеков орус тилинде кайрылуу жасап, Кыргызстан эл аралык уюмдар менен чөлкөмдүк түзүмдөрдүн алкагында интеграциялык процесстерде активдүүлүк уланаарын белгиледи.
Кытай менен кошуналык жана стратегиялык өнөктөштүк тереңдетилип, коңшу өлкөлөр менен илгертен келе жаткан боордоштук, достук кызматташтык, тарыхый ынак мамилеге таянып иш алып барылары айтылды.
"Менинче, тышкы саясатыбыз туруктуу болот. Себеби акыркы 6-7 жыл ичинде ар кайсы мамлекттер менен жылуу маанай түзүлүп же дароо эле муздап кеткен күтүүсүз окуялар болбодубу. Мисалы, Түркия, Казакстан же Орусия менен ГЭС келишимдери бир тараптуу токтоп да калды. Туруктуулук болот дегеним Сооронбай Жээнбеков баардык баскычтарды басып келген, өзү сабырдуу адам. Өз сөзүндө Орусия башкы өнөктөш болоорун Жээнбеков да айтты. Жалпысынан алганда геосаясий жактан чоң өзгөрүүлөр болбойт", -дейт мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов.
Чек ара маселесинде жылыш болобу?
Президенттик мөөнөтү аяктап бара жаткан Алмазбек Атамбаевдин кийинки мамлекет башчысына калтырып кеткен "мурастарынын" бири Казакстан менен алаканын курчуп кеткени болду окшойт.
"Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы абалдын азабы эл менен экономикага эле тийип жатат. Эми аны кантип чечүүгө болот? Эгер жаңы шайланган президент эки тизгин, бир чылбырды өз колуна алып мамлекетти башкара турган болсо бул оңой эле маселе. Атамбаевдин көмүскөдө туруп мамлекттик башкарууга кийлигишүүсүнө жол бербесе бир айда эле чечип койсо болооруна толук ишенем. Бирок Атамбаевдин айтканынан чыга албаса бул маселе андан да оорлойт", -деди саясатчы жана мурдагы депутат Равшан Жээнбеков.
Көп жылдардан бери талаштуу болуп келген кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштерин Алмазбек Атамабаев мөөнөтүнүн соңуна чейин аягына чыгарып кетерин убада кылганы бар. Чек араны тактоодо чоң жылыштар болгону менен азырынча талаштуу жер тилкелери боюнча мунаса табыла элек. Ал эми Тажикстан менен чек ара тактоо иштери өтө жай жүрүүдө.
Кезинде өкмөттүн чек ара делегациясын жетектеген адис Саламат Аламанов чек араны чечүүгө мүмкүнчүлүк бар деп билдирди:
"Негизи чек ара маселесин чечүүгө ар дайым мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн чек ара боюнча сүйлөшүп жаткан тараптар бир-бирине ишеним менен мамиле кылуусу зарыл. Андан тышкары чек ара чечүүдө ак дилди көрсөтүүсү керек. Бир-бирине күнөөнү оодарса болойт. Акыркы учурда ушундай жагдай болуп кетти. Бул сүйлөшүүлөрдүн эрежесине ылайык келбеген маселе. Чек ара эч убакытта бир тараптын пайдасына чечилбейт. Ал эмес эки тараптын тең пайдасына чечилбейт. Муну эске алып, ага даяр болуу зарыл. Ошондой эле, саясий эрктен тышкары сүйлөшүүлөргө катышып жаткан адамдардын кесипкөйлүгү дагы маанилүү".
Отунбаева инаугурацияга келбеген себеби айтылбады
Эксперттер бүтүндөй чөлкөм боюнча экинчи ирет Кыргызстанда бийлик тынч жол менен өткөрүлүп берип жатканына өзгөчө белгилеп жатышат.
Элдик толкундоолор арты менен 2005 жана 2010-жылдары эки президент бийликтен куулуп, өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болгон. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин өткөөл мезгилдин президенти болуп шайланган Роза Отунбаева 2011-жылы Алмазбек Атамбаевге президенттикти өткөрүп бергени бар. Бирок инагурацияда экс-президент Отунбаеванын көрүнбөгөнү да коомчулуктун көзүнө дароо урунду.
Роза Отунбаева өзү бул боюнча эч кандай комментарий берген жок.
"Эмне себептен катышкан жок? Эгер чакырылбаган болсо бийликтин күнөөсү. Чакырылса тиги кишинин жүз пайыз күнөөсү. Бирок бизде чакырылбагандар көп да. 1990-жылдардагы перманенттик революцияда, 2005 жана 2010-жылдардагы революцияларга катышкандар, канын берип, жанын бергендер чакырылбайт", - дейт коомдук ишмер, белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев. (AbA/AT)