Атамбаевдин коомчулукка белгисиз сүрөттөрү

Президент Атамбаевдин жеке фотографы Султан Досалиев тарткан сүрөттөр Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында "Кыргызстан тарыхындагы алты жыл" деген аталыш менен көргөзмөгө коюлду.

Кийинки аптада Алмазбек Атамбаев президенттик кызматын шайлоодон утуп келген Сооронбай Жээнбековго тапшырып берет.

Сүрөт көргөзмөдө алты жыл ичиндеги президенттин расмий жолугушууларынан тартып, жай турмуштагы учурлары коюлган 100 сүрөт бар.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп 2011-жылы шайлангaн.

«Кайда жүрсөм, кайда болсом мени менен

Жүрөгүмдө, көңүлүмдө Ата Мекен!

Сүйүнсө, кайгырса да менин жаным,

Сени менен Ата Журтум -Кыргызстаным!»

(Aлмазбек Атамбаевдин "Кыргызстаным" деген ырынан алынды)

Жаңы шайланып келген президент Сооронбай Жээнбеков менен президент Алмазбек Атамбаев узак жылдар саясатта үзөңгүлөш жүргөн. Экөөнүн ортосундагы достук мамиле тууралуу коомчулук жакшы билет. Оппозицияда жүргөн учурунда Атамбаевди сатпаган, ишеничинен чыкпаган санаалаштарынын бири Жээнбеков болгон деген кеп-сөздөр бар. Ошондуктан өткөн шайлоодо ага ишеним көрсөтүлүп, бийликтеги КСДП Жээнбековдун талапкерлигин алып чыкты.

Өткөн жылы 1916-жылдагы Үркүндүн жүз жылдыгы Кыргызстанда расмий белгиленген. Серепчилер муну менен Кыргызстандын президенти саясий эркин көрсөткөнүн белгилешкен эле. Атамбаевдин чакыруусу менен КМШ өлкөлөрүнүн саммитине келген Орусия президенти Владимир Путин, Армения президенти Серж Саргсян жана Молдова өкмөт башчысы Павел Филип "Ата-Бейиттеги" 1916-жылы курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке гүл коюшкан. Бул чоң окуя катары кабыл алынган.

2016-жылы Өзбекстандын мамлекет башына Шавкат Мирзиёев келгенден кийин Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы көп жылдар салкындап келген мамиле жакшыра баштады. Президент Атамбаев менен Шавкат Мирзиёев бир нече ирет жылуу маанайдагы жолугушууларды өткөрүп, эки өлкөнүн салкын мамилесине себеп болгон көйгөйлөрдү ачык сүйлөшө алды. Айталы, чек ара тактоо маселесинде чоң жылыштар болду. Жабык турган чек ара өтмөктөрү ачылып, көп тармактуу кызматташуулар боюнча чечимдер кабыл алынды.

«Энелердин мээрим төккөн көздөрүндө,

Бабалардын унтулбас сөздөрүндө

Сүйүнсө, кайгырса да менин жаным,

Сени менен Ата Журтум -Кыргызстаным!»

(Aлмазбек Атамбаевдин "Кыргызстаным" деген ырынан алынды)

Президент болуп турган жылдары Алмазбек Атамбаевдин ырчылык таланты коомчулукка белгилүү болду. "Мне не страшно умирать", "Я не могу без тебя жить", "Судьбе назло", "Кыргызстаным" деген ырлары жарык көрөрү менен интернетте чоң кызыгууларды жаратып, кийин ал чыгармаларды жактырып уккандар саны арткан. Кыргыз, орус тилдеринде обондуу ырлары атайын топтом болуп чыккан.

Атамбаев абдан эмоциялуу кайрылуулары менен дагы коомчулуктун эсинде калды. Айрым учурда өзү дагы мындай эмоцияга алдырган учурларын моюнга алганы бар.

Атамбаев саясый элитаны жаңы муун менен алмаштыруу маселесин такай көтөрүп келген. Ал таптап, мамлекеттик кызматтарга тартылган жаштардын бири Сапар Исаков учурдагы Кыргызстандын премьер-министри. Мындан сырткары Атамбаев таптаган кадрлар бир топ мамлекеттик кызматтарда иштеп жатышат. Бирок учурунда Атамбаев өзү парламентке келишине жол чаап берген жаштардын бири Жанар Акаевди бийлик партиясына каршы пикирлери үчүн катуу сынга алганы да бар.

Алмазбек Атамбаев Борбор Азия чөлкөмүндө бийликти өз ыктыяры менен өткөрүп берген президент катары дагы тарыхта калууда.

Кечээ күнү Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтүп жатканда жаңы шайланып келген президент менен учурдагы президент катар олтурган көрүнүш орун алды. Атамбаев жаңы шайланып келген президент Жээнбековго кайрылып, "алты жылдан кийин дал ушундай бийликти кийинки президентке өткөрүп берүү" каалоосун айтты.(AbA)