You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Элдик парламенттин" мүчөлөрүнүн соту болду
Бишкек шаардык сотунда "Элдик парламент" кыймылынын мүчөлөрүнүн иши каралды. Мурдагы 1-Май райондук сотунун чечими менен беш жылга шарттуу кесилген "Элдик парламент" кыймылынын мүчөлөрү Александр Гусев жана Тойгонбек Калматовду шаардык сот жаза мөөнөтү бүттү деп, сот залынан бошотту.
Бишкек шаардык сотунда "Элдик парламент" кыймылынын мүчөлөрүнүн иши каралды. Мурдагы 1-Май райондук сотунун чечими менен беш жылга шарттуу кесилген "Элдик парламент" кыймылынын мүчөлөрү Александр Гусев жана Тойгонбек Калматовду шаардык сот актады.
Август башында Бишкектин 1-Май райондук соту "Элдик парламенттин" мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевди 14 жылга, Марат Султановду 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим кабыл алган эле. Ал эми Тойгонбек Калматовду беш, Александр Гусевди алты жыл шарттуу эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.
Бул жолку шаардык сотто каралган иште "Элдик парламент" кыймылынын башка мүчөлөрүнүн үстүнөн чыккан райондук соттун чечими өзгөрүүсүз калды.
"Элдик парламент" кыймылынын мүчөлөрү бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп өткөн жылы камакка алынган эле. Сот иши баштан-аяк жабык эшик артында өттү. Айрым активисттер сот ишинде далилдер жетишсиз болгонун айтып чыгышса, муну саясый негизде деп мүнөздөгөндөр дагы бар.
"Элдик парламент" деген кыймыл өткөн жылы жаз айында түзүлгөн эле. Өздөрүн бийликке оппозиция катары тааныштырып, май айында өткөн жыйынында президенттин отставкасын талап кылып чыккан. Көп өтпөй алдыңкы мүчөлөрү бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп камакка алынган (AbA)