Кыргыстандын арызы Дүйнөлүк соода уюмунда каралат

Дүйнөлүк соода уюму

Сүрөттүн булагы, ALAIN GROSCLAUDE/AFP/Getty Images

Бүгүн Кыргызстандын экономика министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун атайын комитетинде кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча доклад менен чыгат.

Министрлик атайын баяндамада казак тараптын өткөрмө бекеттерге чектөө киргизгени жана анын кесепеттери боюнча маалымат берилет, деп Би-Би-Сиге билдирди.

"Буга чейин Дүйнөлүк соода уюмуна Казакстан алдын-ала маалымат бербей туруп Кыргызстан менен чек арасына чектөө киргизип, соода жүгүртүүгө тоскоолдук кылганы тууралуу арыз жазылган. Бүгүн ошону карап жатышат. Жыйын бүткүчөктү башка маалымат бере албайбыз", - деди Би-Би-Сиге Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров.

Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна 2015-жылы кошулган

Сүрөттүн булагы, FABRICE COFFRINI/AFP/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна 2015-жылы кошулган

10-октябардан тарта казак-кыргыз чек арасындагы Талас аймагындагы "Чоң-Капка", Чүй облусундагы «Ак-Жол» жана «Ак-Тилек» өткөрмө бекеттеринде кыйынчылыктар жаралып, унаалардын узун кезеги пайда болгон. Казак тарап буга түшүндүрмө берип, атайын операция өткөрүп жатканын айткан.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 15-октябрдагы шайлоонун алдында билдирүү жасап, анда чек арадагы кырдаалга да токтолгон. Казакстан чек-арадагы абалды шайлоолорго шылтап жаткандыгын айткан өлкө башчысы, шайлоо бүткөндөн кийин коңшу өлкөнүн кадамдарына жараша чечим болорун эскерткен.

Шайлоодон кийин дагы кырдаал өзгөрүүсүз калгандыктан кыргыз өкмөтү Евразия экономикалык биримдиги менен Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылып, арызданган болчу.