Кыргызстан ЕАЭБден тышкары рынок издөөдө

Дүйнөлүк соода уюмунун атайын комитети 10-ноябрда кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды карайт

Сүрөттүн булагы, Tabyldy Kadyrbekov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнөлүк соода уюмунун атайын комитети 10-ноябрда кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды карайт
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргыз-казак чек арасындагы блокададан кийин президент Атамбаев кыргыз продукцияларын ЕАЭБден тышкары башка өлкөлөргө алып чыгуу жолдорун издөөнү өкмөткө тапшырды. Кыргыз бийлиги, ириде, коңшу өлкөлөр: Өзбекстан менен Кытайга үмүтүн артууда.

Ал арада Дүйнөлүк соода уюмунун атайын комитети 10-ноябрда кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды караганы жатат.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыргыз-казак чек арасындагы оор жүк ташуучу автоунааларды өткөргөн "Ак Тилек" бекетинде машинелердин тыгыны азайды.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, казак тарап акыркы үч күндөн бери бул бекет аркылуу автоунааларды өткөрүүнү тездетти.

Ал эми жүргүнчүлөрдү, автобус, маршруттук жана жеңил машинaлaрды өткөргөн "Ак Жол" бекетинде ушу тапта киши жана транспорт тыгыны дээрлик жок калды.

Ошентсе да чек арадагы соңку окуялардан улам, кыргыз бийлиги ЕАЭБге ишенип болбой калганын айтып, айыл-чарба жана өнөр жай продукцияларын башка өлкөлөргө алып чыгуу жолдорун карай баштады.

«Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык»

27-октябрда чет өлкөлүк жаңы элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алганда сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев:

«Өкмөткө айыл-чарба продукцияларын сатуу боюнча алтернативдик жолдорду табуу маселесин тапшырам. Бул жерде аябай деле издештин кажети жок. 32 миллиондук Өзбекстан, 1,5 миллиарддык Кытай рыногу бар. Өнөр жай товарлары боюнча ишкерлерге ,өкмөткө кеңеш кылат элем: мындан кийин Россияга товарларды пломбалап темир жол вагондоруна жүктөп ташуу керек»,- деген эле президент.

Атамбаев: ЕАЭБге ишенип болбой калды

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Атамбаев: ЕАЭБге ишенип болбой калды

Атамбаев ошондой эле ЖЭБ (ТЭЦ) жана башка агрегаттарды Кыргызстанда өндүрүлгөн көмүргө өткөрүү керектигин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашырууну тездетүү зарылдыгын, бул үчүн биргелешкен ишкана ачып, жеңилдетилген насыя табуу керек экенин белгилеген.

Өзбекстан Кыргызстандын картошка жана сырына кызыкдар

Кыргыз-казак чек арасында өкүм сүрүп жаткан кризис КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын Ташкенттеги 4-ноябрда өткөн жыйынында да көтөрүлдү. Ал жерде да эки өлкө премьер-министрлеринин кайым айтышы орун алып, маселе чечилген эмес.

Бирок Өзбекстанга болгон иш-сапарынын жыйынтыгы боюнча делип, кыргыз өкмөтү расмий Ташкент Кыргызстандан картошка, сүт азыктарын, курулуш материалдарын жана көмүрдү сатып алууга кызыкдар болуп, бир катар келишимдерге кол коюлганын билдирди.

Инвестиция жана экспортту алдыга жылдыруу боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкери Нурлан Арипов Би-Би-Сиге алтернативдүү тышкы рынок катары Кытай менен Өзбекстан эле эмес, башка рынок мүмкүнчүлүктөрү да каралып жатканын ачыктады.

« Бул - алыскы Япония жана Европа мамлекеттери. Бизде потенциалдуу продукциялар бар. Аларды биз бул мамлекеттерге сата алабыз. Ошондой эле учурда Балкан өлкөлөрү жана Түркиядагы мүмкүнчүлүктөрдү да карап, алардын талаптары боюнча аналитикалык изилдөөлөрду жүргүзүп, эми тактикалык иштерди баштап, ошол жактагы көргөзмөлөргө катышып, бизнестерге көмөк көрсөтүп жатабыз» -деди Экспорттуу илгерилетүү боюнча Экономика министрлигинин өкүлү Нурлан Арипов.

ВСП+ мүмкүнчүлүгү, Индия рыногуна чыгуу аракети

Бизнес Ассоциация ЖИАнын аткаруучу директору Фархад Пакыров кыргыз өкмөтү альтернативдүу базар издөөнү буга чейин эле башташы керек эле деген ойдо. Себеби чек- арадагы соңку окуя буга сабак болду.

Анын айтымында, ал жетектеген бизнес ассоциация 2015-жылдан тарта Бишкек инвестициялык форуму аркылуу Кыргызстан продукцияларын экспортко чыгарууну алдыга сүрөп Монголия, Кытай, Бириккен Араб Эмираттарынан ишкерлер менен кызматташтык көпүрөлөрүн түзүп келет.

Жыйынтыгы, бүгүнкү күнү монгол ишкерлери Кыргызстандан бал, күрүч, кондитердик азыктар, суу товарларын ташып кетип өз рынокторуна сатыкка кое башташты. Эми кыргызстандык ишкерлер үчүн ЖИА Индия рыногуна жол ачууда.

«Индия Кыргызстан үчүн жаңы рынок катары кызыктуу. Индия бизге Москва же Стамбулдан жакындык кылат. Эки жарым саатта учуп барасың, билеттери да арзан, авиажүк алып барууда деле Россия менен Туркияга караганда эки эсе арзан. Бүгүнкү күнү Индиянын 1,5 миллиард калкы бар. Бул аябай чоң рынок, ага чыкканга аракет кылышыбыз керек» - деди Фархад Пакыров.

Пакыров: Кыргызстан - Борбор Азиядагы ВСП+ программасына кошулган жалгыз өлкө

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пакыров: Кыргызстан - Борбор Азиядагы ВСП+ программасына кошулган жалгыз өлкө

Ошондой эле ал 2016-жылы Кыргызстан ВСП+ статусун алып, Европа биримдигинин өлкөлөрүнө бажы төлөмү жок товардын 6200 түрүн алып чыгууга мүмкүнчүлүк алганын эскертип өттү.

«Кыргызстан Борбор Азиядагы ичинен Европа өлкөлөрүнө экспорт кылуу боюнча ВСП+ программасына жалгыз мүчө болуп кирип, бажы төлөмдөрү, салыктын айрым төлөмдөрүнөн бошотулган жана биздин ал жакта атаандаштык артыкчылыгыбыз бар. Ошол жакты да карап иш алып барышыбыз керек» - деп кошумчалады Пакыров.

ДСУ арачылыгына үмүт

Ал арада кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды Дүйнөлүк соода уюмунун атайын комитети 10-ноябрда карайт. Анда кыргыз өкмөтү чек арадагы жагдай боюнча атайын баяндама менен чыгат.

Кыргыз тарап чек арадагы абал татаалдашкандан кийин Евразия экономикалык биримдиги менен Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылып, арызданган эле.