You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргыз тилин өнүктүрүүгө бөлүнгөн акчанын дайыны кайда?
Кыргызстанда жыл сайын 23-сентябрда Кыргыз тил күнү белгиленет. Буга чейин парламентте мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн 500 миллион сомдун 140 миллиону гана өздөштүрүлгөнү тууралуу сын айтылган. Эмне үчүн бөлүнгөн каражаттын жарымы да жумшалган эмес, тилди өнүктүрүү боюнча өкмөттүк стратегия жокпу же иштебей жатабы?
Дайынсыз миллион
Кыргызстанда мамлекеттик тил күнү жылдагыдай шаан-шөкөт менен белгиленип жатат. Буга чейин акча жок кыргыз тили өнүкпөй келатат деп айтылса, бул ирет акча бөлүнүп, бирок ал жетиштүү деңгээлде өздөштүрүлбөй жатат деген сын менен коштолду.
ЖК депутаты Рыскелди Момбеков парламентте сөз сүйлөп, кыргыз тилин өнүктүрүүгө өлкө казынасынан бөлүнгөн 500 млн. сом акчанын өздөштүрүлгөн 142 млн. сомунун пайдасы көрүнбөй жатат деп билдирди:
“Каржы министринин орун басары 142 миллион сом өздөштүрүлдү деп кашкайта айтты. Бул акча мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө эмес, көбү өлтүрүүгө кетип калган. Ошол акчалардын баарына кайсы китептер чыгарылып жатат? Чет өлкөнүн китептери жалаң. Алар биздин тилди өнүктүрүүгө кандай салым кошо алат?”.
Анткен менен Тил комиссиясынын жетекчилиги мындай сындарды туура эмес деп баалап, бөлүнгөн акчалар рационалдуу иштетилип келатканын бир катар фактылар менен көрсөтүүдө.
“Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга жыл сайын 1 млн 600 сом акча серияларга жараша бөлүнүп турат. Адабият сериясы, дүйнө сериясы, дүбүрт сериясы жаатында китептерди чыгарабыз. Билим берүү мекемелерине, китепканаларга акысыз таратылат. Учурда эң керектүү делип жаткан онлайн сөздүктөрдү же электрондук китептерди чыгаруу, жалпылап айтканда интернет чөйрөсүндө тилди өнүктүрүүгө көңүл буруп жатабыз”, - деди Тил комиссиясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аида Ишеналиева.
Ишеналиеванын айтымында, өлкө бюджетинен каралган 400 млн. сомдон ашык акчанын үлүшү 5 мамлекеттик органга тийет. Алардын катарында Улуттуктук Илимдер академиясы, Кадр кызматы, Тил комиссиясы, Маданият жана Билим берүү министрликтери бар. Булардын ар бирине аз-аздан бөлүнүп отурган акчага учурда бир топ китептер жарык көрүп, тилди өнүктүрүүгө чоң салым кошулуп жатат.
“Бизге берилген акчаларды өтө сарамжалдуу пайдаланып жатабыз. Байыркы Манас баштаган классикалык кенже эпосторду, эл адабиятын окурмандардын китеп текчесине чыгарып жатабыз. 2015-16-17-жылдары Манастын 16дан ашуун варианты жарык көрдү, эл адабиятынын 30 тому, залкар акындардын 15 тому, айтыштын 7 тому, кыргыз адабиятынын тарыхынын 10 томдугу жарык көрдү. Андан сырткары эл аралык сөздүктөр, илимий багыттагы китептер чыкты”,-дейт академик Абдылдажан Акматалиев.
Жаңы жарык көргөн китептердин пайдасы тийип жатабы?
2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы президент тарабынан кабыл алынган. Ага бюджеттен баш-аягы 500 миллион сомго жакын акча каралып, жыл сайын тийиштүү деңгээлде бөлүп берүү сунушу айтылган.
Мына ошол мамлекет казынасынан каралган миңдеген каражаттардын кайтарымы, расмийлер сөз кылып жаткан жаңы китептердин чыгышына жөнөкөй мугалимдер кандай баа берет?
Роза Баймурзаева, Чүй-Токмок билим берүү адиси: Менин оюмча, акчалар туура эмес колдонулуп жатса керек. 1989-жылы мыйзам чыккандан бери иштеп келе жатам, андан бери чон өзгөрүүлөр болду деп айта албайм.
Жумагүл Рыскулов, мугалим: Азыр мугалимдерге жакшы методикалык китептер чыга баштады. Абдан жеткиликтүү, түшүнүктүү китептер.
Кайыргүл Акынбекова, билим берүүнүн отличниги: Керектүү китептерге коом дайыма муктаж. Текчеде калган эмес, окуучуларга жеткен, жөнөкөй окуу китептери керек.
Ал эми “Биздин мурас” коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбековдун айтымында, өлкө бюджетинен бөлүнгөн акчаны иштетүү чынында мыкты деңгээлде болбосо дагы, жарык көрүп жаткан жаңы китептерге илимий чөйрө муктаж экенин танууга болбойт:
“Акчаны майнаптуу пайдалануу биз күткөндөй болгон жок. Бирок айта кетүү керек, кыргыз тилиндеги жаңы илимий китептер, сөздүктөр абдан керек. Алар кесиптик чеберчиликти өстүрүүдө чоң роль ойнойт. Учурда ушундай китептер да чыгып жатат. Муну колдош керек. ЖКнын айрым депутаттары кээде популисттик маанайда сөз сүйлөп, чыгып жаткан китептерге буйрук да берген учурлары болуп жатат. Демек айрым учурда биз сын айткан китептердин чыгышына депутаттардын да салымы бар”.
Ошентип бюджеттен каралган акча кандай багытта, эмнелер үчүн короп жатканынын расмийлердин тили менен кыскача айта турган болсок, жаңы китептер, жаңы технологиялар жана тилди өнүктүрүү үчүн уюшулган маданий иш-чараларга пайдаланылууда. Ал эми мунун жардамы менен тил өнүгүп жатабы деген суроого жооп табуу кыйынга турчудай.