You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстанда дагы жер силкинди
Кыргызстанда жергиликтүү убакыт боюнча 11: 25те кайрадан жер титирөө катталды. Ѳлкөнүн Сейсмология институтут тараткан маалыматка караганда жер титирөөнүн очогунда 4,5 балл болгон.
'Жер титирөөнүн очогу Тажикстан аймагында катталып, очогу Кыргызстандын Чоң-Алай районундагы Алга айылынан 5 чакырым түштүк тапта, Кара-Тейит айылынан 10 чакырым түштүк-батыш тарапта, Баткен шаарынан 110 чакырым түштүк- чыгышта болду',-деп кабарлайт Ѳзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Алга айылында 4,5 балл, Кара-Тейит , Карамык айылдарында 4 балл сезилген. 'Кыйроолор жана адам курмандыгы болгон жок',-деп билдирди аталган мекеме. Мындан эки күн мурун бул аймактарда катталган жер титирөөдөн бир топ турак үйлөр жабыркаган эле. Жалпы 70ге чукул турак-жай жабыр тартканы айтылган.
Учурда аймактагы райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жер титирөөдөн улам келтирилген чыгымдарды эсептеп жатат. Анда дагы жер титирөөнүн очогу Тажикстанда катталганы кабарланган. Кыргыз-тажик чек арасындагы Чоң-Алай аймагында да катуу байкалаган.Жер титирөө очогунда 7 баллга чейин болду деп айтылууда. Андан кийин кечинде жана түн ичинде майда силкинүүлөр орун алды. Бир суткада алты жолу жер титирөө катталган.