Кыргызстанда укугу эң көп бузулган катмарлар

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча Кыргызстан туура жолдо баратат, бирок жасалчу иштер дале көп. Бул акыйкатчынын өлкөдөгү адам укуктарынын корголушуна берген баасы.

Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү – 10-декабрга карата Акыйкатчы институту өлкөдөгү адам укуктары боюнча маселелерди жана аткарылып жаткан иштерди атап көрсөттү.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев бул жаатта Кыргызстан туура иштерди жасап жатканын эл аралык уюмдардын отчетторунан көрсө болот деди. Ал ошондой эле Кыргызстан өткөн жылы Бириккен Улуттар Уюмунун эң жогорку органдарынын бири - адам уктары боюнча кеңешине мүчө болуп киргенин белгиледи. Оторбаев бирок Кыргызстан жасай турган иш көп экенин баса белгиледи.

“Балдардын, айрыкча мүмкүнчүлүгү чектелген, ошондой төрөлгөн балдардын укугун сактоо маселе болуп эсептелет. Жабык мекемелердин реформасы аксоодо, ал жерде камалгандардын укугу, сот системасындагы реформанын жүрбөй жатканы – калыс эмес, туура эмес, мыйзамсыз чечимдердин кабыл алынып жатышы өңдүү далай толгон-токой маселелер бар”, - деди Оторбаев.

Акыйкатчы ошондой эле мигранттардын укуктары эң көп бузулган катмар болуп эсептелээрин кошумчалап, аларды координациялоого атайын министрлик болуш керек деген ойдо.

Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Александр Аванесов Кыргызстанда адам укуктары менен эркиндиктерин коргоого салыштырмалуу шарттар жакшы экенин белгилеп, аны эмнелерден байкаса болооруна токтолду.

“Баарыдан мурда документтерди, мамлекеттин Конституциясын, туруктуу өнүгүү стратегиясы баш болгон стратегияларды караш керек. Аларда мамлекет бул өлкөдө адам укуктары менен эркиндиктери сыйланаарын жарыялап, ал үчүн милдеттенме алып жатат. Өзгөчө Бириккен Улуттар Уюму белгилеген талаптарды аткарууга маани берилип жатат”, - деди Аванесов.

Ал Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышында бейөкмөт уюмдарынын ролу чоң экенин кошумчалады.

Балдардын укуктары демекчи, алар зомбулукка кабылган фактылар маалымат каражаттарына да байма-бай чыгып келатат. Ички иштер министрлигинин бул тууралуу статистикасы акырындан азайып баштаган менен маселе дале курч. Бул тууралуу “Балдардын укугун коргоо лигасынын” директору Назгүл Турдубекова билдирди. Ал Конституция жана башка документтерге ылайык, бала ата-энесинин кароосунан ажыраганда укугу бузуларын түшүндүрдү. Ал эми Кыргызстанда миграцияга байланыштуу ата-энесинен алыс калган балдар көп.

“Биринчи кезекте ата-энесинин кароосунан ажыраган балдардын укуктары бузулат. Андан кийин интернаттарда же жетим балдардын үйүндөгү балдардын укуктары сакталбай жатат. Балдарга зордук-зомбулук азайып баратат деген динамика бар. Бирок мисалы, балдардын өз жанын кыюусу азайган жок. Бул үй-бүлөдөгү, жакындары тарабынан сексуалдык, ар кандай физикалык жана психологиялык зомбулуктан кабар берүүдө”, - дейт Турдубекова.

Балдардын укугун коргоочунун айтымында, өкмөттүк деңгээлде түзүлгөн жумушчу топ балдарды коргоо боюнча он жылдык программа иштеп чыкты. Ал кийинки жылы ишке кирет, негизинен жетим калганда эмне кылуу керек, зомбулукка кабылган балдарга кандай камкордук көрүү суроолору камтылган.

Кыргызстанда ошондой эле үй-бүлөдө аялдарга зомбулук маселеси курч турат дешет эксперттер.

“Сезим” кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова 10-20 жыл мурдагыга салыштырмалуу укугу бузулган аялдарга көмөк көрсөтүү жакшырганын, бирок жакындары тарабынан аларга зомбулук көрсөтүлгөнү азайбай келатканын белгиледи.

“Үй-бүлөдөгү чыр-чатактын айынан бизге кайрылгандар көбөйүп эле баратат. Жетишпей калып жатабыз, орун жетпей жатат. Акыркы эки айдын эле ичинде жубайын өлүмгө алып барган окуя тууралуу кылмыш ишине мен катышып жатам. Ал суицид деп айтылууда, бирок суицидби же ошого жолдошу алып бардыбы, далилдеш керек”, - деди Би-Би-Сиге Рыскулова.

Жогоруда аталган элдин катмарларынан сырткары укук коргоочулар өздөрүнүн укугу да Кыргызстанда басмырланып жатканын белгилешет. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова мыйзамдуу уруксатсыз анын маектери тыңшалып жатканын айтып, акыйкатчыга даттанды.

Эл аралык ири уюмдар болсо сот системасы, жабык жайлар өңдүү көйгөйлүү тармактарды белгилөө менен Кыргызстанда кантсе да укугуңду коргоо аракетин көрүүгө, ал тууралуу ачык айтууга шарт бар экенине көңүл бурушту.