Соода тарифтери: АКШ менен Кытай эмнени макулдашты?

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Синин орус кызматы
АКШ менен Кытай ыктымалдуу соода келишиминин жол-жобосу тууралуу макулдашканын Американын финансы министри Скотт Бессент билдирди. Анын айтымында, бул теманы эки өлкөнүн лидери ушул аптада жеке жолугушууда талкуулашмакчы.
CBS телеканалына берген маегинде Бессент макулдашуу TikTok социалдык түйүнүнүн америкалык сегменти боюнча "биротоло келишимди", ошондой эле Кытайдын сейрек кездешүүчү металлдардын экспортуна чектөө койгон чечимин кийинкиге калтыруу маселесин камтый турганын айтты.
Дональд Трамп ноябрдан тарта Кытайдан импорттолуучу товарларга 100% бажы төлөмүн киргизерин эскерткен. Бирок Бессент бул тариф колдонулбашы ыктымал экенин айтты. Ошондой эле, анын айтымында, Кытай АКШдан олуттуу көлөмдө соя буурчагынын импортун жандандырат.
Трамп менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин бейшемби күнү Түштүк Кореяда жолугушат. Бессент Кытай делегациясы менен Трамп өзү катышып жаткан Малайзиядагы АСЕАН саммитинин алкагында жолугушту.
"Тараптар эки лидер үчүн маанилүү алкактык макулдашууга жетишти", - деген АКШнын финансы министри тарифтерден качып кутулууга болбой турганын кошумчалады.
Кытай коммюникесинде сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар "тынчсызданууларын жөнгө салуучу чаралар боюнча негизги мунасага" жеткени айтылат. "Эки тарап жыйынтыктоочу конкреттүү деталдарды талкуулоону улантууну макулдашты", - деп айтылат билдирүүдө.
Дональд Трамп ушул жылдын январь айында Ак үйгө кайтып келгенден бери башка өлкөлөрдөн импорттолуучу товарларга бажы төлөмдөрүн көтөрөм деп коркутуп, кээ бир учурларда чындап эле тарифтерди көтөргөн. Улуу Британия сыяктуу көптөгөн өлкөлөр АКШ менен соода жүргүзүүнүн жаңы шарттарын макулдашып алышты. Макулдашылган тарифтер Трамп башында коркуткандан төмөн болгону менен, буга чейинкисине караганда жогору болуп чыкты.
Трамп Кытайды эң жогорку тарифтер менен коркутту. Бирок соода келишими боюнча сүйлөшүүлөр уланып жаткан чакта бул көп жолу кийинкиге калтырылып келди.
Ушул айда Трамп Кытайдан сейрек кездешүүчү металлдардын экспортуна чектөөлөрдүн катаалдашканына жооп иретинде ноябрдан тарта кытай товарларына тарифтерди 100 пайыздык пунктка көтөрөм деп коркуткан. Бул материалдар көптөгөн жогорку технологиялык товарларда кеңири колдонулат, ал эми Кытай алардын дүйнөлүк өндүрүшүнүн басымдуу бөлүгүн – 90 пайызга чейинин көзөмөлдөйт.
Жекшемби күнү дагы бир маегинде Бессент Кытай жаңы чектөөлөрдү бир жылга токтотуп, ошондой эле АКШдан соя буурчагынын импортун калыбына келтирерин айтты. Бул Американын Кытайга экспортунун орчундуу бөлүгүн түзөт. Трамп тарифтердин согушун баштаганда, Бээжин америкалык дыйкандардан буурчак сатып алууну токтоткон. (ZMa)
















