"Аялы коңшу үйгө качып кирген": Ак-Ордодогу каргаша тууралуу кошуналары эмне дейт?

Ак Ордо

Өткөн аптада Ак-Ордо жаңы конушунда бир үй-бүлөнүн эки мүчөсүн бирдей өлтүргөн адам дале изделүүдө. Милиция шектүү делген кишинин видеосун жарыялап, аны көрүп билгендер болсо кабарлап коюуну өтүнүүдө. Купуялуулук толук сакталаары жана тергөө иштерине жардам көрсөткөндөргө сый акы каралгандыгы айтылды. Би-Би-Си кабарчылары маркумдун коңшулары менен маектешип, жеринен барып маалымат алганга аракет кылды.

ИИМдин расмий маалыматына ылайык, каргаша 3-октябрь түнү "Ак-Ордо 3" жаңы конушундагы Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде болгон.

Учурда кылмышка байланыштуу ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

"Байкоо камераларынан алынган видео тасмаларда кылмышка шектүү адамдын жүзү тартылып калган. Окуя болгон жерден баш кийим табылды",- деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.

Шектүү

Сүрөттүн булагы, Official

Баш кийим

Сүрөттүн булагы, Official

Мындан тышкары, министрлик каза болгондордун жакындары окуянын чоо-жайын ачыкка чыгарбай турууну өтүнгөндүктөн кошумча маалымат берүүдөн карманып жатканын билдирди.

Тергөө иштери аяктап, шектүү кармалгандан кийин толук маалымат бериле турганын кошумчалады.

Бул боюнча Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып, ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Маликов мындай деди:

"Азырынча кеңири комментарий бере албайбыз, бирок эки жаран киши колдуу болгону аныкталды. Кылмышка шектүү аял жана эркек кишини өлтүргөн. Каза болгон аял үй ээсинин эжеси экени белгилүү болду. Азырынча өлүмдүн келип чыгуу себептери боюнча эки-үч версия каралууда, бирок так жыйынтык айта албайбыз. Каза болгон жигит унаа алып-сатып иштечү экен", – деди ал.

Коңшулары эмне дейт?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Өзүн маркумдун жакын кошунасымын деп тааныштырган Насирдин Султаналиев аттуу киши окуя тууралуу буларды айтып берди.

"Ошол күнү таңкы саат 5:00дө тургам. Жамгыр аябай жаап жаткан эле. Формачан адамдар өйдө-төмөн өтүп жатышкан. Аңгыча кошунамдын үйүнүн жанында милиция топтошуп турганын көрүп калдым. Басып барып чоо-жайын сурасам эле коңшум киши колдуу болгонун айтып калышты",- деди ал.

Насирдин Султаналиевдин айтымында, кырсык болгон учурда маркумдун аялы үч баласы менен үйүнөн качып чыккан. Алардын качып бараткан учуру Султаналиевдин короосуна орнотулган видео камерага түшүп калган.

"Милиция кызматкерлери болуп камераны чогуу көрдүк. Түнкү саат 3:20да аял балдары менен биздин эшиктин алдынан чуркап өтүптүр. Менден кийинки коңшумдун үйүнө качып кирген экен. Коркуп калгандыктан эч нерсе деле айта албаптыр. Кошуналар дароо 102 кызматына чалып, милиция чакырыптыр",- деди Султаналиев.

Каза болгон киши унаа ташып оокат кылып келгенин кошунасы дагы ырастады. Буга чейин бул үй-бүлөнүн айланасында эч кандай шек жараткан учурларды байкабаганын айтты.

"Эшигинин алдына оор жүк ташуучу унаалар көп токтоп калчу. Туугандарыныкы го деп койчумун. Анан унаа алып саткан неме бат эле машинесин алмаштырып турчу. Мага деле байке фирмам бар, машине керек болсо айтыңыз деп калчу. Тынч жашаган эле үй-бүлө болчу. Аялы деле көп тышка чыгып, аралаша берчү эмес. Бир ай мурун баарлашып калып, камераң болсо жакшы болмок десем сиздики жетет деп күлүп койгон",- деп кошумчалады ал.

Маркумдун дагы бир коңшусу Кадырбек Кумарбаев аны менен беш-алты жолу бет келишип сүйлөшкөнүн, коңшулар менен мамилеси дурус болгонун айтты.

"Укканда нес болуп, коркуп калдык. Кылмышкерди тез арада табуу керек",- деди ал.