Жапониядагы 7,5 баллдык жер титирөө: ондогон адам жаракат алды

    • Author, Patrick Jackson

Дүйшөмбү күнү кечинде Жапониянын түндүк-чыгышында 7,5 баллдык жер титирөө катталып, кеминде 30 адам жаракат алды жана миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду.

Жапон Метеорология агенттигинин маалыматы боюнча, жер титирөө саат 23:15те (Гринвич боюнча 14:15) 50 чакырым тереңдикте, Аомори аймагынан 80 чакырым алыс аралыкта катталган. Бул окуядан кийин адагенде 3 метрге жеткен цунами болушу ыктымал деген эскертүүлөр берилген. Толкундун бийиктиги 70 сантиметрге жетти.

Жер титирөөдөн улам кээ бир темир жол каттамдары убактылуу токтотулуп, миңдеген үйлөр электр жарыгысыз калды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, бийлик жакынкы күндөрү дагы күчтүү жер титирөөлөр болушу мүмкүн деген эскертүү берип, коомчулуктан кеминде бир жума бою өзгөчө этият болууну суранды.

Жапониянын премьер-министри Санаэ Такаити жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга кайрылып: "Күнүмдүк даярдыгыңызды текшериңиз. Жер титирөө сезилсе, дароо эвакуацияланууга даяр болуңуз", –деди.

Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, болжол менен 90 000 тургун эвакуацияланууга буйрук алды.

Аомори префектурасынын өкмөтү билдиргендей, болжол менен 2700 үйдө электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Жапониянын чыгышында айрым темир жол каттамдарды убактылуу токтотулду.

Tohoku Electric Power компаниясынын маалыматы боюнча, жер титирөөдөн кийин Хигасидори Онагава атомдук электр станцияларында эч кандай техникалык бузулуулар катталган жок.

Жапон бийлиги Эл аралык атомдук энергия агенттигине билдиргендей, иштебей турган Фукусима АЭСинде жер титирөөнүн кесепеттери байкалган эмес.

Эскерте кетсек, Фукусима 2011-жылдын 11-мартында Жапониянын чыгыш жээгинде болгон 9,0 баллдык жер титирөөдө жабыркаган. Зилзалаадан кийин цунами Хонсю аралын каптаган. Натыйжада 18 000ден ашуун адамдын өмүрү кыйылып, бир катар шаарлар толугу менен талкаланган.

Жапония дүйнөдөгү сейсмикалык активдүү өлкөлөрдүн бири болуп саналат.

Өлкөдө жыл сайын болжол менен 1500 жер титирөө катталат.

Жыл башында Жапониянын жер титирөөлөрдү иликтөө комиссиясы алдыдагы 30 жыл ичинде Нанкай кобулунда катуу зилзалаа болуу ыктымалдыгы 60–90% экенин билдирген. Эң начар сценарий боюнча, мындай окуя триллиондогон долларлык зыян келтирип, жүз миңдеген адамдардын өмүрүн алышы мүмкүн.

Нанкай кобулу — Тынч океандын жээгин бойлой созулган сейсмикалык активдүү аймак. Буга чейин миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч алып келген жер титирөөлөрдүн себепчиси болуп келген.