Германияга жеткен кыргыз кулпунайы европалыктарга эмнеси менен жакты?
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Тышкы миграциянын агымы басылбай, жер-жемиш, жашылча өстүрүп беребиз деп иш издегендердин алды Англияга жетти. Кызыгы саналуу саатта эле кеминде 20 миң киши ушинтип иш табабыз деп кезекке туруп жаткан чакта Кыргызстандын дыйкандары Бишкек четинде эле кулпунай өстүрүп, анысын кургатып алып, Германияга чейин ташый баштады.
Соңку жылдары кыргыз багбандары акырындап банан, лимон баштаган цитрус жемиштерин өстүрүп сата баштаганы бир жаңылык болду эле, эми эзилип кетет, алыс ташылбайт деген кулпунайдын да эбин таап миңдеген чакырымга сата башташканы көптөрдү кызыктырууда. Мээнеткечтер эми Германия менен эле чектелбей, ары жагы Америка, бери жагы Азиянын чыгышынан кардар тартабыз деп турат.
Муштумдай кулпунай жайнап кетти, өзүбүздүкү даамдуу эле деп жаткан чакта Германияга кулпунайдын так ошол жергиликтүү, майда сорту сатылды. Багбандар аны кыргыз сорту деп атап алышкан. Сапаты, даамы жагынан кардарга дароо жагып, барганда эле түгөнүп калганы бүйүрдү кызытты.


“Биринчи Германияга фура менен түз жетет. Андан ары Европа боюнча биздин продукция таркатылат. Алган кардарлар ыраазы болуп жатыптыр, сапаты, даамы жакшы экен дейт. Майда, биздин өзүбүздүн кулпунай сортубуздун даамы жакшы. Чоң чай чыгарган, йогурт чыгарган компанияларга кошулма катары сатышат да. Кардарларга жаккан үчүн көп көлөмдө кетип турат да. Анын орточо баасы килограммына 16 доллардан 50 долларга чейин болушу мүмкүн”, - дейт "Мөмө" ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтогазиев.
Токтогазиев жакынкы жылдары көлөмдү да, сатыкты да кескин көбөйтөбүз деп миллиарддык кирешени көздөп жаткан учуру.
Европагага таттуу тартуулаган кыргыз кулпунайы

Европага жеткен кулупунай кантип, кайда өстүрүлөт болду экен деп издеп Бишкектин эле жакасындагы мөмө-жемиш талаасына келдик. Учу-кыйыры көрүнбөгөн бул талаада кулпунай, малина, карагаттын түрү менен өсөт экен. Анын артында кандай гана мээнет, кандай гана эмгек жатканы айтпаса дагы белгилүү.
Биз дыйкандардын кетмен чоту тынбай, иш кайнап жаткан учуруга туш келдик. Тегерегинде жумушчулардын убактылуу жашоосу үчүн чатырлар тигилген. Неберелерин жетелеп бир топ киши жүрөт.
Талаа ээси жумушка жарамдуу жаштардын көбү сыртка кетип жаткандыктан, дыйканчылыкка орто муундагы адамдар неберелерин жетелеп алып иштеп жатышкандарын айтты. Көбү шаар сыртында жашагандыктан, жолдун алыстыгынан таңкы беште үйүнөн чыгышат дагы сегизге чукул талаага келип калышат. Эртеден-кечке тынымсыз иштеп кечинде эмгек акыларын алып, үйлөрүнө кайтышат экен. Маңдай таман акы, маңдай тер менен тапкан кирешенин аркасынан акырындан буттан туруп, үй-жай, автоунаа алып жатышкандарын кеп салышты.

Эми ондогон кишиге жумуш берип, күнүнө бешке чукул фура менен мөмө-жемиш экспорттоп жаткан ишкер айым тууралуу сөз кылсак.

21 жылдан бери өмүрүн дыйканчылыкка арнап келе жаткан Зухра Исмаилова үй-бүлөсү менен Кыргызстандагы эң ири мөмө экспортчу катары таанымал. Алардын үй-бүлөлүк “Ысмайыл” дыйкан чарбасы бир күндө эле түптөлүп калган эмес.
“Кулпунайдан киреше табууну эч ким ойлоно электе 21 жыл мурун баштап, биринчи жолу талаага айдаганбыз. Ал кезде эл огородко эле өстүрчү. Ким талаага айдайт деп биз таң калып, балдарым менен каршы чыксак жолдошум болбой талаага келип, айдап салган. 30 сотыхтан баштаганбыз. Биринчи биздин базарларга сатып, анан көбөйгөндөн кийин, акырындан Алматыга чыга баштаганбыз”, - деп эскерди Зухра Исмаилова.
Зухра айым айтып жаткан учур 2008-жылдарга туш келет. Мөмөнү талаадан балдары терип берет дагы, аны жүктөп алып узак жолго чыгышчу.
Экспорт азабы
Продукцияны бөтөн жерге таанытып, рынокко киргизүү оңой иш эмес. Алгач базардагы сатуучуларды көндүрүү керек. Зухра айым жолдошунан кем калбай, узак жолдо жүк ташуучу унааны айдап, кабагым кашым дебей иштеген күндөрү болгон. Ушундай тынымсыз эмгек, тоодой түйшүк менен, айлап үй бетин көрбөй Казакстан, Орусиянын базарына кулпунайдын кыргыз сортун таанытышкан. Ошондо башталган отуз сотых азыр эки жүз гектарга, бир жарым тоннадан башталган экспорт азыр жылына төрт миң тоннага жетип отурат.
Алып барган товар дайыма эле өтө бербейт. Аба ырайы жаанчыл болсо, мөмө дарегине жеткиче көгөрүп кетет. Атаандаштык күч болуп кетсе мөмөнү баасынан төмөн сатууга туура келет. Антпесе соода болбой, мөмө-жемиш жөн гана жараксыз болуп калат.

“Банкрот тобокели такай коштоп эле жүрөт. Бул биринчиден тез бузулуучу зат. Жыгыласың, кайра турасың. Күйүп, жаман болосуң. Бирок, таштаганда бул ишке көнүп алдың. Канча эмгегиң кетти? канча аракет кетти? Жыгылсан деле кайра туруп иштей бересиң. Азыр деле банкрот болобуз. Ушул эле жаанчыл күндөрү төрт-беш фура мөмө көгөрүп кетти. Кудай берерин унутпасын деп эле, кайра эле жүктөп, кайра эле кете беребиз. Жалгыз эле биз эмес, мөмө-жемиш экспорт кылгандын баары эле ошондой”,- дейт ишкер айым.
Машина бузулуп жолдо калган же кырсык болуп тоголонуп кеткен учурлар да болот. Андайда мөмөнүн эмес, айдоочунун амандыгын тилеп каласың.

Экспортчулар товарды дайындаган менен аны кооздоп салчу, товардын көркүн ача турчу кутуга муктаж. Табышкер бүлө үчүн кутунун баркы мөмөдөй эле баалуу болуп калган. Өкмөттү карап, качан завод ачат экен деп күтпөй, өздөрү чыгарууну чечишет.
Куту маселеси соодага канчалык таасир этмек эле деп ойлошубуз мүмкүн. Так ушул жөнөкөй көрүнгөн куту маселесин чечкен соң сооданын көлөмү, баасы дагы көтөрүлгөнүн Зухра айым иш жүзүндө көргөн.
Эстен кеткис эски сорт

Кардарлардын купулуна толгон буркураган жыты бар, жесең даамы тамшанткан майда кулпунай ишкер айымдын өзүнө да абдан жагат экен. Кибирейт экен деп, анча маани бербешибиз мүмкүн. Бирок, коңшу өлкөлөрдү багынтып, эми Европага жеткен дал ушул майда сорт.
“Клубникадан кантип бренд алдык? Бул түрк, египет сорту мурун эле бар болчу. Алар биздикин майда, өндүрүшү аз деген. Бирок, ушул майда сорт менен брендге айландык. Ушу сортту алып барып, көндүрүп койдук. Азыр деле жарымын жаңы, жарымын эски алып барсак, "бул силердики эмес, Түркияныкы" деп кезегин билет, майдасын көргөндө "мына даана кыргыздын сорту" дешип орусиядагылар да сүйүнүшөт. Биздин майда сорт барганда берки Түркиянын сатылып жаткан кулпунайларынын соодасы тык эле токточу. . Складда канча болсо, ошончосу токтоп, биздин жыттуу, даамдуу, майда кулпунай өтчү”, - деп сыймыктанды Зухра айым.

Азыр базарда, дүкөндө, көчөдө дагы көлөмдүү кулпунайды көрөбүз. Анын жанында кыргыз сорту бааланбай жаткандай. Дыйкандар дагы талапка ылайык түрк, египет сортторун көп көлөмдө өстүрүүгө аргасыз болуп жаткандарын билдиришти. Бирок, билинбей кыйырга жеткен кыргыз сортун сактап, таркатуу аракети токтоборун айтышууда. Чет элдики эмес, өзүбүздүн сорт менен рынокту алуу пландары бар. Себеби, буга чейин Америкадагы ишкерлер Кыргызстанда өскөн чычырканак, тоо карагатын эчак баалап алышкан.
Дыйкан чарба экспорт менен эле алектенбей, кулпунайдын майда сортун тоңдуруу менен дагы алек. Бул үчүн атайын завод салышкан. Азыр тоңдурулган мөмө кышкысын сатыла баштайт.

Англиянын талаасындай кулпунайды туруп алып терүү технологиясын Кыргызстанга дагы орнотсо болорун, бирок ал үчүн чоң суммадагы каражат талап кылынарын айтышууда.
Дыйкандар Кыргызстандын мөмө-жемиштери үчүн Европага жол ачылды, эми муну токтотпой өркүндөтүү керек деп турушат. Алар үчүн чек аралар жабылбай турса эле, өндүрүш жагы токтобой кете берерин айтышууда.
Кыргызстан 2022-жылы 800 млн сомго чукул каражатка 14 миң тоннадан ашык мөмө-жемиш экспорттогон. 2023-жылы бул сумма 825 миң долларды түзгөн. “Мөмө” бирикмеси 2030-жылга карата мөмө-жемиштин экспортунун көлөмүн бир млрд долларга чыгаруу планын коюп жатат.












