Кыргыз бананын жедиңиз беле?

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Ошто банан өстүргөн багбан айым базардагы банандын даамы ал өстүргөн банандыкына караандабайт деп жатат...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ошто банан өстүргөн багбан айым базардагы банандын даамы ал өстүргөн банандыкына караандабайт деп жатат...

Кыргыз дасторконуна жеткенче цитрус жемиштери миңдеген чакырым жолду өтөт. Тамшанткан бул жемиштер мындан бир канча жыл мурун кенен ташыла баштаганда кожейкелер үчүн чоң жаңылык болгон эле. Кыргыз багбандарынын банандан баштап, мандаринге чейин өстүрүү аракети бизди да абдан кызыктырды...

Кыргызстанда азыр тиши жаңы эле чыккан балага деле банан жаңылык эмес. Бирок бул көрүнүш мурда такыр башка эле. 30 жаштан ашкан кыргызстандыктардын бир тобу бананды биринчи жолу эс тартканда гана көрүп, даамдап “былжырак неме турбайбы” дегенин азыр да жылмайып эстесе керек. Миңдеген чакырымдан, аптаптуу өлкөлөрдөн ташылган банан эми Кыргызстанда да өсүп, жемишин бере баштады.

Алгачкы жолу бананды канча жашыңызда ооз тийгениңиз эсиңиздеби?
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алгачкы жолу бананды канча жашыңызда ооз тийгениңиз эсиңиздеби?

Мындан бир канча жыл мурун бул кандай өсөт болду экен деген таң калуу, кызыгуудан улам Жаңылбүбү айым банан тигип, байкоого алыптыр. Жаңыл айым ошентип багбанчылыкка жаңылык киргизген жайы бар экен. Азыр эми банан өстүрмөк турсун көчөтүн да сатат. 

“Жөн эле өстүрүп жатсам үч жылдан кийин гүлдөп, мөмө ала баштады. Мөмөлөрү бышыш үчүн бир учурда эле 3-4төн кем эмес гүлдөсө чаңдашып, анан бышат экен. Азыр көчөттөрүн көбөйтүп сатып жатам. Ошол жагынан пайда болуп жатат. 20 жыл аралыгында 12-13 см болуп, көп жолу бананыбыз бышты. Кызыл-Кыя, Аравандан алып кеткендер дагы бизде бышты деп мага телефондон сүйүнчүлөштү”,- дейт Отуз Адыр айылынын тургуну Жаңылбүбү Кабылбекова.

Багбан айымдын айтымына караганда, базарда саткан банандын даамы өзү өстүргөн банандын даамына караандабайт. Ал-күч жете турган болсо атайын күнөскана ачмакмын дейт. Бул айымдан жаз сайын ондогон киши көчөт алат экен. Жакынкы жылдары банан дарагына көлөкөлөп калсак таң калбаңыз.

Отуз Адыр айылынын тургуну Жаңылбү Кабылбекова банан өстүрүүнүн тилин тапты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Отуз Адыр айылынын тургуну Жаңылбү Кабылбекова банан өстүрүүнүн тилин тапты

Эми Баткенге келсек. Аптабы Оштукунан ашып түшкөн өрүкзардын аймагында дагы далай цитрус бак-шагы өсүп жатканын уктук. Кокос же ананас болбосо дагы баткендик багбандар тонналап лимон терип, сатып киреше алууда. Иничектин кош уучуна батпаган бул лимон Баткендин жемиши.

Баткенде өстүрүлгөн лимон
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баткенде өстүрүлгөн лимон

 “Мурдагы жылы 5.5 тонна лимон саттым. Анда 450 миңдин сомдун лимонун соодаладым эле. Тажикстандын, Өзбекстандын лимонуна караганда булардыкы сапаты да, даамы да жакшы. Биздин суубуз таза. Аларга окшоп химикат себе бербейбиз. Алар бир айда 2-3 жолу химикат сээп турат экен. Лимондун көчөтун биринчи алганда суук болбошу керек деп айтты эле. Бизде бул жерде ошого карап газ да бар эле. Ар бир кире беришке градусник коюп, ээ мынча градус болсо суук уруп кетет экен дегенбиз. Кийин жүрүп-жүрүп градусниги дагы жоголду. Ошентип печка-сечка эч нерсе жакпайбыз. Мындайча айтканда кыргызчага өтткөрүп алдык. Лимонду көндүрүп салдык десем болот”, - дейт Миң-Чынар айылынын тургуну Назирбек Эргешов.

Өрүкзарлуу Баткендин лимону...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өрүкзарлуу Баткендин лимону...

Нарында жүзүм бышты. Жайылтуу аракети уланып жатабы?

Багбан Нарында бышкан жүзүмдү мейиз кылып кургатып көргөн экен. Биз дал ошол мейизин ооз тийгенбиз...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Багбан Нарында бышкан жүзүмдү мейиз кылып кургатып көргөн экен. Биз дал ошол мейизин ооз тийгенбиз...

Баткендик багбандын лимону тонналап Бишкекке, Казакстанга ташылат. Баткен өзү эле ысык да дешиңиз мүмкүн. Эми суугу сөөктөн өткөн кадимки Нарынга келели. Бир ирет кыштын кыраан чилдесинде Нарынга барып, багбан аксакалдын колунан мейиз жедим эле. Сыртта түкүрүк тоңгон учур болчу. Аксакал эми анар өстүрөм деп таң калтырган... 

“1-2-3-4-5 ушундан кайра жүзүм өнүп чыгат. Мына Нарындын эле шартында. Бул эки эле жыл болгон жүзүм. Тигил жакта 4-5 жыл болгон жүзүмдөр да бар. Кээ бирлер укса, шылдындап күлөбү, өсөр бекен деп башында жашырып жүрдүм. Качан гана 2жыл болгондо анан жүзүм байлап, кадимкидей жеп таттуулугун көргөндөн кийин гана элге көрсөттүм. Жүзүм деген ушул десем ишенбей “койчу” дешип, анан жегенде ишенди. Өзүм да таң калып жүрдүм”,- дейт Нарындагы багбан Калыйкул Ысыралиев.

Нарында кар жаңы кеткенде бул күнөсканада роза даяр болот. Муну Бишкекке дүңүнөн сатып алгандар да бар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нарында кар жаңы кеткенде бул күнөсканада роза даяр болот. Муну Бишкекке дүңүнөн сатып алгандар да бар

Жабыратып мал эле бага берет деген Нарындан Бишкекке кучак-кучак роза ташылаарын билчу белеңиз? Аксакал байбичесин розага бөлөп, далай жаштын арзуусун көркүнө чыгарганын кеп салган... 

“Байке, 3 штук роза бере салыңызчы, сүйлөшкөн кызыма берет элем дейт. Дагы бир киши 35 роза сурап келди. Келинчегим 35 жашка чыгып атат, ошонун урматына 35 роза берейин дегем дейт. Бир жолу абышка келиптир. Мага 50 роза бер, байбичем 50гө чыкты дейт. Ошондо мына гүлдүн керемети, роза дегениң гулдун ханышасы деп айтылбайт турабайбы. Розаны белекке алгандар аябай кубанганын айтып беришти. Мурда бул Нарында гүл белек кылуу дегенди ким билиптир",- дейт Нарындагы багбан Калыйкул Ысыралиев.

Кыргызстандын быйылкы кулпунайы...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын быйылкы кулпунайы...

Эң жакын дегенде Кытай, алыс дегенде океан жээктеринен, Мароккодон бери жемиш ташыган Кыргызстан эми бир топ түрүн өзү эле өстүрүп алгыдай. Сатуучу да “андай болсо далай акча Кыргызстанда калмак” деп кубанды.

Мындай жагымдуу жаңылык климаттын жылууланышынан эмес, элдин эмгекчилдигинен, жаңычылдыгынан, табышкерлигинен боло берсин...