"Аябай чоң үмүт менен баргам". Алыска кетебиз деп акчасын алдаткандар

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстан дүйнөнүн 28 өлкөсү менен кызматташкан 170 иш берүүчү компания менен иштешет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстан дүйнөнүн 28 өлкөсү менен кызматташкан 170 иш берүүчү компания менен иштешет

Кыргызстанда чет өлкөгө жумушка орноштурабыз же визага жардам беребиз деген компаниялардын жарнамасы, үгүтү жайнап турат. Бирок алардын баары эле мыйзам чегинде иштеп жатат деп айтуу кыйын. Жылдап чогулткан каражатын карматып коюп, иштен жок же акчадан жок алданып калгандар дагы арбын.

“Абдан чоң ишенич менен баргам”

Диана кеңсесине барган учурда дагы абдан жылуу кабыл алып, ага Италиядан жумуп таап беребиз деп убада кылышкан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Диана кеңсесине барган учурда дагы абдан жылуу кабыл алып, ага Италиядан жумуп таап беребиз деп убада кылышкан

Диана чет өлкөдөн иш таап беребиз деген компаниялардын бирине акчасын алдырып, учурда адилеттик издеп жүргөндөрдүн бири. Ал көпчүлүк кыргыз жаштары сыяктуу эле чет жакка барып, бутумдан туруп келем деп кыялданчу.

2024-жылдын күз айларында кыялын ишке ашыруу үчүн Bivisa компаниясына кайрылган.

Айтымында, компания Ош шаарында үгүт-насаат иштерин өтө күчтүү жүргүзгөн. Жер-жерлерге көрнөк-жарнактарды илип, социалдык тармактар аркылуу ар кандай видео роликтерди, маалыматтарды таратып турган.

Диана кеңсесине барган учурда дагы абдан жылуу кабыл алып, ага Италиядан жумуп таап беребиз деп убада кылышкан.

“Абдан чоң ишенич менен баргам. Сүйлөшүү жүргөндөн кийин дароо эле 134 миң сом төлөп бердим. Кийин апрелде камсыздандырууга деп дагы 200 доллар бердим. Алардын айтымы боюнча таңгактоочу болуп иштемекмин. Маянам кеминде 2,5 миң евро болмок. Андан тышкары жашаган жерим, жана тамак-ашым бекер болмок”,- деди Диана.

Компания Дианага төрт ай аралыгында Италияда болуп каласың деп убада кылган. Бирок андан бери он ай өтүптүр, же иштен, же акчамдан жок калдым дейт:

“Эч кандай жаман оюм жок эле. Сегиз ай өткөндөн кийин кеңсесине барсам бек. Эшигинин алдында кишилер туруптур. Көрсө мага окшоп жапа чеккендер көп экен. Дароо вотсапта группа ачып кошула баштадык. Ошол кезде 15 киши болчу, азыр кыйла көбөйдү. Топто бир жылдан ашык күтүп жаткандар деле бар. Чынын айтканда, булар акчаны алганча түн жарымына чейин чалышкан. Акчаны алгандан кийин дайындары жок”.

“100 пайыз кепилдик берген”

Учурда жабырлануучулар тиешелүү органдарга арыз менен кайрылга

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Учурда жабырлануучулар тиешелүү органдарга арыз менен кайрылга

Ислам болсо бул компанияны Интернет аркылуу тапкан. Кеңсесине барып маектешкен учурунда ага АКШ визасын алып беребиз деп 100 пайыз кепилдик берген. Ишенген жигит 4000 долларын дароо кармата салган.

“1000 доллардан 10 миң долларга чейин тыйын бергендер дагы бар экен. Жабырлануучулардын саны 200гө жетип калды. Акырындык менен акчалардан кутулуп жатабыз деп айтууда. Бирок тыйыныбызды кайтарып алдык деген сөздү эч кимден уга элекмин. Телефон чалсак албайт, кат жолдосок жооп бербейт”,- деди ал.

Учурда жабырлануучулар тиешелүү органдарга арыз менен кайрылган. Бирок алардан деле азырынча натыйжалуу жооп боло элек дешет.

“Каражатты январь айында бергем. Визамды апрелдин ортосунда колума алып калышым керек болчу. Квитанция, келишим баары колубузда, далилдеп бере алабыз. Соңку ирет бир ай мурун сүйлөшкөндө 4000 долларды 2000 доллардан бөлүп беребиз дешкен. Эч нерсе жок”,- деди Ислам.

“Маселе чечилип жатат жана чечилет”

Кызматкерлер эшикти бекитип алып, келген кишилерди бирден кабыл алып жатыптыр
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кызматкерлер эшикти бекитип алып, келген кишилерди бирден кабыл алып жатыптыр
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Арыздануучулардын сөзүнөн кийин компаниянын социалдык тармактардагы баракчасын таап алдык.

Алардын Инстаграм баракчасында дареги, байланыш телефондору, кимдерге виза алып бергендиги тууралуу маалыматтар жазылган.

Атүгүл соңку жарыялаган видеодо өзүн компаниянын жетекчилеринин бири катары тааныштырган Фырат Байгелды атуу киши кайрылуу дагы жасаган.

“Биринчи кезекте активдүү кардарлар боюнча иш алып барып жатабыз. Мен жана команда ишти аягына чейин чыгарабыз. Ал жагынан кам санабаңыздар. Биз 40 млн сомдон ашык каражатты кайтардык. Бул тууралуу ачык айтам. Маселе чечилип жатат жана чечилет. Бир апта мурун Казакстанга иш сапар менен барып келдим. Мага чалып суракка чакырышты. Абал курчуп кеткенин түшүндүм жана биринчи кезекте Кыргызстанга кайтып келдим. Менде качып кетейин деген ой жок. Бул аптада 20 миң доллардан ашык каражатты кайтарып бердик жана бул күн сайын уланууда”,- деген ал өз кайрылуусунда.

Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларындагы кеңселери кайрадан иштей баштаганын айтты жана кардарларын түшүнүү менен кабыл алып, бир аз сабыр кылып турууга чакырган.

“Эгер кимдир бирөөнү алдап кетели деген оюубуз болсо документтерди каттабайт элек. Ооба, биз кыйын абалга кептелип калдык. Бирок бул ишти баштап жатканда ушундай болуп кетет деп ойлогон эмесмин. Жарандардын, командамдын алдындагы жоопкерчилигимди сезип турам. Тиешелүү каражат бөлүнөт, биз көйгөйдү чечип бермейинче ишибиз токтобойт”,- деген ал.

Фырат Байгелды деген ким, анын кеңсесинде кимдер иштейт? Компанияга коюлуп жаткан дооматтар канчалык негиздүү? деген суроолорго жооп алуу үчүн алардын Инстаграм баракчасында көрсөтүлгөн номерге эки күн катары менен чалып байланыша алган жокпуз. Жыйынтык болбогон соң кеңсесин көздөй бет алдык.

Барганда эле бизди атайын форма кийген күзөтчү тосуп алды. Кызматкерлер эшикти бекитип алып, келген кишилерди бирден кабыл алып жатыптыр.

Өзүн кризис-менеджермин деп тааныштырган аял мен барган учурда Фырат Байгелдынын ата-энесинин өтүнүчү менен маселени чечүүнүн жолун караштырып жатканын айтты.

Ал компания эки адамга таандык экенин маалымдады. Жетекчилердин бири Фырат Байгелды учурда ден соолугуна байланыштуу ооруканада экенин билдирди. Экинчиси болсо байланышка чыкпай жатат деди.

Өзү компаниянын кардарлары, финансылык абалы тууралуу кабары жок экенин, жөн гана келген доочулардын чыгымын эсептеп, аны кайтарып берүү үчүн Фырат Байгелдынын ата-энесине маалымат берип жатканын кошумчалады.

Ал ортодо Октябрь райондук милициясы ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча шектелип аталган ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири Фырат Байгелды кармалганын маалымдады.

Анда Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренси боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылат.

“4000 доллардан 20 миң сом кайтарып беришти”

Ошол жерден Дастан атуу жигитке жолугуп калдым. Ал дагы өткөн жылдын декабрында 4000 долларын берип коюп, Америкага визасын күтүп отуруптур.

“Визаңды мартта колуңа аласың дегенде жумуштан чыгып, кетүүгө камданып калгам. Ошондон бери же нары, же бери эмес булардын эшигин каккылап коюп жүрөм. Буга чейин Европага барам деп визамды, билетимди колума алып камданып тургам. Анан эле бул жакка азгырылып калдым. Ошону менен ал жакка кеткен каражат дагы күйүп кетти”,- деди Дастан.

Ал ушунча айдан бери компанияга кайра-кайра келип жатып болгону 20 миң сомун гана араңдан зорго кайра алганын айтып кейиди.

Министрлик аркылуу кеткендер андай көйгөйгө кабылбайт

Министрлик аркылуу чет өлкөгө ишке орношкон жарандардын укуктары жана социалдык кызыкчылыктары толук корголот.

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Министрлик аркылуу чет өлкөгө ишке орношкон жарандардын укуктары жана социалдык кызыкчылыктары толук корголот.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан дүйнөнүн 28 өлкөсү менен кызматташкан 170 иш берүүчү компанияга уруксат кагазын берген.

Бул компания менен кеткен жарандардын укуктары жана социалдык кызыкчылыктары толук корголот.

Алар аркылуу кайсы бир өлкөгө кетип жатканда ошол жактын мыйзамдары, иш берүүчүнүн шарттары жана талаптары менен толук кабардар болот.

“Алдын-ала даярдыктан өтүп барышат. Биздин жарандар көпчүлүгү экономикасы күчтүү жана маянасы жогору болгон мамлекеттерге кызыгат. Айрымдар убакытты үнөмдөө үчүн виза талап кылынбаган өлкөлөргө дагы кетишет. Айрыкча студенттерибиз үчүн жай мезгилинде иштеп алууга Түркия, Германия, Болгария, Улуу Британия өлкөлөрү өтө ыңгайлуу”,- деди министрликтин өкүлү Арслан Байсопоев.

Арслан Байсопоевдин айтымында, алданып калып жаткандардын бардыгы өз алдынча ар-кандай компанияга кайрылгандар. Алардын көпчүлүгү Кыргызстандын аймагында иш алып барууга уруксат ала албагандар.

Расмий маалыматка караганда, 2023-жылы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги алардан уруксат кагазын алган компаниялар менен биргеликте 18 миңден ашык Кыргызстан жаранын чет өлкөгө жумушка орноштурган. Быйылкы жылдын алты айында 10 миңден ашты киши кеткен.

“Эгер Кыргызстандын аймагында ошондой агенттиктер аныкталса сөзсүз ИИМ жана биз тараптан тиешелүү чаралар көрүлөт. Негизинен биздин министрлик аркылуу кеткен жарандарда андай көйгөй болбойт”,- деди Байсопоев.

Жүздөгөн кыргызстандык чет жактан иш издеп жүргөн чакта, кыргызстандык ишкерлердин бир тобу жумушчу таппай убара. Ал тургай алыскы өлкөлөрдөн иш издеп келгендер миңдеп саналат. Кызыгы айлыгында анча чоң айырма болбогон мисалдар арбын. Андай учурда чет жакта иштегенде баш көтөрбөй иштеп, чыгымдарды болушунча кыскартып, аш-тойдоон оолак жүрүп каражат топтоп алабыз дегендер четтен чыгат.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен Социалдык өнүктүрүү министрлиги жакында эле рейд жүргүзүп, жарандарды мыйзамсыз чет өлкөгө ишке орноштуруу менен алектенген агенттиктерди аныктап, ишине бөгөт коюп жатканын жарыялады.

Үч күндүн текшерүүнүн жыйынтыгында укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 411 укук бузуу аныкталып, протоколдор түзүлгөн. Кылдым-жаза кодекси боюнча 11 факты катталып кылмыш иши козголгон.

Мындай текшерүү иштери октябрь айында дагы жүргүзүлөөрү айтылууда.