Өлөрчө иште же жумушсуз отур: Кытайдын "үй күчүк балдары"

Graduation ceremony in Tsinghua University

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытай жаштарынын арасында жумуштан өлөрчө чарчап, көңүлү калып, башка иш издегендер көбөйдү
    • Author, Сильвия Чанг & Келли Нг
    • Role, Гонконг жана Сингапур

Ашыкча иштеп, чарчаган Жули ушул жылдын апрель айында Пекиндеги оюн иштеп чыгуучу (game developer) жумушун таштап, "үйдө олтурган кызга" айланды.

29 жаштагы Жули азыр күнүн идиш жууп, ата-энесине тамак даярдап жана башка үй жумуштарын жасап өткөрөт. Жулинин ата-энеси анын күнүмдүк чыгымдарынын көбүн төлөйт, бирок ал алардын 2000 юань (280 доллар) эмгек акы берүү сунушунан баш тартты.

Анын азыркы ойлогону эле мурунку жумушундагы 16 саатка созулган түйшүктүү күндөрдөн эс алуу. "Мен тирүү өлүк сыяктуу жашап жаттым", - деди ал.

Тыным албай иштөө жана үмүтсүз жумуш рыногу кытай жаштарын адаттан тыш жолдорго барууга мажбур кылууда.

Жули - "үйдө олтурган балдар" деп өздөрүн атаган, саны өсүп келе жаткан топко кирет. Алар жумуштан чарчап-чалыгып тыныгууну эңсегендиктен же жөн эле жумуш таба албагандыктан үйүндө олтургандар.

Кытайлык жаштарга дипломдун артынан түшүп, катуу окуп, талыкпай эмгек кылуунун акыбети кайтпай койбойт деп айтылып келген, бирок азыр алар жеңилип, капканга түшүп калгандай.

Май айында жарыяланган расмий маалыматтарга ылайык, 16 жаштан 24 жашка чейинки ар беш адамдын бири жумушсуз. Кытайдагы жаштар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли бүгүнкү күндө эң жогорку көрсөткүчкө жеткени айтылат. Бийликтер мындай маалыматтарды 2018-жылдан баштап жарыялай баштаган. Бул көрсөткүч айылдагы эмгек рыногун камтыган эмес.

"Үйдө олтурган балдар" деп аталгандардын көбү үйдө убактылуу гана калуу ниетин айтышат - алар муну эс алуу, ойлонуу жана жакшы жумуш табуу мезгили катары көрүшөт. Бирок айтып коюу оңой. Акыркы эки жумада Жули жумуш издеген ортомчуларга 40тан ашык арыз жөнөттү - бирок ага маектешүүгө эки гана жерден телефон чалышты. "Мен иштен кеткенге чейин эле жумуш табуу кыйын болчу. Кеткенден кийин ого бетер оорлоп кетти", - дейт ал.

Жиниккенче иштөөбү, жумушсуздукпу же айласыздыкпы?

Иштеп жаткан чоңдорду "үйдө олтурган балдарга" айланткан катуу иштөө Кытай өлкөсү үчүн таң калыштуу деле эмес, анткени Кытайда жумуш менен жашоонун тең салмактуулугу начар - өлкөдө эмгек маданияты көбүнчө "996" деп аталат - бул эртең мененки саат тогуздан кечки тогузга чейин жумасына алты күн иштөө дегенди билдирет, адамдар муну норма деп эсептешет.

Чен Дуду, ушундай эле "үйдө олтурган кыз", быйыл жыл башында кыймылсыз мүлк тармагындагы ишин таштап кетип калган, анткени ал барган сайын чалыгып, бааланбай калганын сезген. 27 жаштагы кыз ижара акысын төлөгөндөн кийин өзүнө дээрлик "эч нерсе калбачу" деди.

Ал Кытайдын түштүгүндөгү ата-энесинин үйүнө кайтып келгенде, "пенсионердин өмүрүн сүргөнүн" айтты, бирок андагы тынчсыздануу күчөдү. Анын айтымында, ага башка ой келе берген: "Биринчиси, мындай эс алуу дайыма боло бербейт, андыктан учурдан ырахат алып кал десе, экинчиси мындан ары эмне кылуу керектигин ойлонууга үндөп жатты".

Ошондон бери жеке бизнесин баштаган Чен айым: "Эгер бул узак убакытка созулса, мен чындап эле ата-энемин моюнуна минген жан бактыга айланып калмакмын" деди.

Chen Dudu taking a selfie
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чен Дуду кыймылсыз мүлк тармагындагы ишин таштап, "үйдө отурган кызга" айланды.

Жакында эле кытайлык технология гиганты Tencent'тен кеткен Жек Чжэн күн сайын иш убактысынан тышкары жумушка байланыштуу 7000ге жакын SMS билдирүүлөрүнө жооп бериши керек болгонун айтты - 32 жаштагы Жек муну "көзгө көрүнбөгөн ашыкча жумуш" деп атайт, бирок ал күткөндөй ашыкча жумуш үчүн акы төлөшкөн эмес. Акыры жумуштагы стресстен улам фолликулит - чач фолликулаларынын сезгенүүсүнөн улам пайда болгон тери оорусуна чалдыккандан кийин ишин таштаган.

Чжэн мырза андан соң жакшыраак жумуш тапты, бирок анын айтымында, айланасындагы адамдар анчалык бактылуу эмес. Көптөр ошондой эле "35тин каргышы" деп аталган Кытайда кеңири таралган ишенимге туш болушат, ага ылайык иш берүүчүлөр 35 жаштан улуу жумушчуларды ишке албай - ордуна акысы "арзанырак" жаштарды тандашат.

Жаш курагы жана жумуш табуунун бүдөмүк мүмкүнчүлүктөрү - булар дискриминациянын эки миздүү кылычы. Алар 30 жаштын ортолорундагы ипотекасы бар же үй-бүлө курууну ойлогондор үчүн кыйынчылык жаратат.

Университет студенттеринин арасында да иренжигендер аз эмес, ошондуктан кээ бирлери окуусунун бүтүшүн кечиктирүү үчүн экзамендерден жыгылып калышат.

Акыркы жумаларда кытайлык социалдык медиада жаңы бүтүрүүчүлөрдүн көңүлү калганы тууралуу баяндаган адатташ тыш сүрөттөрү толуп кетти. Кээ бирлери мантияларды кийип, беттерин бүтүрүүчүлөр кийген баш кийим менен жаап "жерге жатып алганын" көрсөтөт; башка сүрөттөрдө дипломдорун таштанды челекке салууга даяр болуп, урнанын үстүндө кармап турганын көрсөтүп түшүшкөн.

Бир кезде Кытайда Университет элиталык жай болгон. Бирок 2012-жылдан 2022-жылга чейин окууга кабыл алуу 30% дан 59.6% га чейин өстү, анткени жаштар коллеждин даражасы атаандаштыкка жарамдуу эмгек рыногунда жакшы мүмкүнчүлүк ачат деп ойлошкон. Бирок жумуш базары төмөндөп бараткандыктан үмүттөр өчтү. Эксперттердин айтымында, жумуш базарына 11,6 миллион жаңы бүтүрүүчү киргендиктен, жаштар арасындагы жумушсуздук күчөшү мүмкүн.

"Абал абдан начар. Адамдар чарчап, көптөр иш издөөдөн баш тартып жатышат. Үмүтсүздүк күч", - деди Шанхайда жайгашкан Direct HR жумушка орноштуруу фирмасынын директору Мириам Викертшейм. Жонс Лаң ЛаСалледеги Кытайдын башкы экономисти Брюс Пангдын айтымында, Ковидден кийин Кытайдын экономикалык калыбына келүүсү күтүлгөндөн жайыраак жүрүп, ал жумушсуздуктун негизги себеби болууда.

Chinese social media has been flooded with sarcastic graduation photos that speak of fresh graduates' disillusionment

Сүрөттүн булагы, Xiaohongshu

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын социалдык тармактары бүтүрүүчүлөрдүн тандоо жоктугун тамашалаган сүрөттөрүнө толду

Панг мырзанын айтымында, Ковид карантиндери узак болгондуктан, кээ бир иш берүүчүлөр мурдагыга караганда иш тажрыйбасы аз "ак кагаз" бүтүрүүчүлөрдү көп ишке албай жатышат.

Кытайдагы жаш адистер арасында популярдуу болгон тармактарына карата Кытайдын акыркы репрессиялары да эмгек рыногун муунтуп койду. Ири технологиялык компанияларга каршы жоболор, репетиторлук кылууга чектөөлөр жана жеке билим берүү тармагына чет элдик инвестицияларга тыюу салуу жумуш орундарынын кыскаруусуна алып келди.

'"Ишке жай орношуу"

Кытай өкмөтү бул көйгөйлөрдү жакшы билип турса да, алардын маанисин төмөндөтүүгө аракет кылып жатат. Май айында Кытайдын лидери Си Цзиньпин Chinese Communist Party's People's Daily гезитинин биринчи бетинде жаштарды "ачууну жегенге" үндөгөн, бул Кытай тилиндеги сөз айкашы, кыйынчылыкка туруштук берүү дегенди билдирет.

Ал эми мамлекеттик маалымат каражаттары жумушсуздукка жаңы аныктама берүүнү өзүнө алды. Өткөн аптада мамлекеттик Economic Daily гезитиндеги редакциялык макалада "ишке жай орношуу" деген термин колдонулган. Гезиттин айтымында кээ бир кытай жаштары чындап эле жумушсуз, башкалары болсо "ишке жай орношууну жигердүү тандашкан".

Бул сөз айкашынын келип чыгышы түшүнүксүз, бирок 2018-жылы China Youth Daily гезитинин макаласында айтылгандай, университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн саны көбөйүп, жумуш табууга убактысы создугуп, көбү саякаттоону же кыска мөөнөттүү окутуучулук кесипти тандашат - бул кытайлыктарга "ишке жай орношуу" деп түшүндүрүлгөн.

Бул жолу аныктама жумуш таба элек, же окууну улантууну, жаңы нерселерди үйрөнүүнү же бир жылдык эрүү алуунун тандагандарды камтыйт. Эмгек рыногу канчалык оор болсо да, адамдар "аракет кылып, талыкпай иштеши керек" жана алар ушундай кылышса жумушсуз калам деп тынчсыздануунун кереги жок болот, деп кеңеш берген гезит.

College students at a jobs fair in China's Jiangsu province

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 16 жаштан 24 жашка чейинки кытайлык жаштардын ар бир бешинчиси жумушсуз

Эмгек рыногунун учурдагы абалын эске алганда, бул сөз айкаштары жана берилген кеңештер анча жакшы кабыл алынган жок - айрымдары өкмөттүн "жумушсуздук абалын моюнга алуудан баш тартканына" таң калышса, башкалары шылдыңдоо менен кабыл алышты.

Кытайдын Twitter сыяктуу Weibo сервисинде бир колдонуучу "Кытай жазуусу абдан терең" деп жазды. "Биз, албетте, жумушсузбуз, бирок (чиновникте)" ишке жай орношуу" деген терминди ойлоп табышты. Ал эми канчалык жай болор экен? Бир нече айбы же бир нече жылбы?"

Кытайдагы Instagram'дын эквиваленти болгон Xiaohongshu сайтынын дагы бир колдонуучусу бул термин "жоопкерчиликти жаштарга жүктөйт" деди.

"Ушул түшүндүрмөгө ылайык, 1920-жылдардын аягында АКШдагы Улуу Депрессия учурундагы жумуш менен камсыз болуунун деңгээли 100% болушу керек, анткени көпчүлүк адамдар иш менен жай камсыз болушкан. Глобалдык көйгөйдү чечүүнүн кандай сонун жолу!"

"Жумушсуздук - бул жумушсуздук. Биз аны өз аты менен аташыбыз керек", - деди Шанхай финансы жана укук институтунун илимий кызматкери Ни Риминг.

"Чындыгында, кийинки жумушун баштаар алдында өргүү алууну каалаган жаштар болушу мүмкүн, бирок, менимче, бүгүнкү күндө жумушсуздардын басымдуу көпчүлүгү жумуш издеп, бирок таба албай жатышат."

Фан Вандын Сингапурдан кошумча отчету пайдаланылды