"Башка өлкөдөн келгендер жылбай иштейт". Кыргызстан чет элдик жумушчуларга квотаны көбөйттү
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Миллиондон ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн чакта кыргызстандын өзүндө жумушчу күчү жетишпей, чет өлкөлүк жумушчуларга квотаны көбөйттү.
Калктын ишке жарамдуу катмары көпчүлүк учурда жакшы айлык издеп, туш тарапка кеткен. Басымдуусу Орусия, Казакстан, Түркияда. Соңку жылдары акырындап агым Европаны көздөй бурулууда. Мындан улам мамлекет чет элдик жумушчуларды тартуу үчүн квотаны көбөйтүүгө аргасыз болууда.
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, быйыл Кыргызстан чет элдик жарандарды иш менен камсыздоо үчүн 25 миң квота бөлдү. Былтыр 16 миң орун берилген экен.
Статистика тууралуу учкай кеп
Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын аягына карата расмий жана болжолдуу маалыматтары боюнча (маалыматтар так болбошу мүмкүн) чет өлкөлөрдө убактылуу жана туруктуу жүргөн кыргызстандыктардын саны:
- Орусияда - 1000 000го жакын
- Түштүк Кореяда - 8000
- Түркияда - 30 000
- Казакстанда - 29 000
- АКШда - 20 000 (АКШдагы кыргыз элчиси жакында эле Би-Би-Сиге курган соңку маегинде ал жактагы кыргызстандыктардын саны 50 000ге чамалап калганын айтты)
- Канадада - 6000
- Англияда - 5000 (фермаларда иштегендердин саны өсүүдө, азыркы эсеп мындан кыйла көп болушу мүмкүн)
- БАЭде - 4000
- Германияда - 10 000
- Италияда - 6000
"Мындан ары өлкөдөн чыгайын деген оюм жок"
2019-жылдын жайында Айбек иш издеп Москвага жөнөптүр. Ишке тойбой турган 22 жаштагы жигит кара жумуштун кайсы түрү болсо да даяр эле.
Бөтөн эл, бөтөн жерде оюндагыдай жумуш таап иштеп кетүү ал үчүн оңойго турган жок. Кара курсакты тойгузуп, баш калкалаш үчүн ар кандай жумушта жалданып иштеген экен.
Бир нече ай кагылып-согулуп жүрүп таксиге туруктуу жумушка кирип, күн сайын төрт, беш миң рубль таба баштаптыр.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бир аз убакыт өткөндөн кийин курьер болуп иштеп, айына 80-120 миң рубль акча таап, капчыгы калындап, ата-энесине акча сала баштайт.
Айбек кесиби боюнча тоо-кен адиси. Ал адистештирилген кесиптик-лицейди аяктаган соң Кыргызстандагы атактуу алтын кенине барып иштөөнү кыялданчу. Бирок "Кумтөргө" орношуу аракетинен майнап чыккан эмес.
"Башка майда компаниялар сунуштаган 15 миң сом чогултмак түгүл басып-турганыма дагы жетпейт эле",- деди мыйыгынан жылмайып.
Улуу Британияга айыл чарба жумуштарына кыргыз жарандарын чакыруу башталганда, Айбек ал жакка дагы биринчилерден болуп барды. Британияда мөмө-жемиш терип, эки сезон иштеп келди.
Урунуп-беринип жүрүп ал акыры мекенине кайтууну чечти. Былтыр Кыргызстанга келгенден кийин Бишкектен анча алыс эмес жерде чакан эс алуучу жай ачты.
Анын чакан бизнеси учурда өнүгүп, жергиликтүү жана чет элдик эс алуучуларды тартып жатканын айтат.
"Мен жакшы айлык жана шарт табуу үчүн кеттим, бирок акыры мындай мүмкүнчүлүктү мекенимде дагы түзсө боло турганын түшүндүм. Мындан ары өлкөдөн чыгайын деген оюм жок”, - деди ал.

Бош орундарды чет элдиктер басты
Эксперттердин айтымында, Кыргызстанда айрыкча курулуш, жеңил-өнөр жай, IT жана тейлөө тармактарында жумуш күчү тартыш.
Ишкерлердин бири Замирбек Шамшиев бул көйгөйдүн жаралышынын негизги себептерин чечмелеп, негизинен экономикалык өсүш менен байланыштырды.
Учурда анын 2016-жылы негиздеген жеңил өнөр жай фабрикасы активдүү иштеп, продукциясын Орусия менен Казакстанга экспорттоп жатканын айтат.
Ишканада 150дөй жумушчу эмгектенет, анын жүз кишиси чет элдик болсо, элүүсү кыргызстандык.
Замирбек текстиль тармагындагы жумушчуларга муктаждыкты чечүү үчүн сырттан жумушчуларга муктаж болуп жатат дейт.
Анын фабрикасында Бангладеш, Пакистан, Индия, Непал жана Шри-Ланка өлкөлөрүнөн келгендер иштейт.
“Текстилге автоматизация эмес, көбүнчө кол керек. Анын үстүнө бул тармакта жумушчулардын жаш өзгөчөлүгү дагы каралат. Дегеним, бул тармакка жаштар керек. Кыргызстанда болсо экономика өсүп, ишканалар көбөйүп жатат. Ишке жарамдуу жаштар билим, жаңы мүмкүнчүлүк, иш издеп чет өлкөгө чыгып кетүүдө. Бирок мунун терс көрүнүш катары карабашыбыз керек. 5-10 жылдан кийин алар тажрыйба топтоп кайра эле мекенине кайтып келет”,- деди ал.
“Биздин ишканада орточо эмгек акы айына 30-35 миң сомду түзөт, бул эмгек рыногунда атаандаштыкка туруштук бере алчу сумма”, - дейт ал.
Технолог Гүлнара иштеген дагы бир чакан тигүү цехинде жалпы 26 жумушчу бар. Алардын он сегизи чет өлкөлүктөр болсо, калган сегизи жергиликтүүлөр.
Айтымында, айрым тигүү цехтери чет өлкөлүк жумушчуларды жалдоого көбүрөөк кызыкдар.
“Бангладеш, Пакистан, Индия, Непал сыяктуу мамлекеттерден келгендер жергиликтүү жарандарга караганда арзаныраак иштейт. Маселен, биз бир моделди 160-170 сомдон тиксек, алар 110-120 сомго деле макул болуп иштешет. Жергиликтүүлөр беш сом арзандатып койсо кетип калат. Анын үстүнө жергиликтүүлөрдүн той-ашка деп суранмайы көп. Ал эми чет элдиктер жылбай иштейт. Ошон үчүн аларды иштеткенге кызыкдар”,- деди технолог.
Орусияда иштеп келдим деген миңдеген кыргызстандыктын дагы жүйөсү так ушундай. Алар бизде аш-той деп кол бошобой иш да калат, тапканың да чогулбайт. Ал жакта болсо ооруу-сыркооңо карабай баш көтөрбөй иштемей дешет.

“Кыргыздар жалкоо элбиз”
Былтыр жайында Транспорт министрлигине курулуш үчүн техникаларды тапшыруу аземинде сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров “биз, кыргыздар, өтө жалкоо элбиз”, - деген эле. Ал буга байланыштуу анекдот дагы айтып жиберген жайы бар.
Жапаров учурда курулушу дээрлик аяктап, пайдаланууга берилет деп жаткан президенттик администрациянын жаңы имаратына убагында жумушчу жетишпей, чет элдиктер тартылганын айткан эле.
“Сентябрга чейин курулуш аяктайт деген планыбыз бар эле. Октябрда КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтөт, 12 президент келет. Аларды жаңы өкмөт үйүнөн тосууну пландап жатабыз. 500гө жакын кыргыз жигиттерибиз иштеп жаткан. Эми аман эле бололу, бир күндө 8 саат иштеш керек болсо, анын 5 эле саатын иштейт. Ишемби, жекшемби күнү иштеш керек болсо, ал күндөрү жок. Айрымдары дүйшөмбү күнү дагы келбей коет. Бир саат тамактанат, бир саат телефон чукуйт, бир саат тамеки чегип отурат. Сегиз сааттын үч саатын жоготуп коет”,- деген президент.
Ошондой эле ал чет өлкөлүктөр бир күндө бүтүргөн ишти, жергиликтүү жумушчулар бир жумада дагы бүтүрө албай жатат деген.
“Айлабыз кетип, Дубайдан учуп келген 800гө жакын жумушчуларды Бишкекке токтотуп калдык. "Жардам берип сентябрга чейин бүткөрүп, анан Асман шаарын курганы кеткиле" деп алып калдык. Ошондуктан сөздөр, анекдот жөн жерден чыкпайт, турмуштан алынат”.
Президенттин кыргыздарды жалкоо деген сөзүнө социалдык тармакта ар кандай реакция болду. Теригип, чычалаган адамдар да чыкпай койгон жок.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эмгек рыногундагы оош-кыйыштар
Кыргыз бийлиги өлкөдө кичи ГЭСтер, завод, фабрикалар курулуп, экономиканын өсүшүнө жана жаңы жумушчу орундарынын пайда болушуна өбөлгө түзүп жатканын айтып келет.
Жакын арада Камбар-Ата 1 ГЭСин жана кеминде 500 адамды иш менен камсыздай турган "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун курулушун баштоо мерчемделип жатат.
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Наргиза Түркебекова учурда Кыргызстандын эмгек рыногунун абалы туруктуу деп сүрөттөдү.
Бирок ошол эле учурда жумушчу күчкө болгон суроо-талап өсүүдө.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли 4,9 пайызды түзөт.
Ал эми расмий каттоого тургандар 2,2 пайыз. Учурда 83 миңден ашык жаран иш издөөчү катары каттоодо турат.
Жыл башынан бери 3,5 миңден ашуун жаран акысыз ар кандай кесиптик курстарды аяктап, анын 65 пайызы жумушка орношту.
“Айрыкча IT, курулуш, тейлөө, ашпозчулук, косметология, чач тарач жана жеңил өнөр жай тармагындагы адистерге талап жогору болуп жатат. Беш ай аралыгында 10 миңден ашык бош орундар сунушталып, 5 миң 554 жаран жумуш менен камсыздалды”,- деди Наргиза Түркебекова.
Айтымында, Кыргызстан бийлиги жумушчу күчүнүн жетишсиздигин чечүү үчүн комплекстүү чараларды көрүп жатат. Негизги демилгелердин бири – талап кылынган адистиктер боюнча акысыз кесиптик билим берүү, андан кийин жумушка орношууга көмөк көрсөтүү.
Өзгөчө жаштар арасында түрдүү кесиптердин кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган маалыматтык кампанияларга өзгөчө көңүл бурулууда.
“Ширетүүчү, токарь, слесарь деген сыяктуу кесиптер өтө керек. Бул тармакта учурда жашы орто курактан жогору адамдар иштейт. Жаштар андай жумуштарды иштегенден уялат. Ошондуктан учурда “Ар бир кесип ардактуу” деген чакырык менен маалыматтык өнөктүк жүргүзүү аракетин көрүп жатабыз”,- деди ал.
Наргиза Түркебекова Кыргызстанда айрым учурда эмгек шарттарынын начарлыгы, маянанын аздыгы жумушчу күчтөрүн тышка чыгып кетүүгө аргасыз кылып жатканын кошумчалады.
"Социалдык өнүктүрүү министрлиги татыктуу эмгек акы жана эмгек шарттарын камсыз кылуу боюнча иш берүүчүлөр менен иш алып барат",- деди ал.
Расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө орточо айлык акы 35 миң сомду түзөт.

Квалификациялуу жумушчулар керек
Кыргызстандагы жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу өлкөнүн эмгек рыногундагы бир нече көйгөйлөргө токтолду.
Анын айтымында, Кыргызстанда квалификациялуу жумушчу издеген иш берүүчүлөр дагы, татыктуу жумуш таба албай жаткан эмгекке жарамдуу адамдар дагы арбын.
"Орусия менен Украинанын ортосунда согушка байланыштуу мигранттар кайтып келе баштаганда Кыргызстандын эмгек рыногу кайра жумуш күчтөрү менен толукталат деген үмүт бар эле. Бирок андай өзгөрүү байкалган жок. Бизде айлык акы жакшы эмес болгондуктан Орусиядан келген мигранттар Кыргызстанда калбастан кайра эле башка мамлекеттерге чыгып кетип жатат”,- деди ал.
Мамлекеттин экономикасын айлантып турган чакан жана орто бизнес экенин айткан экономист, жумушчу күчтөрүнүн жетишсиздиги өлкөдөгү ишкерлик климатына байланыштуу дагы боло турганын кошумчалады.
“Жумуш күчтөрү гана эмес, ишкерлер дагы өздөрүнө ыңгайлуу, коопсуз өлкөлөргө чыгып кетип жаткан учурлар бар. Соңку жылдары Кыргызстанда бизнеси бар айрым ишкерлер кошумча филиал ачкандан карманып турат. Ошону карап туруп эле жаңы жумуш орундарынын түзүлүүсү жай жүрүп жатканын айтсак болот”,- деди ал.
Аззамбек Жээнбай уулу учурда Кыргызстандагы негизи суроо талаптардын бири орто кесиптик билим берүүнү күчөтүү экенин айтат.
Жаштар болсо орто кесиптик билим алууга эмес, жогорку билим алууга көбүрөөк умтулушат.
“Бирок бардык эле тармакка башкаруучу кызмат керек эмес да. Дагы бир көйгөй жаштар 4-5 жылдык жогорку окуу жайын бүтүргөндөн кийин дагы ишканада кайрадан даярдыктан өтөт. Алар экинчи же үчүнчү курсу окуп жатып эле удаалаш кесиби боюнча практикасын такшалтып алгандай шарт түзүлүшү керек. Окуу жайды аяктап, дипломун колуна алгандан кийин алар даяр кадр катары иштеп калгандай болушу керек”,- деди ал.
Адистердин айтымында, учурда миграцияда жүргөндөрдүн басымдуусу ишке жарамдуу улан-кыздар жана бул өлкө ичинде жумушчу күчүнүн жетишсиздик көйгөйүн ого бетер курчутууда. Өлкөдө жумушчу күчүнүн жетишсиздиги өкмөт менен иш берүүчүлөр тараптан комплекстүү мамилени жана активдүү аракеттерди талап кылат. Мигранттардын мекенине кайтып келип, жагымдуу эмгек шарттарды түзүүсү экономиканы чыңдоодо жана негизги тармактарды өнүктүрүүдө чечүүчү ролду ойнойт.








