Уэльс ханбийкеси Кейттен рак аныкталып, ал химиотерапиядан өтүп жатат

Сүрөттүн булагы, PA MEDIA
Уэльс ханбийкеси Кейт Миддлтон рак илдетинен дарыланып жатат. Кенсингтон сарайы ал азыркы учурда алдын алуучу химиотерапиянын алгачкы баскычтарынан өтүп жатканын жарыялады.
Ханбийкеде залалдуу шишик бар экени январь айында ичине операция жасаткандан кийинки анализдерди изилдеп жаткан учурда аныкталган.
Залалдуу шишик тууралуу кенен айтылган жок.
Кейт химиотерапияны февралдын аягында баштаган.
Ханбийке видеокайрылуу жасап, анда мындай деди: "Албетте, бул нес кылды жана Уильям экөөбүз муну жеңип чыгуу жана жаш үй-бүлөбүз үчүн колдон келгендин баарын кылып жатабыз. Сиздер ойлогондой, бул убакытты талап кылды. Мага оор операциядан кийин айыгып, [онкологиялык] дарылоону баштоого убакыт керек болчу. Бирок эң негизгиси, биз Жоржго, Шарлоттага жана Луиге бардыгын аларга ылайыктуу түрдө түшүндүрүп, мен сакайып кетээриме, баары жакшы болоруна ишендирүү керек болчу. Ал убакытты талап кылмак".
"Мен аларга ден соолугум жакшы экенин жана акылымды, денемди жана рухумду айыктырууга эмне жардам бере турганына көңүл буруп, күн сайын күчтөнүп баратканымды айттым", - деди 42 жаштагы ханбийке.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Январь айында ичине операция жасалгандан бери Кейт эл алдына чыга элек болчу. Бул көптөгөн ушак-айыңдарга жана кутум теорияларына себеп болгон. 10-мартта ал күйөөсү жана балдары менен түшкөн сүрөтүн жарыялады, бирок фотоагенттиктер санариптик манипуляциянын белгилерин тапкандан кийин аны кайра алып салышкан.
Эртеси ханбийке сүрөттү оңдоого аракет кылганын айтып, түшүнбөстүк үчүн кечирим сурады.
18-мартта Кейтти күйөөсү менен бирге Виндзордогу дүкөндөн көрүшкөн, окуянын күбөсү тарткан видео британ таблоиддеринде жарыяланган.
Кейт акыркы айларда рак илдети аныкталган британ королдук үй-бүлөсүнүн жалгыз мүчөсү эмес. Залалдуу шишик падыша Чарльз III да табылган. Андан да башка медициналык процедура учурунда аныкталып, кийин падыша дагы эл алдына азыраак чыга баштаган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Падыша менен ханайымга Уэльс ханбийкесинин абалы тууралуу коомчулукка жарыяланганга чейин маалымдалган.
Ханбийке григориандык Пасха майрамынан кийин (ушул жылдын 31-мартында) салтанаттуу милдеттерине кайтып келет деп күтүлгөн, бирок ал пландар азыр жокко чыгарылып, анын коомдук турмушка качан, кайсы күнү кайтаары так айтыла элек.
27-февралда көптөр ханзаада Уильям пландаштырылган аземге катышпагандыгын байкашкан. Азыр сарайдын айтымында, бул анын жубайынын диагнозун билгендигине байланыштуу болгон.
Букингем сарайынын өкүлү падыша "Кэтриндин мындайга батынып, коомчулукка ачык айтуу эр жүрөктүүлүк экенин, анын бул сапаты үчүн абдан сыймыктанарын" билдирди.
Алар январь-февраль айларында "The London Clinic" жеке менчик ооруканасында бир эле учурда дарыланышкан жана ошондон бери падыша "акыркы жумаларда өзүнүн сүйүктүү келини менен тыгыз байланышта болгон" деп кошумчалады басма сөз катчы.












