Шамалдын белгисиз сырларын ачкан спутник кайсы жерге кулайт?
Жонатон Амос, Би-Би-Синин илим боюнча кабарчысы

Сүрөттүн булагы, ESA
Британияда жасалган космостук кеме планетанын шамалдарын картага түшүрүү боюнча трансформациялык миссиясын аяктагандан кийин, жума күнү кечинде Жерге кулашы күтүлүүдө.
Aeolus спутниги абанын кыймылын изилдөө максатында каалаган жерде, ар башка бийиктикте, бүткүл дүйнө жүзү боюнча байкоо салуу үчүн атмосфера аркылуу лазерди учуруп турган.
Жумуш ийгиликтүү аяктаган соң спутникти алмаштыруу пландаштырылып жатат.
Бирок бул долбоор ишке ашпай кала жаздаган, анткени Aeolus’тун иштеши машакаттуу болду.

Сүрөттүн булагы, ESA
Он жыл бою инженерлер космостук вакуумда жетиштүү убакыт иштей ала тургудай ультра кызгылт көк аспапты даярдоого аракет кылышты. Мынчалык көп убакытты алган аракеттерден улам Aeolus "машакаттуу спутник" деген атка конду.
Европа Космос Агенттигинин (EКА) жетекчилиги астында иштеген инженерлер бул спутник аркылуу өтө баалуу маалыматтарды алууга абдан кызыкдар болуп калышкан эле. Алардын максаты шамалдын жер бетинен стратосферага чейин (0 – 30 км чейин) кандай өзгөрөөрү жөнүндө биринчи глобалдык маалыматты алуу болчу.
Бирок, 2018-жылы Aeolus учуруу аянтчасына жетип, өзүнүн беш жылдык миссиясын аткарып бүткөнгө чейин иштебей калган космостук кемелерди орбитага чыгаруу боюнча тажрыйба өзгөрдү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эми алар бул спутник жердеги коопсуз аймакка кулайбы же атмосферадан өткөндө толугу менен күйүп кетеби так аныктап билип алышы керек.
Анткени менен, салмагы бир тоннадан ашык Aeolus спутнигин түшүрүү эки учурда тең ийгиликсиз болчудай. Анткени спутниктин кыймылдаткыч системасы аны түшө турган жерине багыттоого кубатсыз. Дагы бир жагдайы - бөлүктөрүнүн 20%га жакыны атмосферадан күйбөй жерге түшүшү мүмкүн.
Андыктан, ЕКАнын адистери аны түшүрүп алуунун үстүндө бир апта бою алпурушту. Алар спутникке бийиктигин бир катар маневрлер аркылуу ылдыйлатууну буйруду, акыркы маневр жума күнү аны 120 километрдик бийиктикке түшүрүшү абзел.
"Ошол учурда Атмосферадагы каршылык күчү аны ылдый тартып кетиши керек. Биз ал түштүктөн түндүккө карай жылып, Атлантика океанынын үстүнө түшөт деп болжоп жатабыз" – деди Би-Би-Сиге маегинде директор Изабель Рохо.
Суу бетине спутниктин графит телескопунун элементтери жана күйүүчү майдын челектери түшүшү ыктымал. Бирок Атлантика океанынын чоңдугун эске алганда, адам өмүрүнө минимадуу гана коркунуч туулушу мүмкүн.
Aeolus’тун өзүнө гана таандык изилдөөлөрү орто мөөнөттөгү аба ырайын болжолдоо үчүн абдан пайдалуу болду. Ал келечекте аба ырайынын калыптанышына салым кошо турган шамалдын кубулуштарына байкоо салган.
Анын иши ошондой эле бороон-чапкындар жана жанар тоо күлүнүн бийик атмосферада кандайча тарашы тууралуу кенен маалымат бере алды.
Aeolus’ка чейин шамал тууралуу маалыматтар бир нече ыкмалар аркылуу алынган - анемометрлерден, шарлардан жана учактардан баштап асмандагы булуттарга байкоо жүргүзүү же океан сууларынын өзгөрүүсүн изилдөөдөн шамалдын кубулуштарын аныктаган спутниктерге чейин колдонулган.
Бирок булардын баары белгилүү бир жерлер же бийиктиктер менен гана чектелген, ошондуктан Aeolus’тун глобалдык деңгээлде изилдөө мүмкүнчүлуктөрү абдан жогору бааланган.
ЕКАга мүчө мамлекеттер Aeolus-2 деп аталган эки космостук кеменин үстүндө ишти баштоо үчүн 413 миллион евролук бюджетин бекитишти.
Андан аркы каржылык салым (900 миллион еврого жакын) Европанын метеорологиялык спутниктерин башкарган өкмөттөр аралык Eumetsat уюму тарабынан келет.
Aeolus’тун ишин улаган долбоордун биринчиси ушул он жылдыктын аягында ишке кириши керек.
Улуу Британиянын ЕКАга кошкон 71 миллион евролук салымын, жана анын Eumetsat компаниясындагы (16%) үлүшүн эске алганда, Airbus аэрокосмостук корпорациясынын британиялык бөлүмү, дагы бир жолу космостук кеменин өндүрүшүн жетектеши ыктымал дегенди билдирет.(DO)








