“Азовсталь” заводунан 100гө жакын жай тургун куткарылды

"Азовсталь" заводунан куткарылып, орус көзөмөлүндөгү Безыменное айылына жеткирилгендер, 1-май 2022

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Азовсталь" заводунан куткарылып, орус көзөмөлүндөгү Безыменное айылына жеткирилгендер, 1-май 2022

Мариуполдон ондогон жай жарандар орус жана украин көзөмөлүндөгү территорияларга өз өзүнчө чыгарылды.

Орусия ондогон киши ал көзөмөлдөгөн айылга келгенин айтты.

Президент Зеленский куткарылгандардын чоң тобу Украина көзөмөлдөгөн Запорожьеге келе жатканын айтты.

“100гө жакын кишиден турган топ биздин көзөмөлдөгү аймакка келе жатат”,- деп твит жазды. - “Эртең [дүйшөмбүдө] биз аларды Запорожьеден тосуп алабыз. Командабызга чоң алкыш! Алар азыр БУУ менен биргеликте заводдо калган башка кишилерди эвакуациялоо максатында иштеп жатышат”.

БУУ ишембиде жай жарандарды эвакуациялоочу "коопсуз өткөөл операциясы" башталганын жана ал Кызыл Чырымдын катышуусу менен болгонун ырастады.

“Эвакуациялык конвой ишембинин таңында келген”, - деди БУУ. Бирок куткаруу операциясын коркунучка кабылтпаш үчүн кишилер кайсы жерден алынып кеткени жана канча киши чыгып кеткени тууралуу маалымат берген эмес.

Reuters фотосунда көбүн эсе аялдар менен балдардан турган жай жарандар терезеси жок автобустарга отуруп жатканы көрүнөт.

Жарым жашар баласы бар аял алар заводдо эки ай камалып калганын айтты.

Дагы бир улгайган аял алардын тамагы түгөнүп калганын айтты.

Украин бийликтери жекшембидеги кыска ок атууну токтотуу макулдашуусунан кийин орустар кайрадан заводу аткылап баштаганын билдирди.

Мариуполдон эвакуацяиланып жаткандар, 1-май 2022

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мариуполдон эвакуацяиланып жаткандар, 1-май 2022

"Башыбыздан эмнелер өткөнүн элестете албайсыңар"

Рейтер жекшембиде - “ондогон киши куткарылганы менен, дагы жүздөгөн киши, арасында балдар дагы бар, бункерлерде калышууда” - деген Украинанын улуттук гвардиясынын өкүлү Денис Шлеханын сөзүн келтирди. “Ал жактан баарын чыгарып кетиш үчүн кеминде дагы ушундай эки эвакуациялык операция өткөзүү керек болот”, - деп кошумчалады ал.

Орус көзөмөлүндөгү территорияга эвакуациялангандардын бири Рейтер агенттигине: “Биз эмнеден өткөнүбүздү элестете албайсыңар – бул террор” – деди.

“Мен бункер чыдай албай калабы деп коркуп, жүрөгүм түштү”, - деди Наталья Усманова. - “Бункер титиреп баштаганда, өзүмө ээ боло албай калдым, күйөөм буга күбө боло алат: мен бункер жарылып кетеби деп корктум”.

Биз көптөн бери күндү көрө албай калганбыз.

Азовсталь территориясынан эвакуациялоо учурунда

Сүрөттүн булагы, Reuters

Биринчи эвакуация Орусия көзөмөлдөгөн айылга болду

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ишембиде “Азвосталь” заводунан жай жарандардын алгачкы тобу эвакуацияланган, бирок алардын тагдыры көпкө чейин белгисиз болуп турду.

Учурда РФ коргонуу министрлиги, 80 жай жаран курчалган заводдон Орусия көзөмөлдөгөн Безыменное айылына келгенин кабарлады. Аларга медициналык жардам көрсөтүлгөнү жана керектүү нерселер берилгени дагы айтылды.

Орус маалымат каражаттары тараткан билдирүүлөрдө, министрлик “Украинанын көзөмөлүндөгү аймактарга кетүүнү каалаган жарандар БУУ жана эл аралык Кызыл Чырым комитетинин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди”, - деп айтканы белгиленет.

Рейтер агенттигинин эвакуациялангандар келген айылдагы фотографы конвой менен 50дөн ашык киши келгенин көргөнүн жана ал жакта БУУнун өкүлдөрү дагы бар экенин билдирди.

Мариуполь бир нече аптадан бери орус артиллериясынын тынымсыз аткылоосу алдында жашап келет.

“Азовсталь” заводунда акыркы коргонуучулар менен бирге жүздөгөн жай жарандар калууда.

Өткөн айда Владимир Путин “Азовсталь” заводуна чабуулду токтотуп, “чымын учуп өтпөгүдөй кылып” курчап салууга буйрук берген.

Мариуполь бул согушта эң чоң жабыр тарткан шаарлардын бири. Шаардын мэри Би-Би-Сиге: “Шаардан чыгып кетип жаткандар – тозок бар, ал Мариуполь”, - дешкенин айтты.

Жекшембидеги эвакуациядан кийин, Мариуполдун бийликтери шаардын “Азовсталь” заводунан башка бөлүктөрүндө эвакуация дүйшөмбүнүн таңына чейин токтотулганын айтышты. (CS)