Сауд Аравия: АКШ-Украина сүйлөшүүсүндө эмнелер талкууланат?

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио

11-мартта Сауд Аравиянын Жидда шаарында Украина-АКШ делегацияларынын жолугушуусу өтөт. Бул Дональд Трамп менен Володимир Зеленскийдин Ак үйдөгү кайым айтышынан кийинки биринчи расмий жолугушуу. Бул сүйлөшүүлөрдө кайсы маселелер талкууланат жана анын катышуучулары кандай жыйынтыктарды күтүшөт?

10-март күнү Зеленский принц Мухамед бин Салман менен жолугушуу үчүн Сауд Аравиясына барды. Бирок ал 11-март күнү өтө турган жолугушууларга катышпайт.

Зеленский америкалык делегация менен жолугушууда "тынчтыкты орнотуу планына тезирээк жетишүүнү жана ошондой эле Вашингтон тараптан мындан аркы колдоо" маселеси оң жагына чечилишин үмүт кылат.

Украиналык делегациянын курамына украиналык администрациянын башчысы Андрей Ермак жана анын орун басары Павел Палиса, Украинанын Тышкы иштер министри Андрей Сибига жана Коргоо министри Рустем Умеровдор кирди.

Америка тараптан болсо февраль айында Эр-Риядда орусиялык өкүлдөр менен жолугушууга катышкан делегация келет. Алар АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, улуттук коопсуздук маселелери боюнча Трамптын кеңешчиси Майк Уолтц жана АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф.

Зеленский

Сүрөттүн булагы, Office of the President of Ukraine

Жолугушууда эмнелер талкууланат?

"Конструктивдүү сүйлөшүүлөр үчүн биздин маанайыбыз абдан жакшы. Бул зарыл чечимдерди жана кадамдарды талкуулоого жакшы өбөлгө түзүп берет деп ойлойм. Украина биринчи секунддан баштап тынчтыкка умтулат. Сүйлөшүү аянтчасында толук кандуу реалдуу сунуштар киргизилет. Эң башкысы — ыкчам жана иштиктүү аракет кылышыбыз керек", - деп билдирди Зеленский өткөн ишемби күнү.

Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф Сауд Аравиядагы жолугушууда конфликтти жөнгө салуунун негиздери жана Орусия менен жарашуу ыктымалы боюнча келишимдер карала тургандыгын билдирген эле.

Reuters агенттиги америкалык эки чиновникке шилтеме берип жазгандай, Сауд Аравияда украиналык делегация менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Киев ок атышууну токтотуу боюнча Орусияга жол бошотуп берүүгө даярбы деген суроо такталышы мүмкүн.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошондой эле Ак үйдөгү кайым айтышуудан кийин украин бийлиги Дональд Трамптын администрациясы менен мамилени чындап эле жакшыртууга кызыкдарбы же жокпу дегенди америкалык делегация тактап билүү үчүн украин тараптын тамырын тартып көрмөкчү. Бул тууралуу Reuters менен маектешкендердин бири айткан.

"Мен тынчтыкты каалайм жана компромисске баруудан баш тартам деп айтууга болбойт",- деди агенттикке маек курган америкалык чиновниктердин бири.

"Украиналыктар жөн гана тынчтыкка эмес, реалдуу тынчтыкка кызыкдарбы дегенди билгибиз келет. Эгерде аларды 2014-жылкы же 2022-жылдагы чек ара гана кызыктырса, анда бул эмнени айтып турат", - деди дагы бир булак.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Жиддага карай сапарын баштаганы жаткан учурда журналисттер менен сүйлөшүп, Киев тынчтык үчүн кандай чегинүүгө даяр экендигин анын делегациясы консультация учурунда билүүгө аракет кылаарын айтты.

Анын сөзүнө караганда, эки тарап тең бири-бирине жол бошотууга туура келет, мүмкүн территория маселесинде дагы.

"Мен алар кылышы керек же милдеттүү деп кандайдыр бир шарттарды коюуга камынган жокмун. Биз алар канчалык тереңдеп кирүүгө даяр экенин угууга даярбыз жана аны орусиялыктар эмнени каалап жатканы менен салыштырабыз. Андан кийин биз бири-бирибизден канчалык алыс экенибизди көрөбүз",- деди Рубио.

Анын айтымында, эки тарап тең конфликтти аскердик күч менен чечүү жолу жок экендигин аңдап түшүнүүлөрү керек. Бул бир гана дипломатия менен жөнгө салынат.

Financial Times гезити Украина АКШ делегациясы менен жолугушууда Орусия менен ок атышуунун кайсы бир бөлүгүн токтотуу боюнча сунуш бериши мүмкүндүгүн жазды.

AFP агенттиги украиналык чиновниктин айткандарына шилтеме берип, Киев сүйлөшүүлөрдө асманда жана деңизде ок атышууну токтотуу боюнча сунуш берет. Анткени мындай аракет "тынчтыкты орнотууга жана анын ишке ашышын көзөмөлдөөгө кыйла жеңил".

Басылманын булактарынын маалыматына караганда, бул сунуш дрон жана алыска учкан ракета чабуулун токтотууну, ошондой эле Кара деңиздеги аскердик аракеттерден баш тартууну камтыйт.

Марко Рубионун айтымында, Сауд Аравиясындагы жолугушуу Украинага аскердик жардам берүүнү кайра жандандыруу маселесинде чечүүчү ролду ойнойт.

"Эгер биз сүйлөшүүнү жакшы жыйынтык менен аяктасак жана президентке кабарласак, анда тыныгуу боюнча [жардам берүү боюнча] чечимдер кабыл алынат деп ойлойм",- деди Рубио.

"Биринчи айлампада туткундарды бошотуу, ракеталарга, алыска уча турган дрондорго, энергетикалык жана башка жарандык инфраструктураларды бомбалоого тыюу салынышы мүмкүн жана Орусия дал ушул шарттарды аткарса, деңиз аркылуу салгылашууну да токтотуу керек, – деп айткан 4-февралда.

ЖМКлардын маалыматына караганда, украин тараптын чечими кен байлыктар боюнча келишимден көз каранды болуп калышы мүмкүн. Келишимге кол коюу Ак үйдөгү ийгиликсиз сүйлөшүүдөн кийин үзгүлтүккө учураган.

Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф Fox News телеканалынын суроосуна жооп берип жатып, ушул аптадагы жолугушууда келишимге кол коюлушу мүмкүн экенин айтты. Володимир Зеленский да буга чейин документке кол коюуга даяр экенин билдирген.

Уиткофф Сауд Аравиясында талкуулана турган маселелердин арасында украиналыктардын "коопсуздук протоколдору" бар экенин кабалады.

Ал АКШ коргонуу үчүн керек болгон кайсы бир чалгын маалыматтарын украиндер менен бөлүшүүнү токтотпогондугун айтып чыкты.

Дональд Трамп бир күн мурун АКШ Киев менен чалгын маалыматтарын алмашууну "дээрлик кайра калыбына келтиргенин" билдирген.

Орусиянын пикири кандай?

Аба күчтөрүндө артыкчылыкка ээ болгон жана ырааттуу түрдө Украинанын аймагына массалык түрдө дрон-ракета менен соккуларды жасап келген Орусия буга чейин убактылуу элдешүү идеясын четке каккан. Кремль муну жөн гана убакыт утуу аракети деп сыпаттаган.

"Бизге душман кайра куралдана тургандай убактылуу тыныгуу эмес, чыныгы туруктуу тынчтык керек. Бизге юридикалык келишимдер жана механизмдер керек", – деген эле Орусиянын Тышкы иштер министринин расмий өкүлү Мария Захарова.

Москванын айтымында, бул аптада Орусия менен АКШ сүйлөшүүлөрү пландалган эмес.

Ошол эле маалда Bloomberg агенттиги анонимдүү булактарына шилтеме берүү менен Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф ушул жумада Москвага жол тартарын, Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшөрүн жазды.

Буга чейин CNN телекомпаниясы да Дональд Трамптын администрациясынын өкүлдөрү ушул аптада украин эле эмес, орус чиновниктери менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн ырастаган.

Мурдараак Дональд Трамп украин чатагын жөнгө салууда Сауд Аравиясындагы сүйлөшүүлөрдөн "чоң прогресс" күтөрүн айткан.

18-февралда орус-америка сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы Сауд Аравиясында өткөн. Сүйлөшүүгө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков жана Орусиянын түз инвестициялар фондунун башкы директору Кирилл Дмитриев катышкан. Америкалык делегациянын курамында Марко Рубио, Майк Уолтц жана Стив Уиткофф болгон.

Зеленский анда Киев катышпаган бир дагы келишимди Украина кабыл албай турганын айткан.

Анализ: Ок атышпоо менен тынчтык келишиминин ортосундагы туңгуюк

Би-Би-Синин коопсуздук маселелери боюнча кабарчысы Фрэнк Гарднер:

Бул аптада АКШ менен Украина убактылуу ок атышпоо боюнча "алкактык" келишимге жетише алабы же жокпу деген маселе маанилүү болуп турат жана көп нерсе дал ушул макулдашуудан көз каранды.

Бул маселенин салыштырмалуу жеңил бөлүгү болуп саналат.

Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамптын ачуусун келтиргенден кийин согуштун бүтөрүнө дагы көп убакыт бар деген акыркы билдирүүсүнөн баш тартууга аргасыз болгон.

Ал тынчтыкка жетүү үчүн колунан келген бардык аракетин жасай турганын, Украина Вашингтондун аскерий жана чалгын жардамына өтө муктаж болуп турганын айткан. Анын пикиринде, бул Орусиянын мындан аркы чабуулдарынын алдын алууда өтө маанилүү.

Бирок андан кийин маселенин татаал бөлүгү башталат.

Орусия менен Украина тынчтык келишиминде аларга эмне ылайык келери боюнча азырынча бир пикирге келе албай жатышат.

Москва Украинага толук масштабдуу согуш ачкандан бери өзүнүн алгачкы талаптарын анчалык деле жумшарткан жок.

Киев оккупацияланган төрт аймакты, анын ичинде азыр Украинанын колунда турган райондорду биротоло Орусияга өткөрүп берерин Кремль күтүп жатат.

Мындан тышкары Украинанын НАТОго же Евробиримдикке кирүүдөн таптакыр баш тартышын жана Киевде Москва үчүн ийкемдүү, орусиячыл өкмөттүн түзүлүшүн көздөйт.

Башкача айтканда, Москва капитуляцияны күтүүдө.