Жасалма интеллект жаныбарларга сыноону токтотушу мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жаныбарларды сүйүүчүлөрдөн тартып лабораториянын техникалык жумушчуларына чейин эч ким жаныбарларга илимий сыноолорду өткөрүүдөн ырахат албайт.
Бирок, бул дары-дармектерди жана башка заттарды кийинчерээк адамдарга колдонууда коопсуздук маселесин камсыздоо, чечүү үчүн жасалган иш.
Дүйнөдө COVID-19 пандемиясы күчөп, күнүнө миңдеген адамдар тирүүчүлүк менен кош айтышып жаткан учурда, короновирустан коргой турган бирден-бир күч бул вакцина экени талашсыз эле. Бирок ага даяр вакцина жок болчу. Саат сайын өмүрлөр кыйылып, бүтүндөй шаарларда жашоо токтоп калгандай оор абал түзүлгөндө баарынын күткөнү "сыйкыруу дарыны" ойлоп табуу болуп калды. Сыйкырдуу дары - вакцина эле. Аны ойлоптабууга айлап убакыт керек, аны тапкан соң аны сыноого дагы айлап убакыт керек дегенде миллиондогон кишинин чыдамы кетип, санаага батып турду. ЖИ дал ошол процессти тезедете турган күчкө ээ болуп калды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Изилдөөчүлөр узак убакыттан бери бул иште жаныбарларды колдонбой турган альтернативаларды издеп келишет. Жасалма интеллект (ЖИ) азыр бул ишти тездетип жатат.
Бул жаатта ЖИ колдонуунун артыкчылыктарынын бири жөнөкөй, бирок натыйжалуулугу деп ырасталат. Жаңы, керексиз сыноолорго муктаж болбош үчүн жаныбарларды сыноонун бардык учурдагы жана жеткиликтүү глобалдык натыйжаларын издөө үчүн колдонуу иши.
“Бул пайдалуу, анткени илимпоздорго керектүү нерселерди табуу жана талдоо үчүн ондогон жылдар бою маалыматтарды издөө кыйын болуп калышы мүмкүн”, - дейт АКШдагы коммерциялык эмес дарыгерлер комитетинин медицина үчүн жооптуу улук илимий талдоочусу Жозеф Мануппелло.
“Мен ChatGPT сыяктуу ЖИ моделдеринин колдо болгон бардык маалыматтарды алуу, синтездөө жана аны максималдуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө абдан кубанычтамын" - дейт ал.
"ЖИ илимий эмгектерден маалымат алууда адам эмгегиндей эле жакшы, кээде андан да мыкты" - дейт АКШдагы Жон Хопкинс университетинин профессору, токсиколог Томас Хартунг. Томас ошондой эле жаныбарларга сыноо боюнча альтернатива борборунун дагы директору.
Учурдагы жаныбарларды сыноого келсек, профессор Хартунг жаңы химиялык заттарды текшерүү зарылдыгы негизги себептердин бири экенин ырастайт. Ал эми жыл сайын рынокко 1,000 ден ашык жаңы кошулмалар менен сыналышы керек болгон көптөгөн заттар пайда болот.
Профессор Хартунг кошумчалагандай, программалык системалар токсикологияда көптөн бери колдонулуп келген. Эми ЖИ иштин мындан да тез илгерилишене жана тактык маселесинде "чоң секирик" берет.
"Бул күтүлбөгөн жерден мурда болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү жаратат" - дейт ал. Илимпоз ЖИ азыр ууланууну текшерүүнүн бардык этаптарына катышып жатканын кошумчалады. ЖИ башынан эле жаңы дары-дармектерди жаратуу үчүн дагы колдонулат.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Албетте, ЖИ системалары химиялык заттардын коопсуздугун аныктоо үчүн кынтыксыз дегенге болбойт. Бул маалыматтардын бир жактуулугу анын көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат.
Мунун бир мисалы, эгерде ЖИ системасы жана анын алгоритми ден-соолукка байланыштуу маалыматтарды, негизинен, бир этникалык топтун жардамы менен "үйрөтүлсө" чектелүү маалымат болуп калышы ыктымал.
Анын эсептөөлөрү же жыйынытыгы башка улуттагы адамдарга төп келбей калышы да мүмкүн деген тобокелдик бар.
Бирок профессор Хартунг белгилегендей, адамдын дарыларын жаныбарларга сыноо кээде анча деле пайдалуу эмес.
Мисалы, артрит дарысын Vioxx жаныбарларга текшерүү стадиясынан өткөн, бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй, адамдарда узак мөөнөттүү колдонуу инфаркт жана инсульт коркунучун жогорулатат.
Башка жагынан алганда, ооруну басаңдатуучу аспирин сыяктуу, кээ бир кеңири колдонулган дары-дармектер келемиш эмбриондору үчүн уулуу болгон жаныбарлардын сыноолорунан өтпөйт.
Бир катар учурларда ЖИ жаныбарларды сыноого салыштырмалуу өзүнүн тактыгын далилдейт деп Профессор Хартунг жыйынтыктайт.

Келечекте жаныбарларга сыноонун зарылдыгын алмаштыруу үчүн түзүлгөн ЖИ долбоорлорунун бири AnimalGAN деп аталат. АКШнын азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан, бул программа келемиштер берилген химиялык заттарга кандай реакция кыларын так аныктоого багытталган.
ЖИ 6,442 реалдуу келемиштердин 1,317 дарылоо сценарийиндеги маалыматтарды колдонуу менен үйрөтүлгөн.
Virtual Second Species деп аталган окшош эл аралык долбоор жасалма интеллекттин негизинде виртуалдык итти жаратат, ал тарыхый иттердин изилдөө натыйжаларынын маалыматтарын колдонуу менен үйрөтүлөт.
“Адам сыноолору башталганга чейин, учурда жаңы дары-дармектер келемиштерде жана иттерде потенциалдуу уулуулугун текшерүү үчүн сыналып жатат” - деп түшүндүрөт бул программанын бир бөлүгү болгон Улуу Британиянын изилдөө борбордун бөлүм башчысы Кэти Викерс.
Келечекте ЖИ менен сыноонун негизги көйгөйү жөнгө салуучу жактырууну алуу болот. "Толук кабыл алуу убакытты талап кылат" - дейт Доктор Викерс.
Ошентсе да, Cruelty Free International басым тобунун илим жана жөнгө салуу иштери боюнча директору Эмма Грейндж, ЖИ-те негизделген альтернативалар натыйжалуу же натыйжасыз болсо деле, жаныбарларга сыноону тыюу салынышы керек деп эсептейт.
"Азыркы учурда, ЖИ сыяктуу жаңы технологиялар, мындай сыноону кыскартуу же өркүндөтүү эмес, чындыгында жаныбарларга сыноо токтотууга кандайча салым кошо алаары белгисиз" - дейт ал.
"Бирок биз жаныбарларды адамдын ден соолугун жана айлана — чөйрөнү коргоо үчүн үлгү катары колдонуу эскирген илим экенин билебиз жана акыры ЖИ жаныбарларды кандайдыр бир сыноолордо же эксперименттерде колдонуудан өтүүдө түрткү бере алат деп үмүттөнөбүз".
“Бирок жаныбарларга сыноо бир күндө жок болуп кетпеши мүмкүн” - дейт Германиянын фармацевтикалык компаниясынын башкы ветеринардык дарыгери Керстин Клейншмидт. Анын фирмасы Virtual Second Species долбоордун демөөрчүлөрдүн бири болуп саналат.
"Жаныбарларды колдонуу зарыл жана жүйөлүү себептерден көп жагынан милдеттүү" - дейт ал. "Бирок биз келечекке ишенебиз, анда биз бүгүн талап кылынган чечилбеген маселелер үчүн жаныбарларды сыноону колдонбостон жакшыраак чечимдерди таба алабыз". (JA)












