Мээдеги чип: Илон Маск оюндагысын орундаттыбы?

Илон Маск

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Чуулгандуу миллиардер Илон Маск анын Neuralink компаниясы биринчи жолу адамдын мээсине чипти ийгиликтүү орнотконун жарыялады.

Имплантацияланган аппараттын алгачкы натыйжалары келечектүү экендигин: нерв импульстарын жакшы аныктай аларын көрсөттү деп жатат.

Чип адамдын мээсин компьютер менен байланыштырып, физикалык, психикалык жана татаал неврологиялык оорулар менен күрөшүүгө жардам берерин убада кылат.

Илон Маск мындай чипти адамдарга сыноо үчүн уруксат кагаздарын өткөн жылдын май айында алган. Сыноолор алдын ала эсептерге караганда, алты жылга чейин созулат.

Neuralink компаниясы билдиргендей сенсордук чип мээге орнотулуп, ал мээнин кымыл-аракетке жооптуу бөлүгүн көзөмөлдөйт. Аппарат мээнин сигналдарын кабыл алып, сырткы түзүлүшкө өткөрүп берет, аларды чечмелеп, адам кандай кыймыл жасагысы келерин түшүнөт.

Мурда Twitter катары белгилүү болгон X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Илон Маск Neuralinkтин биринчи продуктусу “Телепатия” деп аталарын айтты.

"Бул сизге телефонуңуз же компьютериңиз аркылуу, дээрлик бардык түзмөктөрдү - жөн гана ойдун күчү менен башкарууга мүмкүндүк берет”. Ал айткандарын чечмелеп түшүндүрүү үчүн нейрондору жабыркаган атактуу маркум окумуштууну мисал келтирди. “Элестетиңиз, мүмкүнчүлүк болгондо Стивен Хокинг профессионал машинисттин же аукцион менеджеринин ылдамдыгынан да тезирээк сүйлөшө алмак”,- деди Маск.

Neuralink'тин атаандаштары бир нече жылдан бери мээ-интерфейсациялоочу чиптердин үстүндө иштеп, бир канча ийгиликтерге жетишкен. Дагы бир америкалык компания Blackrock Neurotech 2004-жылы компьютер менен иштешүү үчүн мээге аппаратты биринчи жолу орноткон.

Neuralink компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири тарабынан түзүлгөн Precision Neuroscience да шал оорусу менен жабыркаган адамдарга жардам берүүнү максат кылат. Анын имплантаты мээге жабышкан өтө жука пленканы элестетет. Бул Neuralink чипине караганда бир топ татаал операцияны талап кылат.

Масктын бул аракетин илим, технологиядагы чоң жаңылык катары карагандар да, андан кооптонгондор да бар

Сүрөттүн булагы, BBC World

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Масктын бул аракетин илим, технологиядагы чоң жаңылык катары карагандар да, андан кооптонгондор да бар

АКШда акыркы эки эксперимент учурунда эки башка окумуштуулар тобу мээге имплант аркылуу адам акылы менен сүйлөөгө аракет кылган учурда сигналдарды окуп, бул сигналдарды сөзгө айлантышкан.

Neuralink компаниясы башында ишин Илон Масксыз баштаган, ал аны бир нече жыл мурун сатып алып, жүздөгөн миллион долларлык кошумча инвестицияларды тарткан.

Компаниянын билдирүүсүндө айтылгандай, алты жылга эсептелген эксперименттин башталышында робот адамдын чачынан да ичке алтымыш төрт ийкемдүү торчолорду ыктыярчылардын мээсинин “кыймыл жасоо ниетине” жооп берген аймагына хирургиялык жол менен орнотот.

Бул кантип иштейт?

Бул эксперименталдык N1 имплантатына мээ жөнөткөн сигналдарды жазууга жана адам кандай кыймылдарды жасоону көздөп жатканын чечмелей турган атайын тиркемеге жиберүүгө мүмкүндүк берет. Имлпантаттын батареясы контактсыз кубатталат.

Компаниянын айтымында, квадриплегия, башкача айтканда, жаракаттан улам колдору да, буттары да шал болуп калган же жүлүн менен мээнин нерв клеткаларынын бузулушун шарттаган амиотрофиялык каптал склерозу (ALS) оорусу менен жабыркаган адамдар бул эксперименттерге катышса болот.

Илон Масктын бул долбоорго катышуусу Neuralinkтин кадыр-баркын көтөрүшү анык, бирок атаандаштар да уктап жаткан жок. Юта штатында жайгашкан Blackrock Neurotech өзүнүн биринчи BCI имплантатын 2004-жылы жасаган.

Neuralink’тин негиздөөчүлөрүнүн бири тарабынан түзүлгөн Precision Neuroscience компаниясы дагы шал оорусунан жабыркагандарга жардам берүүнү максат кылат.