Медицинадагы ачылыштар: Безгекке каршы жаңы вакцина жана мээдеги тирүү курт

Woman preparing malaria vaccine

Сүрөттүн булагы, University of Oxford

Бул жерде 2023-жылы саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлгөн изилдөөлөр берилди. Биз өткөн жылда болгон эң маанилүү окуялардын айрымдарын гана карап чыгабыз.

Безгекке каршы экинчи вакцина

Бир кылымдан ашык илимий аракеттерден кийин дүйнө безгекке каршы арзан вакцинага ээ болду. Оксфорд университети тарабынан иштелип чыккан бул вакцина безгекке каршы иштелип чыккан экинчи вакцина болуп эсептелет. Ал GlaxoSmithKline (GSK) тарабынан иштелип чыккан RTS,S деп аталган биринчи вакцинадан кийин эки жылдан соң табылды. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДСУ) эки вакцинанын эффективдүүлүгү "абдан окшош" жана бири экинчисинен жакшыраак экенине эч кандай далил жок деп билдирди. Бирок, негизги айырмачылык - Оксфорд университетинин R21 деп аталган вакцинасынын зор масштабда чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар.

Дүйнөнүн эң ири вакцина өндүрүүчүсү - Индиянын Серум институту жылына 100 миллиондон ашык дозаны чыгара алат жана ал жылына 200 миллион дозага чейин жеткирүүнү пландаштырууда. Азырынча болгону 18 миллион RTS,S. дозасы бар.

A child gets a malaria vaccination at Yala Sub-County hospital in Yala, Kenya on 7 October 2021

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Безгекке каршы биринчи вакцина — RTS,S вакцинасы 2021-жылдын октябрында ДСУ тарабынан колдоого алынган.

ДСУ жаңы R21 вакцинасы "маанилүү кошумча курал" болот деп билдирди. Ар бир доза 2-4 доллардан турат жана бир адамга төрт доза керектелет. Бул RTS,Sтин жарымына жакын баасы. Эки вакцина тең окшош технологияларды колдонушат жана безгек митесинин жашоо циклинин бир баскычына багытталат. Бирок, жаңы вакцинаны өндүрүү оңой, анткени ал азыраак дозаны талап кылат жана жөнөкөй адъювантты (вакцинада берилген, иммундук системаны кыймылга келтирүүчү химиялык зат) колдонот.

Чиркейлер аркылуу жугуучу оорулардын ичинен безгек эң коркунучтуусу жана бул оорулардын 95% Африкада кездешет.

2021-жылы безгектин 247 миллион учуру катталып, 619 000 адам каза болгон, алардын көбү беш жашка чейинки балдар.

Биринчи көз трансплантациясы

Аарон Джеймс, АКШдагы жогорку чыңалуудагы инженердик линиялардын жумушчусу, 2021-жылы кокусунан 7,200 вольттук зымга урунуп, бетинин көбүн күйгүзүп алган. 2023-жылдын май айында ал көздүн трансплантациясынан тышкары сейрек кездешүүчү жарым-жартылай бет трансплантациясынан да өттү, ага 140тан ашык медицина кызматкерлери тартылды.

Aaron James of Hot Springs, Arkansas, poses with Dr Eduardo D. Rodriguez after he underwent surgery for the world’s first whole eye transplant as part of a partial face transplant at NYU Langone

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аарон Джеймс (солдо) процедурага карабастан кайра көрө албай калышы мүмкүн

Татаал операцияны Нью-Йорктогу NYU Langone Health университетинин хирургдары ноябрь айында жасашты. Алардын айтымында, 46 жаштагы Джеймс мырза кош трансплантациядан жакшы айыкты жана донордук көздүн абалы да мыкты. Анын оң көзү дагы деле көрөт. Дарыгерлер Джеймстин операциясы илимпоздорго адамдын көзү айыгуу үчүн кандай зор аракеттерди жасай турганын так көрсөтөт дешет. Алар ошондой эле көздүн мээге сүрөттөрдү жөнөтүүчү бөлүгү - торчого түз кан агымы бар экенин айтышты.

Джеймс мырзанын жаңы көзүнүн көрүүсү калыбына келерине эч кандай ишенич жок болсо да, дарыгерлер бул мүмкүнчүлүктү жокко чыгарышпайт. Бет жана көз 30 жаштардагы жалгыз эркек донордон алынды.

Операция учурунда доктурлар донордун жилик чучугундагы чоңдордун сөңгөк клеткаларын көрүү нервине сайып, анын калыбына келишине түрткү беришти.

Кырсыктан кийин Джеймс мырза ооругандыктан сол көзүн алдырып салууга аргасыз болгон жана көптөгөн операцияларды, анын ичинде колду протездөөнү башынан өткөргөн. Ал АКШда жүзүн алмаштыруу операциясынан өткөн 19-гана адам болуп саналат.

AI тарабынан бааланган жүрөктүн абалы

Жасалма интеллекттин (AI) жаңы куралы адамдын жүрөгү ичимдикти көп ичүүдөн, тамеки чегүүдөн, туура эмес тамактануудан жана көнүгүүлөрдүн жетишсиздигинен эрте картаярын көрсөттү. Изилдөөнүн максаты - инсульт жана жүрөк оорулары сыяктуу көптөгөн курактык тобокелдиктерди азайтуу, жүрөктүн карылыгын кайтаруунун жолдорун табуу. Бул система Медициналык изилдөө кеңешине (MRC) караштуу Лондон медициналык илимдер институтунун (LMS) профессору Деклан О'Реган жетектеген топ тарабынан иштелип чыккан.

"Биз кимдир бирөөнүн жүзүн караганыбызда, жаш же кары экенине баа бере алабыз - биздин органдарыбыз да ушундай", - дейт башкы окумуштуу профессор Деклан О'Реган.

MRI Scanner

Сүрөттүн булагы, BBC News

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Биринчи кадам — жеңил машыгуудан кийин MRI сканерлөөсү.

Жүрөктүн саламаттыгын өлчөөнүн көптөгөн жолдору бар, анын ичинде сканерлер, электрокардиограммалар (ЭКГлар) жана кан басымы - бирок булар азыркы абалдын гана сүрөтүн берет, ал эми жүрөк күндөн күнгө же айдан айга өзгөрүшү мүмкүн. Профессор О'Реган AI анализи жүрөктө өмүр бою топтолгон такылдатууну жана жараларды көрсөтөөрүн айтат. Бул процесс машыгуудан кийин жүрөктүн магниттик-резонанстык томографиясын (MRI) сканерлөөдөн өткөрүүнү камтыйт. Эрте картаюунун эң алгачкы белгилери өтө тымызын болушу мүмкүн болгондуктан, аларды атүгүл эксперт-кардиологдор да аныктай алышпайт.

Бирок AI куралы жүрөктүн абалы боюнча ар кандай 40 000 адамдын сүрөттөрүн жана алардын ден соолугунун натыйжаларын бере алат. Система MRI сканери 3D кыймылындагы жүздөгөн майда деталдарды талдайт жана аларды сергек жашоо образын карманган ар кандай курактагы 5000 адам менен салыштырат. "Жүрөктүн эрте картаюусу сиздин гендериңизге байланыштуубу жана сиздики башынан эле улгайган жүрөкпү же мунун себеби жашоо мүнөзүңүзгө байланыштуубу, аны биз билбейбиз," — дейт профессор О'Реган.

"Генетика бизге карылыкты жайлатууга же кайтарууга көмөктөшсө, бул сканерлер жаңы терапияларды баалоого, анын зыянга тийгизген таасирин көрүүгө жардам берет."

The implant preserves the existing joint and can be used at an earlier stage of arthritis, before a knee replacement is needed

Сүрөттүн булагы, University of Bath

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Имплант учурдагы муунду сактап калат жана тизени алмаштыруу керек болгонго чейин артриттин мурунку стадиясында колдонсо болот.

3D басып чыгарган жасалма тизе

Окумуштуулар тизенин остеоартритинен жапа чеккен бейтаптарга жардам берүү үчүн 3D-басма импланттарды ойлоп табышты.

Ыңгайлаштырылган остеотомия - сөөктү кесүү же кайра тегиздөө хирургиялык процедурасы адамдын тизе муунун сактап калуу үчүн иштелип чыккан. Бат университетинин окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан бул ыкма операцияларды тезирээк жана коопсуз кылууну көздөйт.

3D бийик тибиалдык остеотомия (HTO) плиталары бейтаптын тизесин тууралоо үчүн колдонулат, бул учурдагы жалпы плиталарга караганда туруктуураак, ыңгайлуу жана салмакты жакшыраак көтөрө алат. Оорулууга канча корректировка керек экенин пландоо үчүн дарыгерлер анын сөөктөрүн рентгенге жана томографияга тартышат. Андан кийин 3D принтерин колдонуу менен хирургиялык гид стабилдештирүү плитасы түзүлөт.

Андан кийин бул төөнөгүчтөр пациенттин бутундагы эки сөөктү бириктирүү үчүн убактылуу колдонулат. Андан кийин төөнөгүчтөр бошотулуп, эки бурамалар киргизилип, сөөктүн тегиздөөсүн оңдоо үчүн клин пайда болот. Андан кийин калыбына келтирүү табагы санариптик жаратууну хирургиялык чындыкка айлантуу үчүн үстүнө коюлат. Беш бейтап менен болгон алгачкы коопсуз сыноодон кийин, азыр Англия жана Уэльс боюнча башка 50 адам тизе алмаштырууну ушул ыкма менен жүргүзгөн сыноого катышуу үчүн тартылууда.

Мээден тирүү курт табылды

Дүйнөдө биринчи жолу окумуштуулар австралиялык аялдын мээсинен 8 см (3 дюйм) тирүү куртту алып салышты.

"Жип сымал түзүлүш" өткөн жылы Канберрада операция учурунда бейтаптын жабыркаган маңдай бөлүгүнөн алынган, бирок операция тууралуу отчет быйыл гана жарыяланды. "Албетте, бул биз күткөндөй болгон жок. Баары таң калышты", - деди операциялык хирург доктор Хари Прия Банди.

A brain scan and the 'happily moving' worm in a specimen jar

Сүрөттүн булагы, Australian National University

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дарыгерлер куртту тирүү табышканда таң калышты.

64 жаштагы аял бир нече ай бою ашказан оорусу, жөтөл жана түнкү тердөө сыяктуу симптомдорду башынан өткөрүп, унутчаактык менен депрессияга тушуккан. Ал 2021-жылдын январь айынын аягында ооруканага жаткырылган жана кийин сканерлөө "мээнин оң фронталдык бөлүгүндөгү атиптик жараканы" көрсөткөн.

  • Ушул окуяны толугу менен бул шилтемеден окусаңыз болот:

Бирок анын абалынын чыныгы себеби 2022-жылдын июнь айында, биопсия учурунда, доктор Бандинин бычагы аркылуу гана аныкталган. Дарыгерлердин айтымында, кызыл мите анын мээсинде эки айга чейин жашай алмак. "Анын иши личинкалардын адамдын мээсине басып киришинин жана өнүгүшүнүн биринчи учуру болуп саналат" - деп белгилешти изилдөөчүлөр бул окуяны кабарлаган Emerging Infectious Diseases журналында. Окумуштуулар бул окуя жаныбарлардан адамдарга жугуучу оорулардын жана инфекциялардын кооптуулугун ачык көрсөтөт деп билдирди. (МА)