Украинанын жети миңден ашуун аскери дайынсыз болууда

Украинанын дайынсыз жоголгондордун иши боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Олег Котенко өлкөнүн жети миңден ашык аскери дайынсыз жоголуп кеткенин билдирди. Алардын көбү орустарда туткунда экени айтылууда.

Олег Котенко Украинанын коомдук телеканалына жети миң чамал аскердин дайыны жок болуп жатканын билдирди. Мунун ичинде армияда жана улуттук гвардия сыяктуу аскердик бөлүктөрдө кызмат кылгандар бар.

"Эгер биз аскер деп атсак, анда аскер ким экенин тактап түшүнүп алалы. УКК (Украинанын Куралдуу Күчтөрү) бар, Улуттук гвардия бар, чек арачылар бар, УКК (Украинанын коопсуздук кызматы) бар, булар ар башка институттар. Булар УКК берип аткан санга кирбейт. УКК дайынсыз кеткен эки миңдей аскер жөнүндө маалымат берип жатат".

Котенконун айтымында, ким болбосун расмий байланыш болмоюнча дайынсыз жоголду деп эсептелерин айтты.

Дайынсыз жоголгондордун арасында Россияда туткунга түшкөндөр бар жана өлкөнүн чыгышындагы Москва колдогон жикчил күчтөргө кошулуп кеткендер да болушу мүмкүн.

Өткөн айда Россиянын Коргоо министрлиги алты миңден ашуун украин аскери колго түшүп же туткундалганын билдирген болчу.

Марипуоль шаарындагы Азовсталь заводун курчоо убагында эки жарым миңден ашык адам багынып берген.

«Мисалы, «Азов» полку – бул Улуттук гвардия (ИИМге баш ийет), ал жакта да дайынсыз кеткендер бар. Алар Азовсталдан чыккандан кийин туугандарына байланышка чыгышкан эмес»,-деди ыйгарым укуктуу өкүл.

Котенко туткунга түшкөндөр эртеби-кечпи алмашуу жолу менен бошотуларын билдирди.

Эки өлкө улам-улам туткундарды алмашып жатышат, бирок алардын саны анча көп эмес.

 Июнь айында Британияда чыгуучу "The Independent" басылмасы Россия 5600 украин аскерин туткунда кармап жатканын жазган эле.

 29-июнда туткундарды алмашуу болуп, Украинага 144 аскер кайтарылды, анын ичинен 95 «Азовсталдын» коргоочулары.

Контр чабуулга даярдык

Көп аскеринин дайын-дареги жок болуп жатканына карабастан, Украина күчүн жыйнап, орус армиясы басып алган аймактарды кайра бошотуп алууга камынууда.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников Британиянын Times басылмасына берген маегинде президент Зеленский түштүктөгү аймактарды кайтарып алуу операциясынын планын даярдоого буйрук бергенин билдирди. Киев бул үчүн аскеринин санын миллионго жеткирүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Резниковдун билдирүүсү таркаган убакта Украина менен Россиянын согушунда эки маанилүү учур жөнүндө сөз болууда.

Бир жагынан орус аскери Северодонецк менен Лисичанскини каратып алгандан кийин оперативдик тыныгуу жарыялады. Бул эки шаарга коюлган чабуул абдан оор согуштар менен коштолду. Бул шаарлардын алынышын Россиянын согуш башталгандан берки ийгиликтүү операциясы деп жатышкан менен орус армиясында көп аскердик жана техникалык жоготуулар болду.

Экинчи жагынан – Украина америкалык алыска таамай атуучу HIMARS ракеталык куралын ийгиликтүү колдоно баштады. Соңку эки аптада Украина армиясы Россиянын ондогон аскердик объектилерин (ок-дары кампаларын, штабдарды, базаларды) талкалады. Украин армиясы андан сырткары 22 км аралыкка ата турган америкалык M777 гаубицаларын колдонууга киришти. (КС)