Британия: "Начар башкарууга" нааразы мугалимдер иш таштады
Ли Бубайер, BBC News, Уилтшир

Улуу Британиянын Уилтшир округунда мугалимдер “начар башкарууга” нааразы болуп, эки күндүк иш ташташты.
Melksham Oak Community School мектебинин мугалимдери жандары жай албай, абдан чарчап, алы-күчү кеткендиктен иш таштаганын билдирүүдө.
Кээ бир жылдары мектеп шаршемби жана бейшемби күндөрү да жабык болгон учурлар бар.
Мектепти башкарган White Horse Foundation фонду кызматкерлердин маселелерин чечүүгө бардык чаралар көрүлөрүн жана иш таштоого “камтама” болуп жатканын билдирди.
Мугалимдер жетекчилик аларды жакшы колдоого албай жатканын белгилеп, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы, иш жүктөмү менен байланышкан көйгөйлөрдү, башкаруудагы башка маселелерди көтөрүүдө.
«Так стратегия»
Melksham Oak Community School мектебинин мугалимдеринин профсоюзу бир катар талаптарды аткаруу мугалимдерге барган сайын оор болуп баратканын билдирди.
Профсоюздардын башкы катчысы доктор Патрик Роуч мындай деди: «Эмгекти коргоо, коопсуздук, иш жүктөмү жанга окуучулардын жүрүш-турушун башкарууга байланыштуу саясат натыйжалуу болбой келатат, бул жерде бир топ маселени ыкчам чечиш керек».
«White Horse Foundation фонду бул маселелерге олуттуу мамиле кылганы абдан маанилүү».
Ал эми White Horse Federation федерациясынын өкүлү бул мектепти абдан күчтүү позицияда келатат дейт.
«Биз коомдун күтүүсүн акташ үчүн бул өркүндөө жолун улантабыз».
«Melksham Oak мектебин өнүктүрүүгө керектүү стратегиябыз бар, бирок баарына эле макул дей берсек бул биздин маанилүү ишибизге тоскоол болот».








