Россия: Жанкойдогу жардыруулар - диверсия

Россиянын Коргоо министрлиги Крым жарым аралындагы Жанкойдо аскердик кампада болгон жардырууну диверсия деп атады.

"Бир катар жарандык объектилерге зыян болду, анын ичинде электр чубалгысы, электрстанция, темир жол, бир катар турак үйлөр бар. Олуттуу жабыркагандар жок",-деп айтылат расмий билдирүүдө.

Өткөн аптада Крымдагы аскердик базада болгон катар-катар жардырууларда бир нече согуштук учак кыйрап жок болгону кабарланган. Ал эми Жанкойдогу жардыруулардын артында украиндердин элиталык аскер топтору турат деп The New York Times жазды.

Украинанын президенти Зеленский 16-августта оккупацияланган аймактын, анын ичинде Крымдын, Донбасстын жашоочуларына орустардын аскердик объектилерине жакын барбагыла, ар кандай жардыруулар болуп жатат деп кайрылуу жасады.

Украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк эми Крымда орустардын аскердик объектилерине чабуул ого бетер көбөйөт деп эскертти.

Крым жарым аралын Россия 2014-жылы Украинадан басып алган.

Россиянын Федералдык коопсудук кызматы бул айда украин диверсанттары Россиянын өзүндө эле жогорку чыңалуудагы линиянын алты көмөкчү чордонун жардырганын кабарлаган.

Ошондой эле Украинанын чек арасынан түндүк-чыгышта 100 км аралыктагы Курчатов районун аткылоо Курск АЭСинин иштешине зыян апкелгени да айтылууда.

Бирок «Росэнергоатом» станциясынын оператору ФСБнын маалыматын төгүндөп, кубаттуулуктун азайышы АЭСтин аймагынан сырткары жердеги подстанциялардагы авария менен байланыштуу экенин билдирди.

Коргоо министрлиги өз кезегинде шейшембиде Крымда болгон жардыруулар Майское кыштагынын жанындагы ок-дары сакталган кампада жергиликтүү убакыт боюнча 06:15те болгонун кабарлады.

Крым татарларынын лидери Рефат Чубаров жардыруулардын добушу бүт талаага угулганын айтууда.

Коргоо министрлигинин маалыматында "олуттуу жоготуулар" жок экени айтылат. Бирок Россия Крымга дайындаган жергиликтүү башчы Сергей Аксенов жардыруу болгон жерге барып, жакын турган кыштактан эки миңдей адам эвакуация болгонун, эки адам жарадар экенин билдирди. "Бир адамга осколка тийип жарадар болгон, экинчисин дубал басып калган. Алардын өмүрүнө эми коркунуч жок",-деди ал.

Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн командачылыгынын басма сөз катчысы Юрий Игнат жардыруулардын себеби "Россия өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандыгында" деп билдирди.

"Биз, албетте бул фактыга кубанбай кое албайбыз, анткени Жанкой (жардыруу болгон жер) душман тик учактарды жана башка согуштук техникасын сактаган жай болчу",-деди Игнат басма сөз жыйынында.

Орус аскери Украинага 24-февралда басып киргенден бери аннекцияланган Крымдагы аскердик базасын колдонуп, көбүрөөк аймакты басып алуунун аракетин көрүп жаткан эле.

Россия Украинанын түштүктөгү эки областын - Херсон жана Запорожьени басып алганга жетишти. Украина эми контр чабуулга өтүп, бул областтарды бошотуп алууга даярданып жатканын билдирген.

Ал эми Сакидеги орустардын аскер базасына өткөн шейшембиде болгон чабуулдан кийин спутниктен алынган сүрөттөр чоң зыян болгонун көрсөтүүдө. Кеминде сегиз согуштук учак кыйраган.

Россия өз кезегинде бул инцидент кокустук болду деп билдирген менен, базага чабуул Украина тараптан болгонуна шек санагандар аз.

Улуу Британиянын Коргоо министрлиги "жардыруулар" Россиянын Аскер деңиз флотунун Кара деңиздеги авиациялык мүмкүнчүлүгүн "бир топ эле" азайтып салганын билдирди.

Крымдын түндүгүндө болгон соңку жардыруулар Украинанын чыгышындагы орус аскерлеринин тылында жакында эле болгон чабуулдарга окшоп турат.

Коргоо министринин айтымында, июнь айынан тарта украин күчтөрү АКШ берген алыска таамай атуучу Himars куралын колдонуп, орустардын курал-жарак сакталган элүүдөй кампасын талкалоого аракет көрүүдө.

Крым менен Херсонду байланыштырган көпүрөгө да сокку урулуп, айрым жерлери бузулуп зыян тартты. Орус армиясынын Крымдан Херсонго каттаган аскердик байланышына коркунуч туулду. Ошол эле убакта Россиянын ЖМКлары Крымдагы объектилерге ракета эмес, дрон куралдар менен сокку урулду деп болжоп жатышат.

"Коммерсант" сайтынын жазганына караганда, Крымдын түштүгүндөгү Симферополдун жанындагы Гвардейск орус аскер базасына чакан дрондон чабуул жасалган.

Ошентип украин куралдуу күчтөрүнүн өзүнүн душманынын тылына терең кирип барганы орус армиясына олуттуу кыйынчылык алып келбей койбойт.

Саки аскердик аба майданындагы жардыруулар жакын турган башка жээктен көрүнүп турат, ал эми социалдык тармакта жарыяланган видеодон Керч кысыгында курулган көпүрө аркылуу кооптонуп кетип жаткан туристтердин агымын көрүүгө болот. (КС)