"Жүзүңдү ач": никабга тыюу салуунун машакаты жана тобокелчилиги

Айдай Аманкулова, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын фрилансер-журналисти


Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат

Сүрөттүн булагы, УКМК

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат

Кыргызстандын айрым аймактарында апрель айынын башынан бери коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө эскертүү берилип жатат. Бийлик жүз жашырууга расмий түрдө тыюу салынганын, мыйзам коопсуздук үчүн кабыл алынганын айтса, айрым жарандар бул чара дин тутуу эркиндигине каршы келет деген көз карашта.

Талдоочулар болсо түшүндүрүү иштерин милиция эмес жүзүн жапкандар үчүн урмат-сыйга ээ адамдар жүргүзсө натыйжалуу болорун билдирип жатышат.

Бул маселе бир эле Кыргызстан эмес бүтүндөй Борбор Азиядагы өлкөлөрдө бир нече жылдан бери талаш-тартыш жаратып келет.

"Мындан кийин көчөгө деле чыкпайм"

Коопсуздук маселелеринен улам айрым мамлекеттерде никабга тыюу салынган. Сүрөт Дагестанда тартылган

Сүрөттүн булагы, DPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коопсуздук маселелеринен улам айрым мамлекеттерде никабга тыюу салынган. Сүрөт Дагестанда тартылган

Айсалкын (каармандын суранычы менен анын ысымы өзгөртүлүп, жашаган районунун аты аталган жок) он жылдан ашык убакыттан бери никаб кийип жүрөт.

Анын айтымында, ал өткөн аптада өзү жашаган аймактагы милиция бөлүмүнө чакырылган. Укук коргоо кызматкери ага никабды чечүү керектиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Бирок ал никабын чече албай турганын, керек болсо коомдук жайларга барбай, үйдө отура турганын айткан.

"Райондун борборуна бардык. Кайсы бөлүм экенин деле билбейм, мен карапайым аялмын. Ал жакка никабды чечип, кеп такыя кийип, көз айнек менен бет кап тагынып алып баргам. Барганда түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү, мыйзамды көрсөтүштү. Туура кабыл алабыз дедик. Динде деле башчыңарга баш ийгиле деп айтылган. Жетекчилерибизге отчет беребиз деп, кызматкер жүзүмдү ачтырып, видеого тартып алды. Суроо-жооп бүткөндөн кийин "эшикке бет кабыңызды чечип чыгыңыз" деди. Ошондо жүзүмдү ача албайм, мындан кийин көчөгө деле чыкпайм деп айттым. Мен адамдардан биринчи Алланын өкүмүнө баш ийем, көп жылдан бери жабылган жүзүмдү эми ачмак белем дедим. "Эже, сизге эскерттик, эскертүүнү укпасаңыз айып пул салынат" деп айтышты", – деди Айсалкын.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Апрелдин башынан бери Кыргызстандын түштүк аймактарында коомдук жайларда никаб кийип жүрүүгө тыюу салынганы боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

8-апрелде Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери базарларды, эл көп топтолгон жайларды жана көчөлөрдү кыдырып чыкканын маалымдады.

Алар жүзүн жаап алган аялдарды токтотуп, дин жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргенин, ага ылайык, коомдук жайларда никаб кийгендерге 20 миң сом (орто эсеп менен 230 доллар) айып пул салынарын эскертишти.

Ушундай эле рейдди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 3-апрелде Жалал-Абад облусунун борборунда жана Сузак районунда да жүрүзгөнү маалым болду.

Жалал-Абад облустук милициясы никабын чечпегендерге 1-майдан тарта административдик жаза колдонуларын эскерткен.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери рейддер облустун бардык шаарларында, райондорунда да өтөрүн кабарлаган.

Хижаб – бул мусулман аялдарынын денесин (жүзүнөн башка бөлүктөрүн) жаап жүрүү үчүн кийген кийими. Адатта башты, моюнду, чачты жана кулакты жабат, бирок жүздү ачык калтырат.

Никаб – аялдар жүзүн (көздөн башка бөлүгүн) жаап жүрүү үчүн кие турган баш кийим. Көп учурда ал кара кездемеден жасалат.

Паранжы – аялдын бүт дегенсин, анын ичинде жүзүн да жаап турган кийим. Аны кийген аялдын көзү гана көрүнүп, бирок ал дагы тор менен жабылып турат. Башкача айтканда, аялдардын эң жабык формадагы кийими.

Эл арасындагы түшүндүрүү иштеринен бир көрүнүш

Сүрөттүн булагы, УКМК

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эл арасындагы түшүндүрүү иштеринен бир көрүнүш

"Бул бийликтин саясаты эмес, муфтияттын эрежеси". Президенттин талкуу жараткан пикири

Жүргүзүлүп жаткан рейддер боюнча президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине комментарий берип, жүзү ачык, бирок жоолук салынып жүргөндөргө таптакыр тийбөө керектигин, жүзүн таанылгыс кылып алган никаб менен паранжыга каршы туруу зарылдыгын айткан.

Жапаров никабга да, паранжыга да муфтият тыюу салганын, анын фатвасын жарандар милдеттүү түрдө аткарышы керектигин билдирген:

"Бул бийликтин саясаты эмес, бул муфтияттын Кыргызстан мусулмандарына чийип берген эрежеси, мыйзамы. Биз ошол мыйзамдын аткарылышына бийлик кайдыгер карап олтура бербей жардам беришибиз керек. Негизи эле кайсы гана маселе болбосун муфтияттын чыгарган фатвасынын аткарылышын камсыз кылганга жардам беришибиз керек".

Бул арада президенттин түшүндүрмөсүн бир катар юристтер сынга алышууда. "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова текшерүүлөр муфтияттын фатвасынын негизинде эмес, Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу жүрүп жатканын эске салды.

"Милиция органдары – муфтият сыяктуу жеке уюмдардын ички документтерине эмес, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кызмат кылган мамлекеттик орган. Сиздин маегиңиз жарандарды адаштырып, мамлекеттик кызмат системасынын көз карандысыздык жана бейтараптуулук принцибине шек келтирүүдө. Сиздин юристтериңиз жана кеңешчилериңиз сизге толук жана ишенимдүү маалымат бериши керек", – деп жазган Гүлшайыр Абдирасулова.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров быйыл 21-январда "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзамда медициналык көрсөтмөлөргө, кызматтык ишине, спорттук, маданий, оюн-зоок же башка коомдук иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан учурларды кошпогондо мекеме-ишканаларда жана коомдук жайларда адамдарга жүзүн толук жашырууга тыюу салынган. Эрежени бузгандарга 20 миң сом (200 эсептик көрсөткүч) өлчөмүндө айып пул чегерилет.

Президенттин билдирүүсүнө комментарий берип жатып, юрист Таттуубүбү Эргешбаева да Кыргызстан светтик жана укуктук мамлекет экенин белгиледи. Ал мамлекеттик органдардын, анын ичинде укук коргоо кызматкерлеринин иш-аракети бир гана мыйзамдарга негизделүүгө тийиш экенин жазды:

"Бул чара коомдук коопсуздукту камсыздоого жана адамдын өздүгүн аныктоого шарт түзүүгө багытталган. Мындай эрежелер башка өлкөлөрдө, анын ичинде Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерде да колдонулат".

Муфтият: никаб кыргыз коому үчүн бөтөн көрүнүш

Бул арада 8-апрелде Мусулмандар дин башкармалыгы кайрылуу жасап, никаб кыргыз коому үчүн жат көрүнүш экенин билдирди.

Муфтият шариятта хижаб кийүү парз болуп саналарын, ал эми никаб парз эмес сунуш экенин белгиледи.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын билдирүүсүндө никаб айрым учурда, маселен намаз жана ажылык учурда макирөө же арам болуп каларын да эске салган.

"Азыркы заманда жүзүн ачып жүргөндөргө каршы коркунуч жок. Кудайга шүгүр, мамлекетибиз кубаттуу, жарандардын коопсуздугу көзөмөлдө.

Коомдун салтына жана үрп-адатына бөтөн болгон нерсеге фатва берилбейт. Никаб биздин коомго бөтөн көрүнүш.

Бүгүнкү реалдуулукта никаб кийген эже-карындаштарыбыздын атын жамынып, аялча кийинген бүлгүнчүлөрдүн коомдук коопсуздукка шек келтирүү ыктымалдыгы жок эмес. Ошондуктан тааныла тургандай жүз ачып жүрүү маанилүү.

Демек, паранжа тагуу маселеси негизги диний маселелерге кирбейт. Аны тагынуу оош-кыйыш учурларда (мисалы, согуш) гана милдеттүү болот. Учурда коомубузда тынчтык өкүм сүрүп, күнөстүү өлкөбүздө жарандардын коопсуздугу кепилденген", – деп айтылат муфтияттын билдирүүсүндө.

"Никабга тыюу салуудан мурун элдин сабаттуулугун жогорулатуу керек"

Ушул тапта никабга тыюу салуу маселеси социалдык тармактарда да кызуу талкууланып жатат. Айрымдар коомдук коопсуздук үчүн бул туура кадам экенин белгилешсе, айрымдары адамдардын дин тутуу эркиндиги чектелип жатканын билдиришүүдө.

Кыргызстандын Конституциясы ар бир жарандын дин тутуу эркиндигине кепилдик берет.

"Мындай учурда катаал тыюу эмес, түшүндүрүү, сабыр, диалог керек. Никабга каршы чыгып жаткандарга ызаланып, аларды душман катары кабыл алуу да туура эмес. Коомдун көңүлүн, жүрөгүн багынтуу үчүн акыл, сабыр керек. Мүмкүн никабга чейин элдин сабаттуулугун жогорулатуу зарылдыр. Антпесе, бүгүн никаб, эртең намаз деп корккон элдин ичинде фобия тереңдей берет" – деп жазган Фейсбуктун Курманжан Асанова аттуу колдонуучусу.

Никаб кийгендер коомдон обочолонуп калса, кесепети мамлекетке тиет

Теолог Элмурат Кочкор уулу эл арасында түшүндүрүү иштерин милиция эле эмес муфтият жүргүзсө дагы натыйжа бербей калышы мүмкүн деп эсептейт.

"Азыр милиция жүргүзүп жаткан түшүндүрмөлөрдү никаб кийген аялдардын көбү ички дүйнөсүнө, динине, ыйманына каршы аракет катары кабыл алышы мүмкүн. Диний тармакта ар кайсы топко кирип кеткендер кимди шейх, күчтүү аалым катары кабыл алса, ошол кишилердин гана сөзүн угат. Андан башка мамлекеттик жетекчилерди, белгилүү аалымдарды деле угушпайт. Ал гана эмес муфтияттын деле билдирүүлөрүн тоготушпайт. Себеби аларды мамлекеттин гана айтканын кылып отурушат деп эсептешет. Андыктан өздөрү кимди ээрчисе, кимди укса бейишке кирем деп эсептешсе, ошол кишилер аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек".

Элмурат Кочкор уулунун пикиринде, жүзүн жашырган аялдар айып пулдан качып, тышка чыкпай үйгө отуруп алса, бул улуттун келечеги үчүн зыянын тийгизет:

"Мамлекеттин келечегин, элдин менталдык саламаттыгын ойлой турган болсок, бир нерсени түшүнүп алуу керек. Бир аял никабы үчүн коомдук жайларга барбай үйдө эле отура берсе, ал үй-бүлөгө көптөгөн терс кесепети тиет. Ал үйдө отура берсе билимсиз боло баштайт, коомго аралашпай калат, жумушсуз калышы мүмкүн. Андан да жаман нерсе, адам үйгө отура берсе жүрөгү сыгылат, депрессияга түшөт, анан ошондой буулуккан аялдын үйүндө чоңойгон балдардын келечеги кандай болот?"

Борбор Азиянын дин жаатындагы жаңы эрежелери

Борбор Азия өлкөлөрүндө мусулман аялдарынын кийими жана эркектердин узун сакалы маал-маалы менен талкууга түшүп келет. Чөлкөмдө ислам динине таандык айрым тышкы белгилерге каршы күрөшүү коопсуздукту камсыздоо жана улуттук баалуулуктарды сактоо менен түшүндүрүлүп келет.

Өзбекстан.

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев коомдук жайларда бетин чүмбөттөп жүргөндөргө айып пул салууга уруксат берген мыйзамга 2023-жылы ноябрда кол койгон.

Ага ылайык, коомдук жайларда өздүгү аныкталбагандай даражада бетин жаап алгандарга 3,4 миллиондон 5,1 миллион сумга чейин (260-390 АКШ доллары) айып пул салынат.

Ушул эле мыйзамдын негизинде бетин таанылгыс кылып сакал койгондор да административдик жазага тартыла турганы белгилүү болгон.

Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары укук коргоо органдары эркектердин сакал-мурутун күч менен алдырып жатканын бир нече жолу кабарлашкан.

Тажикстан.

Тажикстан президенти 2024-жылы июнда "Салттарды жана ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзамга кол койгон.

Мыйзамда улуттук маданиятка жат келген кийим кийүүгө, жарнамалоого жана сатууга тыюу салынган.

Эрежени бузган жеке адамдарга 7920 сомони (730 АКШ доллары), кызмат адамдарына 39 600 сомони (3 650 АКШ доллары) айып пул салынары жазылган.

Тажикстанда парламент бул мыйзам долбоорун коомдук талкууга койбостон кабыл алып берген.

Эл аралык укук коргоо уюмдары тажик бийлигин мусулман кийимин кийип жүргөн аялдарга басым жасоого, дискриминациялоого айыптап келишет.

Түркмөнстан.

Human Rights Watch (HRW) уюмунун дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча жарыялаган соңку баяндамасында Түркмөнстанда каттоого алынган диний бирикмелердин ишмердүүлүгү катуу көзөмөлгө алынары белгиленген.

Улуттук коопсуздук кызматы бюджеттик мекемелерде иштегендерге сакал коюуга жана ак жоолук салынууга болбой турганын айтып, бул талапка баш ийбегендер жумуштан бошотуларын эскерткен.

Казакстан.

Казакстанда Билим берүү жана илим министрлигинин мектептерде диний кийим кийүүгө жана жоолук салынууга каршы буйругу 2016-жылы күчүнө кирген.

Мындан соң жоолугун чечүүдөн баш тарткан ондогон кыз окуудан четтетилген. Алардын укугун коргогон ата-энелер сотко кайрылышкан.

2024-жылы Казакстандын Жогорку Соту мектептерде жоолук салынууга киргизилген тыюу күчүндө экенин, бирок окуучулардын мектептен четтетилиши мыйзамсыз болгонун билдирген.

2024-жылы жайында Tengrinews.kg басылмасы казак парламентине коомдук жайларда диний кийимдерди кийип жүрүүгө тыюу салган мыйзам долбоору киргизилиши мүмкүн экени жазган.