Желимди жейт: өзгөчө бактериянын "өнөрүнө" ишенбеген илимпоздор

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Окумуштуулар айлана-чөйрөнүн булганышы менен күрөшүүгө жардам берет деп эсептеген "өзүн-өзү сиңирүүчү пластикти" иштеп чыгышты.
Полиуретан - пластиктин популярдуу түрү. Андан телефон кап, бут кийимден баштап көптөгөн буюмдар даярдалат. Бирок, аны кайра иштетүү кыйын болгондуктан таштанды жайда жылдап жатып анан жок болот.
Бирок окумуштуулар ойго келбеген чечимди табышты.
Алар пластик жеген бактериялардын спораларын колдонуп, өзүн-өзү бузуп, жок кыла турган жаңы материалды жаратышты.

Сүрөттүн булагы, HAN SOL KIM
Жаңы пластмассадан жасалган буюмдар жарактан чыгып калганга чейин бул споралар "уйкулуу абалда" жата берип, компосттогу азык заттардын таасирине кабылганда гана жанданып, жашоосун баштайт.
Ойлоп табуу “Биз жаратылыштын пластикалык булгануусун азайта алабыз", - деген үмүткө жол ачат дейт Сан-Диегодогу Калифорния университетинин изилдөөчүсү Хан Саул Ким.

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
Андан тышкары, бул укмуштуу бактериялардын споралары пластиктин сапатын арттырып, ого бетер бышык кылат.
“Биздин аракетибиз материалдарды бекем кылып, колдонуу мөөнөтүн узартат. Ал мөөнөт бүтүп жатканда, пластикти айлана-чөйрөдөн алып салсак болот” - дейт долбордун үстүндө иштеп жаткан Жон Покорски.
Азыркы учурда пластиктин үстүндө иштөө лабораториялык стендде өтүп жатат, окумуштуулардын ою боюнча, аны бир нече жылдан кийин колдоно баштаса болот.
Пластикке кошулган бактериянын көп түрлөрү (Bacillus subtilis) азык-түлүк кошулмасы жана пробиотиктер катары кеңири колдонулат.
Пластик өндүрүү үчүн өтө жогорку температура талап кылынат, бактериялар ага туруштук бериши үчүн аларды генетикалык модификациядан өткөрүү керек.

Сүрөттүн булагы, HAN SOL KIM
Бирок, кадимки пластиктин биологиялык чирип кетиши деген кошумча идеяны баары эле кош колдоп жиберген жок. Айрым окумуштуулар жөн гана пластик колдонуунун көлөмүн азайтуу алда канча жакшы ыкма деп эсептешет.
Канадада БУУнун келечектеги пластикалык келишим боюнча сүйлөшүүлөрүнүн акыркы айлампасы жыйынтыкталды, анын максаты пластиктин булгоосуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык макулдашуу келишимине жетишүү.
Портсмут университетинин алдындагы пластикалык революция институтунун директору, профессор Стив Флетчер, айлана-чөйрөнү пластиктин булгоосунан коргоонун эң эффективдүү ыкмасы - анын өндүрүшүн чектөөгө милдеттендире турган юридикалык күчү бар макулдашуу экенин айтты.
"Пластиктин булгоосуна көп деле тынчсыздануунун кереги жок, кандай болгон күндө да айлана-чөйрөнү булгаган кайсы гана желим болбосун бат жана коопсуз эле ирип-чирип кетет деген сыяктуу таасир калтырып коё турган потенциалдуу чечимдерден этият болушубуз керек. Анткени желимдердин басымдуу бөлүгү андай эмес",- деди Флетчер Би-Би-Сиге берген маегинде. (JA)












