Садыр Жапаровдун Дүйшөмбүгө сапары: тажик эксперттери эмне дейт?

Сүрөттүн булагы, Official
Тажикстанга эки күндүк расмий визит менен барган кыргыз президенти Садыр Жапаров Дүйшөмбү шаарында президент Эмомали Рахмон менен жолугушуп жатат.
Би-Би-Си бул жолугушуу тууралуу тажик эксперттеринен пикир топтоду.
Парвиз Мулложанов: Чечим кабыл алууда кыргыз президентине кыйыныраак болот
Ph.D, саясат талдоочу, чыгыш тануучу жана көз карандысыз иликтөөчү:
“ Садыр Жапаров менен Рахмондун жолугушуусунда Ворух (Тажикстандын Кыргызстандагы эксклавы), чек арадагы талаштуу аймактар жана жол куруу маселеси көтөрүлсө керек. Жол куруу боюнча буга чейин эки-үч вариант иштелип чыккан. Суу бөлүштүрүүдө да чаташчу маселелер бар. “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы боюнча абал курч турат десем болот. Ошондой эле сүйлөшүүлөрдө соода алаканы жандандыруу туурасында да сөзсүз сөз болот деп ойлойм.
Тажикстанда Садыр Жапаровдун Дүйшөмбүгө сапарына карата элдин маанайы жалпысынан жакшы. Тажикстанда башкаруунун катаал иерархиялык системасы бар. Көз карандысыз медиа же күчтүү жарандык коом жок. Баары жогору жактан чечилет дагы, өкмөт коомдук пикирден анча көз каранды эмес. Эгер тигил же маселе боюнча чечим кабыл алынса, аны коом деле кабыл алат. Эгер такыр эле пайдасыз келишүү болсо, албетте нааразылык пайда болот. Кыргызстанда болсо, абал такыр башкача. Садыр Жапаров чек арадагы элдин ой-мүдөөсүн, оппозиция пикирин, парламенттин мамилесин эске алып, көбүрөөк этият болууга мажбур. Бул жерде саясий, таасир этүүчү топтор бар да. Ага чечим кабыл алууда кыйыныраак болсо керек деп ойлойм. Андыктан ал Тажикстанга маршрутту да ушундай Түркмөнстан аркылуу тандады көрүнөт. Бул да болсо анын дарегине сынды азайтуу үчүн жасалып жатса керек.
Бул сапар дипломатиялык мамилени жөндөөнүн жогорку деңгээлдеги биринчи аракети болууда. Бирок чек ара маселесинде жумушчу топтор буга чейин иштеп келишти. Сүйлөшүүлөрдө алды менен төмөнкү позицияда макулдашуулар болот, андан кийин министрлик деңгээлинде келишишет. Эки тараптуу келишүү максимумуна жеткенде эң жогорку деңгээлде жолугушуулар өтөт. Азыр ошондой убакыт келди көрүнөт, эми жогорудан төмөнкүлөргө мындан аркы аракеттерине карт-бланш берилсе керек.

Сүрөттүн булагы, Азия-Плюс
Абдугани Мамадазимов: Кыргызстандагы жана Тажикстандагы кызуу кандуулар “Манасты окушсун”
Тажикстандагы “Улуу Жибек жолу” улуттук фондунун төрагасы Абдугани Мамадазимов:
“ Сүйлөшүүлөрдө талаштуу чек ара эле эмес, бири-бирине тыгыз байланышкан үч негизги маселе каралат деп ойлойм. Бул, албетте, чек араны тактоо. Экинчиси, чек арадагы автомобилдик автожолдордун кайсы жерден кандай өтөрү тууралуу маселе жана үчүнчүсү суу маселеси. Бул жерден эки тараптын бир мунасага келишүүсү керек. Мисалы, бир тарап альтернативдик жолдорду курууга макул болсо, экинчи тарап суу менен камсыздоо квотасына макул болуп дегендей. Эгер бул жолу ушул маселерди комплекстүү чечишип албаса, бул көп жылга чейин ырбай берчү маселеге айланат. Кыргызстан үчүн Баткен-Исфана стратегиялык жол болуп эсептелсе, тажиктер үчүн Исфара-Ворух ошондой маанидеги жол эсептелет. Тараптар бири-биринин аймактык бүтүндүгүн сыйлап, бул маселени чечиши керек.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 900 километрден ашат. Анын негизги бөлүгү делимитацияланып, демаркацияланган. Бирок эки өлкөнүн жарандары бири-бирине тыгыз отурукташып калган аймактарда чек ара тактала элек.
Кыргыз-тажик лидерлеринин жолугушуусунан Тажикстандагы эл кандайдыр бир алдыга жылуунун жышаанын көрүп жатышат. Бизде деле наарызылар болуп жатат, алар чек арада жашаган, үй-мүлкү талкаланган жарандардын чыгып жатат. Бирок негизинен бул сапардан жакшылыкты эле күтүп жатышат. Биз жанаша жашаган, тарыхыбыз тагдырыбыз бир өлкөлөрдөнбүз. Кыргызстандагы, Тажкистандагы деле кызуу кандууларга айтат элем, баары дагы бир жолу “Манасты” окушсун, тынчтыкка келишсин".

Сүрөттүн булагы, Social media
Кахрамон Бакозода: тынчтыкка келүүгө ниетин көрсөтө билүү бул коркоктук эмес
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Тажикстандагы “Зеркало” социологиялык изилдөөлөр борборунун директору Кахрамон Бакозода:
Кыргызстан менен Тажикстан аймактагы бирдей эле экономикалык деңгээлдеги өлкөлөрдөн. Биз бири-бирибизден экономикалык жактан көз каранды мамлекеттерденбиз. Балким, Тажикстанда андай көз карандылык Кыргызстандыкына караганда көбүрөөк да болушу мүмкүн. Мисалы, мурда соода жолдору Кыргызстан аркылуу жүрчү эле. "Челнок" дешип, Кыргызстандан товар сатып алышып же Кытайдан Кыргызстан аркылуу товар ташып келишчү. Азыр болсо башка логистикалык багыттарды издегенге туура келип жатат. Мындан тышкары альтернативдик аба каттамдары да Кыргызстан аркылуу болчу. Так айта албайм, бирок Тажикстанга интернет дагы Кыргызстан аймагы аркылуу келет дегенди уккам. Афганистан аркылуу Тажикстанга Пакистандан деле товар ташылат, бирок соода агымы ал жерде жай десем болот. Тажикстандын Кыргызстан менен эконимикалык карым-катнашы бекемирээк болчу.
Ал эми Тажикстандан Кыргызстанга жыл сайын эрте бышка мөмө-жемиштер арзан баада ташылат эле.
Биз бири-бирибизге далыбызды салып, мейли анысы жок деле жашайбыз деп кое алсак болот. Бирок кыргыз президентинин Тажикстанга сүйлөшүүлөргө келе жатканы абдан жакшы белги. Тынчтыкка келүүгө ниетин көрсөтө билүү бул коркоктук эмес. Биздин мамлекет аралык мамилелибиз мурунку нукка түшүшү керек. Биз-бирибибизди душман көрбөй, мамилебизди жаңы деңгээлге алып чыгарышыбыз керек, бирок ал үчүн эми кеминде беш жылдык убакыт талап кылынса керек". EK








