Жалгыз бала дайыма эле эрке-талтаң болуп чыгабы?

Сүрөттүн булагы, Genevieve Walker
Коомдо үй-бүлөдө бир туугандарсыз өскөн, ата-энесинин жалгыз чүрпөсүнө карата айтылган терс мүнөздөгү пикирлер акыры барып, эл арасында айтылбай деле калды. Бирок, эмне үчүн биз дагы эле үйдүн жалгыз балдары “жаманыраак” болот деген ишенимден арыла албай келе жатабыз?
Үйдүн жалгыз баласы болсом деле, мен өзүмдү жалгыз сезчү эмесмин, бир туугандарым болсо экен деп каалаган деле эмесмин. Бирок, мен “үйдүн жалгыз баласы” деген статуста болгонумду элге ачык көрсөтө бербеш керек экенин билчүмүн. Мен үйдүн жалгыз балдары белгилүү бир сапаттарга ээ болорун түшүнчүмүн, ошондуктан мен өзүмдү “кадимки” бир үйдүн жалгыз баласы эмес экенимди далилдөөгө милдеттүү болгонумду сезип турчумун.
Бойго жетип, өз алдынча жашап калгандан кийин, мен үйдүн жалгыз баласы экенимди билип калган кимдир-бирөөдөн “сени андай экен деп айтпайт болчумун” деп айтылган сөздөрдү угуу мага сары майдай жагып жатты. Мен өзүм “ойдогудай эле бала” болгонумдун себептерин түшүнө алдым: Материалдык жактан ортодон төмөнүрөөк класстагы үй-бүлөдөн чыктым — демек мен эрке талтаң болуп өскөн жокмун; салттуу эмес, толук эмес үй-бүлөдөн чыктым — ошон үчүн мен башкаларга көбүрөөк камкор боло алдым. Жылдар өтө берип, үйдүн жалгыз баласы болуп өскөн бир досум эмне үчүн ал бул стереотипке татыктуу эмес экенин түшүндүргөн сайын, мунун себептерин угуп, аларды эсиме түйүп алып жаттым.
Үйдүн жалгыз балдарына карата терс мүнөздөгү пикирлер ар дайым эл оозунда: Эмнеси болсо дагы, алар эрке, ийкемдүү эмес, уялчаак, тил албас, башыңа чыгып алат, асоциалдуу, үйүр алып кете албайт деп ар түркүн сөздөр айтылып келе берген.
Ондогон жылдар бою жүргүзүлгөн кылдат изилдөөлөр бир үйдүн жалгыз балдарына карата кеңири айтылган стереотиптердин түбүндө эч кандай негиз жок экенин көрсөттү. Тескерисинче, бир үйдүн жалгыз балдарын бир топ катары алып караганда, аларга карата айтылган сын-пикирлер четке кагылганын ырастаган илимий жана жүрүм-турумдук далилдер бар.
Бирок, досторуңардан “бир үйдүн жалгыз баласы кандай болот” деп сурап көрсөңөр, бүт баарынан бирдей эле жоопту угасыңар: Эң жакш дегенде, алар жалгызсыраган, эрке болушат; эң жаманы — алар ата-энесинен ар дайым “сен эч нерсеге жете албайсың, жолуң болбойт” деген сөздөрдү уга берип, көңүлү чөгүп калышкан. Ошондо эмне үчүн мындай стереотиптер дале сакталып жатат? Дүйнө жүзү боюнча үй-бүлөлөрдүн түзүлүштөрү аз балалуу үй-бүлөлөргө карай көбүрөөк ыктап, өзгөрүп жатканы үчүн, мындай стереотиптер акыры барып унутулабы, же унутулбайбы?
Бир үйдүн жалгыз баласынын “өзгөчөлүктөрү”
Бир үйдүн жалгыз балдарына байланыштуу терс стереотиптердин терең тарыхы бар, алар Улуу Британияда XIX кылымдагы “каныша Викториянын доору” катары белгилүү болгон жылдардан баштап, балдар психологиясы өз алдынча илимий багыт катары изилденип келе жатат.
XIX кылымдын соңку жылдарында, XX кылымдын башында бир нече психолог бир үйдүн жалгыз балдары жөнүндө илимий ой-пикирдин негизин түзгөн илимий иштерди жарыялашкан. Бул окумуштуулардын арасында балдар психологиясынын алгачкы жол ачарларынын бири Грэнвилл Стэнли Холл болгон. Холл жардамчы кенже илимий кызматкерлери менен бирге сурамжылоолорду жарыялап, аларда бир үйдүн жалгыз балдарынын “өзгөчөлүктөрүн” аныктап чыккан. Биз бүгүнкү күндө деле бул илимий изилдөөгө таянып, ишенип жатабыз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Азыркы тил менен айтканда, өтө камкор ата-энелер өздөрүнүн жалгыз баласын эркелетип, аны аябай жакшы көрүп, сураганын берип, жок дегенди үйрөтпөй тарбиялашып, аны өтө сезимтал жана өзүмчүл кылып чоңойтушкан. Холлдун “бир үйдүн жалгыз баласы болуунун өзү эле оорунун бир түрү болот” деп айткан сөзү ар дайым цитата катары колдонулуп келет.
Көрүнүктүү австриялык психотерапевт жана индивидуалдык психология мектебинин негиздөөчүсү Альфред Адлер дагы бул багыттагы абдан таасирдүү изилдөөчү болгон. “Адлер адамдын төрөлгөнү жөнүндө жазган, үй-бүлөнүн түзүлүшү балдардын өсүп-өнүгүшүнө кылган таасирин кылдат изилдеген жана иликтеген биринчи психолог болгон”, - дейт Challenging the Stereotypes About Only Children: A Review of the Literature and Implications for Practice (Бир үйдүн жалгыз балдары жөнүндөгү стереотиптерди жоюу: адабияттарга саресеп жана практика үчүн мааниси) макаласынын автору, америкалык психолог Адриэн Мансиллас.
Адлер өзүнүн тематикалык илимий иштеринде, өзү дарылаган бир үйдүн жалгыз балдарын өтө терс нукта сүрөттөп, мындай балдар бир гана эрке талтаң болуп чоңоюп калбастан, ата-энелери башка балалуу болбойбуз деген чечимге келгени үчүн, алар өзүнүн жалгыз баласын чоң психологиялык жаракат алууга дуушар кылышат деген тыянак чыгарган.
Ошентип, мындай ой-пикирлер коомчулук арасында өз ордун таап алган. Албетте, мурда үй-бүлөлөр чоң болгондо, баланын төрөлүшү көптөгөн кооптуу окуялар менен байланыштуу болуп турган кезде, ушинтип ой жүгүртүүнүн кандайдыр бир деңгээлде мааниси бар болчу: Бир үйдүн жалгыз баласы жалпы коом үчүн адаттан тыш көрүнүш болуп, ата-энеси жалгыз чүрпөсүн көкөлөтүп, айым-күнүм деп эркелетип, ашыкча камкордукка, мээримге бөлөп чоңойтушкан.
“Бир үйдүн жалгыз балдары мурда өтө аз болчу”, - дейт клиникалык психолог, Британ психологдор коомунун кенже илимий кызматкери, Birth Order: What Your Position In the Family Really Tells You About Your Character (Төрөлүш ирети: үй-бүлөдөгү сиздин ордуңуз мүнөзүңүз жөнүндө чынында эмнени айтат?) макаласынын автору Линда Блэйр. “Эгер сиз сүт эмүүчүлөрдүн кандайдыр бир аз сандуу тобунда болсоңуз, сиз ар дайым кыйкымдаласыз”.
Кийинки жылдары бүткүл дүйнөдө, ал түгүл АКШ, Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдө үй-бүлөлөр кичирейген сайын, бир үйдүн жалгыз баласы болуу дале көнүмүшкө айланган жок. Адатта кеминде эки баланы камтыган “үлгүлүү нуклеардык, же болбосо өзөктүк үй-бүлөнүн” маанилүүлүгү коом ичинде басымдуулук кыла баштады.
“Биздин маданиятыбызда үлгүлүү үй-бүлөдө атасы, энеси, эки баласы болот деп кулагыбызга куюп коюшкан. 50-жылдардан бери бул үлгүдөн кичине өйдө-ылдый алыстап кетсең, сөзсүз түрдө элдин кыжырын келтиресиң”, - деп айтат америкалык социалдык психолог, таалим-тарбия боюнча эксперт жана “Бир үйдүн жалгыз баласы боюнча иш” китебинин автору Сүзан Нүман.
“Leave It to Beaver” (Муну Биверге эле калтырып кой) сыяктуу телесериалдар атасы, энеси жана эки баласынан турган үлгүлүү үй-бүлөнү чагылдырган. Ошол эле кезде, “Dennis the Menace” (Жадаткыч Деннис) сыяктуу сериалдар бир туугандары жок, тентек америкалык балдар жөнүндө баяндап, бир үйдүн жалгыз балдары жана алардын “мээримдүү”, “камкор” ата-энелери жөнүндөгү проблеманы өтө чебер талдап, көрсөтүп берген. Кийинки жылдары да массалык маалымат каражаттары ушундай үлгүдөгү үй-бүлөлөрдүн пропагандасын күчөтүп, жүргүзүп келе жатышат.
Ошентип, үлгүлүү үй-бүлө кандай болот деген жалпы элес, калктын акыл-эсине сиңип калды: Бир үйдө жалгыз баласы болгон үй-бүлө үлгүлүү эмес, ал эми жакшы бала бир үйдүн жалгыз баласы боло албайт.
“Реалдуулук стереотиптерге туура келбейт”
1980-жылдардын аягында, америкалык окумуштуулар Тони Фалбо жана Дениз Полит бир үйдүн жалгыз балдарына арналган 141 изилдөөнүн кылдат анализин жүргүзүшкөн. Окумуштуулар бир үйдүн жалгыз балдары мотивация, персоналдык адаптация, бийик жетишкендиктерге жетүү сыяктуу багыттарда “жакшы упай топтой алганын” аныкташса да, жалпы жонунан - “бул изилдөө бир үйдүн жалгыз балдары ага-ини-эже-карындаш/сиңдилүү балдар-кыздардан көпчүлүк тармактарда эч кандай деле айырмасы болбогонун көрсөттү”, - деп жазышкан.
Башкача айтканда, бир үйдүн жалгыз балдары жалгызсыраган, өзүмчүл жана жөндөмсүз болот деген эски көз карашка туура келишкен эмес.
«Реалдуулук өтө эрке чоңойтулган же жалгызсыраган кичинекей императорлор жөнүндөгү стереотиптерге төп келбейт», дейт Вашингтон университетинин Антропология кафедрасынын доценти жана “Жакшы бала: кытай бала бакчаларында адеп-ахлактык өнүгүү (The Good Child: Moral Development in a Chinese Preschool)” китебинин автору Жиң Зү. Бул эмгекте балдардын үй-бүлөсүн жана билимин, өзгөчө “Кытайдагы өтө тез орун алып жаткан социалдык өзгөрүүлөрдүн” кеңири контекстин эске алып, алардын адептүү болуп чоңоюп жатканы жөнүндө кеп кылынат.
Зү Шанхайдагы шаар жергесинде жашаган орточо класска таандык чөйрөдөгү бир бала бакчада изилдөө жүргүзгөн. Бул бала бакчадагы тарбиялануучулардын дээрлик көбү бир үйдүн жалгыз балдары болушкан. Ал бир нерсени байкады: 2 жаштагы балдар коллективдик чөйрөнүн талаптарын — тартипти, чоң кишилердин социалдашуу ыкмаларын дароо өздөштүрө алышкан.
Бир үйдүн жалгыз балдарынын ийкемдүүлүгү аны таң калтырган. Бул балдар “кайсы балдар аларга дос экенин, кимдер менен дагы достошкусу келерин жана өз ара инсандар аралык тармактарды кантип куруп алса болорун түшүнүүдө кыйла зээндүү экенин” көрсөтүшкөн.
Зүнүн айтымында, бир үйдүн жалгыз балдары уялчаак, тартынчаак, үйүр алып кете албайт деген стереотиптерге карабастан, мындай балдар баарлашууга жаратылыштан эле жөндөмдүү болушат. Чындыгында, тескерисинче — мындай балдар бир туугандары болгон курдаштарына караганда, артыкчылыкка ээ болушат, анткени сага жөлөк-таяк боло турчу бир туугандарың жок болсо, “башка үй-бүлөлөрдүн балдары менен достук мамилелерди курганды, алар менен бөлүшкөндү үйрөнүүдөн башка айлаң жок” болот.
Чындыгында, изилдөөлөр бир үйдүн жалгыз баласы катары чоңоюу көптөгөн артыкчылыктарды жана оң мүнөздөгү өзгөчөлүктөргө ээ болорун көрсөтөт. Айрым изилдөөлөр бир үйдүн жалгыз балсынын тили буудай кууруп, укмуштай чечендик өнөргө ээ болушарын көрсөтөт; башка изилдөөлөр мындай балдардын мотивациясы алда канча күчтүү жана “индивидуалдык жактан адаптацияланган” деген тыянак чыгарат.
Блэйрдин айтымында, ата-энелер жалгыз баласына бардык көңүлүн буруп, бардык күчүн жумшаганы оң натыйжа бере алат. “Сиздин бир нече балаңыз болгондогуга караганда, жалгыз балаңыздын өнүгүшүнө көбүрөөк акча жумшап, ага көбүрөөк убактыңызды бөлүп бере аласыз, натыйжада ал баарлашуу жөндөмдөрүн мыкты өздөштүрүп, тартипке жакшыраак салынган турмушун улап кетет”. Ошол эле учурда, анча-мынча терс мүнөздөгү пикирлер да бар.
Мансилластын айтымында, бул багыттагы изилдөөлөр үй-бүлөдөгү балдардын төрөлүш иретин жана бир туугандарың жок өсүп-чоңоюу адамга кандай таасир кылганын изилдегендин ордуна, бир үйдүн жалгыз балдарынын жыргал турмушуна гана арналып келет. “Үйдө ата-энелер өз милдетин аткарууда чабалдык кылышса, бир туугандар өз ара буфердик эффектке ээ болушат, мында эреже катары баланын ага-ини-эже-карындашы/сиңдилеринин жөн гана бар болушу үйдөгү стрессорлордун терс таасирин басаңдатышат”, - дейт Блэйр.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мындан тышкары, өзүнүн клиникалык тажрыйбасына таянып, Блэйр бир үйдүн жалгыз баласы болгондор үчүн башаламандыктарга туруштук берүү кыйыныраак келерин, жана “көчөнүн акылмандыгы” деп аталган шыгы азыраак болорун айтат.
Курдаштардын тегерегинде, ата-энесинин кароосусуз өткөргөн убакыттын, мисалы, бир туугандардын ата-энесиз чогуу өткөргөн убакты сыяктуу убакыттын аз болгону үчүн, бир үйдүн жалгыз баласы өзүндө “кимдир-бирөө күтүлбөгөн жерден азыр жүрүм-турумун өзгөртүп жибергени жатат” (мисалы, азыр кимдир-бирөө сенин Лего-конструкторуңду, тизилген оюнчуктарыңды бузуп жиберет) деген тубаса сезимди өрчүтпөйт.
Албетте, жыйынтыктап айтканда, изилдөөлөр бизге бир үйдүн жалгыз баласы болуу - “жакшы” же “жаман” болуу дегенди эле түшүндүрүп кала бербейт. Блэйр баса белгилегендей, индивидуалдык ситуациялар, анын ичинде айлана-чөйрө, ата-энелердин баалуулуктары, достор жана ага-туугандар менен байланышта болуу — мунун баары бир үйдүн жалгыз баласынын жеке инсандыгын, мүнөзүн түзүүгө жардам берген факторлор болуп саналат.
“Бир үйдүн жалгыз балдары, бир туугандуу балдардан көп деле айырмаланбайт, тескерисинче аларга көбүрөөк окшош болушат”, - дейт Сүзан Нүман. “Мында бир тенденцияны гана байкаш керек — адамдар элдин баарын категорияларга бөлүп, сен аксың-карасың, чоңсуң-киченесиң, байсың-кедейсиң деп бөлүп-жарып карагысы келе берет да. Бир үйдүн жалгыз баласы болуу — элдин баары ошондой кимдир-бирөөгө жыргап таккысы келе берген белгилердин эле дагы бир түрү”.
Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы
Биз азыр көптү көрүп-билип калганыбызга карабастан, төрөлүш ирети жөнүндөгү эски түшүнүктөр дале сакталууда. Тагыраак айтканда, бир үйдүн жалгыз баласын жөнүндөгү аңыз-кептерден арылуу кыйын экен. Блэйрдин ою боюнча, бул стереотиптердин ордун толугу менен баса турган башка, жыйынтыктоочу жалпы мүнөздөмөлөр жок болгондуктан кырдаал ушул бойдон калууда. “Биздин ой жүгүртүүбүздү четке кага турган талашсыс далилдер болмоюнча, эски ой-пикирлерди кармануу оңоюраак. Мында [төрөлүш ирети жөнүндө] ар түркүн аңыз-кептер бар. Бул деген эвристика, биз ошолордон бирөөнү дароо кармана калабыз”, - дейт Блэйр.
Бир үйдүн жалгыз балдары уялчаак, тартынчаак, үйүр алып кете албайт деген стереотиптерге карабастан, мындай балдар баарлашууга жаратылыштан эле жөндөмдүү болушат.
Канткен күндө деле, үй-бүлөлөрдүн түзүлүшү өзгөрүп жатат. Мурда көп балалуу үй-бүлөлөр кадимки көрүнүш болсо, азыркы учурда көптөгөн өлкөлөрдө адамдар жалгыз балалуу үй-бүлө курууга багыт алып жатышат.
Ушундайча ой жүгүрткөн адамдардын саны күн сайын өсүүдө. Улуу Британияда 2017-жылы үй-бүлөлөрдүн 40% жалгыз балалуу болушкан. 2011-жылы Канада да дээрлик ушундай эле көрсөткүчкө ээ болгон, бирок бул өлкөдөгү төрөт деңгээли 2019-жылы эң төмөнкү деңгээлге жеткен. 2015-жылы АКШда жалгыз балалуу үй-бүлөлөр 23% тегерегинде болгон.
Бир үйдүн жалгыз баласы болгондор эми адаттан тыш көрүнүш болбой калышты окшойт. Кем дегенде, алар жаңы үлгү болууга жакындап калышты. Бул көрсөткүчтөр акыры биздин бир үйдүн жалгыз балдары жөнүндөгү стереотиптик ой-пикирлерибизди өзгөртө алабы?
Оң маанайдагы индикаторлор бар. Азыркы учурда Нүман 1990-жылдары башталып, учурда жүрүп жаткан “Бир үйдүн жалгыз баласы” деген долбоордун алкагында, мындай балдардын коомдо кабыл алынышы жөнүндө изилдөө жүргүзүүдө.
Нүман өзүнүн соңку изилдөөлөрүндө адамдардын бир үйдүн жалгыз балдары жөнүндөгү көз караштары кыйла өзгөргөнүн байкаган. “Эми ата-энелер жалгыз балалуу болгону үчүн өзүн күнөөлүү сезбей калышты”, — дейт ал. Ошондой эле, ал мындай балдар жөнүндө сынчыл, жагымсыз ой-пикирлерди аз эле угуп калды. Эгер укса деле, мындай сөздөр көбүнесе улуу муундагы адамдардан чыгат, анткени мындай сынчыл көз караштар алар үчүн орундуу болгон. Мансиллас да, биз мындай позицияга “акырындык менен моюн сунуп калсак керек” деген ойдо. Бирок, чындыгында маселенин өзөгү мында эмес. “Адамдын үй-бүлөсүнүн чоң-кичинеси жөнүндөгү баалуулуктары жана эмнелерди артык көргөнүнө карабастан, терс мүнөздөгү стереотиптер адамдардын эч бир тобуна эч кандай пайда алып келбейт.” (KGNE)















