Британиядагы эң чоң үй-бүлө 22-баласын күтүүдө

Сүрөттүн булагы, Youtube
Британиядагы эң чоң үй-бүлөгө дагы бир баш кошулуп жатат. 44 жаштагы Сью Рэдфорд YouTube каналына дарыгердин кароосунан өтүп жаткан видеосун жарыялап, апрель айында дагы наристе күтүп жатышканын билдирди.
Рэдфорддор үй-бүлөсүнүн 21 баласы бар. Алардын ону уул, он бири кыз. Тун уулу Крис 1989-жылы май айында төрөлгөн. Анда апасы болгону 14 жашта эле. Эң кичүүсү Бонни Рэй ысымдуу кыз өткөн жылы жарык дүйнөгө келген эле.
Англия менен Уэльстин 1885-жылдан бери карай келе жаткан мыйзамы боюнча 16 жаштан гана жыныстык катнашка уруксат берилет. Он алты жашка чейин андайга баруу кылмыш эсептелет. Бирок Ички иштер министрлигинин эрежеси боюнча 16 жашка толо элек өспүрүмдөр өз ыктыяры менен бул ишке барса, анда жоопкерчиликке тартылбайт.
"Буйруса менин 11 уулум, 11 кызым болот деп кубанып турам",-деди Сью Рэдфорд.
Рэдфорддор 19 баласы менен 10 уктоочу бөлмөсү бар үйдө жашайт. Бул эски үйдү Англиянын түндүк-батышындагы Ланкашир аймагынан 11 жыл мурун сатып алышкан. Алар наабайкана иштетип, негизги кирешени ошол жактан алат.

Сүрөттүн булагы, Youtube
Отуз жаштагы тун уулу Крис үйлөнүп, жайланып, өзүнчө түтүн булатып жатат. Жыйырма бештеги кызы Софи дагы бала-чакалуу.
2013-жылы бул бүлө телешоуга тартылган. Үй-бүлөсүндөгү жаңылыктарды "Инстаграм" жана YouTube каналдары аркылуу кабарлап турушат.
Үй-бүлөнүн күнүмдүк жашоосу мындай: Ноэль Рэдфорд таң атпай туруп, наабайканасына жөнөйт. Ал жактан 7:45те кайра кайтып келип, балдарды мектепке жөнөтүүгө кол кабыш кылат. Алты баласы башталгыч класска, беш баласы орто мектепке барышат. Аларды унаа менен алып барышы керек. Кичүүлөрү үйдө апасы менен калышат.
Рэдфорддор тынбай кир жуушат. Айына оңбогондой кир жуугуч каражаттарды керектеп, күнүнө төрт даараткана кагазын колдонушат. Балдары үчүн аптасына 170 фунт жөлөк пул дагы алып турушат.
Тамак-аш үчүн аптасына болжолу 450 доллардай каражат сарптайт. Үйдү тазалап, жыйноого күн сайын үч саат кетет. (AbA)












