You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Израилдин соккусунан кийинки Катардагы чукул саммит, Бишкектин реакциясы
Өткөн аптада Израил Дохадагы ХАМАСтын лидерине абадан сокку урганына жооп кылып, Катарда Араб жана Ислам мамлекеттеринин чукул жыйыны өтүүдө.
Reuters маалымат агенттигини таанышкан резолюциянын долбоорунда, Израилди "кастык аракеттерге, анын ичинде геноцид, этникалык кыргын жана палестиналыктарды ачарчылыкка түртүп жатканын" айыпташып, ал "келечекте тынч жана чогуу жашоого" коркунуч жаратары айтылат. Израил мындай айыптоолорду кескин четке какты.
Кандай практикалык чечим кабылыш мүмкүн экени белгисиз. Аналитиктердин айтымында, аскердик жактан жооп берүү маселеси күн тартибинде жок.
Буга чейин Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман бин Жассим Аль Тани эл аралык коомчулукка кайрылып, "кош стандарттуулукту" токтотууга жана Израилди жазалоого үндөгөн.
Жекшемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп, "Катар өтө чоң союздаш болуп келди. Израил жана калганыбыз этият болушубуз керек. Адамдарга сокку урганда этият болушубуз зарыл," – деп билдирген.
Ишемби күнү Израилден кетип баратып, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, "Трамп Катардын бомбаланганын жактырган жок" деп маалымдаган.
Бир күндөн кийин Иерусалимде Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң Рубио, "ХАМАС Жакынкы Чыгышта тынтчыкка жана коопсуздукка коркунуч жараткан куралдуу элемент катары жүрбөш керек," - деп айткан.
Өткөн аптада Израилдин Катардын башкалаасына жасаган чабуулун БУУнун Коопсуздук Кеңеши айыптап чыккан.
15 мүчөсү бар Кеңештин мүчөлөрү де-эскалациянын маанилүүлүгүн белгилеп, Катар менен тилектештикте экенин маалымдашкан.
ХАМАС 9-сентябрдагы Израилдин чабуулунан делегациясы аман калганын, бирок беш мүчөсү, анын ичинде топтун башкы дипломаты Халил ал-Яхия да набыт болгонун кабарлады.
Согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерде Катар негизги ортомчу катары роль ойноду. Анткени алар ХАМАС менен Израилдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү уюштуруп келишкен.
Катар 2012-жылдан бери ХАМАСтын саясий бюросун ачкан жана АКШнын жакын союздашы. Анткени Доханын жанындагы чөлдө Американын чоң авиабазасы жайгашкан.
Ал арада дүйшөмбү күнү Кыргызстандын башкы дипломаты Жээнбек Кулубаев Ислам кызматташтык уюмунун Катардагы саммитинин алкагында уюмдун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин Дохадагы жыйынына катышты. 15-сентябрда Токмок шаарында Ислам академиясынын ачылышында сүйлөгөн президент Садыр Жапаров Катардагы ракеталык чабуулдар жана Газадагы кырдаал тууралуу Кыргызстандын позициясын айтты.
"Кыргыз эли катарлык жана палестиналык бир туугандарга тилектештигин билдирет. Кыргызстан эл аралык мамилелерде күч колдонууга каршы турууну жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды мындан ары курчутууга алып келүүчү бардык аракеттерден алыс болууну жактай тургандыгын белгилейм", - деди президент Жапаров.