Израил Ирандын ири өзөктүк борборуна сокку урду. Эми уран байытуу мүмкүнбү?

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency via Getty Images
Ирандын Натанз шаарындагы өзөктүк борбору Израилдин чабуулунан кыйрады. Бул фактыларды BBC Verify тобунун журналисттери спутниктен алынган кадрлардын негизинде тастыктады. Уран байытуу ири ишканасы канчалык зыян тартканын, Ирандын өзөктүк программасы эмнеге көңүл чордонунда болуп келгенин жана өлкө үчүн кандай мааниге ээ экенин баяндап бермекчибиз.
Израил армиясынын жапырт ракета чабуулдарынын бир бөлүгү Натанздагы уранды байытуучу заводко багытталган эле.
Анын кесепети Иранда бир топ жогорку кызматтагы аскер жетекчилеринин жана өзөктүк программаны иштеп чыгууга байланышы бар окумуштуулардын өлүмүнө алып келген.
Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху Ирандын "баллистикалык ракеталар программасынын так жүрөгүнө" жана абадан коргонуу системаларына сокку урганын билдирген.
Натанздагы өзөктүк борборго сокку урулганын Би-Би-Си кантип тастыктады?
Натанзга чабуулдан кийинки кыйроолор америкалык Umbra Space компаниясы тарабынан тартылган спутник сүрөттөрүндө даана көрүнгөн.
Жер бетинин жогорку сапаттагы сүрөттөрүн атайын SAR технологиянын жардамы менен алалышкан. Ак-кара түстөгү кадрлар аба ырайынын шарттарына карабастан так берилет. Мындай ыкма кадимки спутник сүрөттөрүнөн айырмаланып, объекттерди булут каптап турса да көрүнөт.
Натанздагы өзөктүк борбордун бир тарабындагы төрт имарат кыйраганын көрүүгө болот – алар жогорудагы сүрөттө белгиленген.
Сүрөттөрдө байкалгандай Израил абадан таамай соккуларды узатканын көрсөтүп турат. Бузулган объектилердин жанында жайгашкан имараттар бүтүн бойдон калган же аларга анча-мынча эле таасир эткен.
Ошол эле борбордун ушул жылдын январь айында Maxar компаниясы тарабынан тартылган кадрлар менен салыштырып көрсө болот.
Ирандын мамлекеттик телевиденияся тарткан репортаж дагы Натанздагы өзөктүк борбор талкоолоого учураганын дагы бир далили болуп берди. Журналист ал жактагы объектиге жакын жерде сүйлөгөн кадрларда анын артын кара түтүн каптап турган.
BBC Verify тобунун журналисттери ал кадрларды Google Earth сервисинен алынган сүрөттөр менен салыштырып чыкты. Анын жардамы менен ал аймактын топографиялык 3D сүрөтүн алууга мүмкүндүк берди.
Натыйжада ирандык тележурналист Натанздагы өзөктүк борбордун түндүгүндө жайгашкан жолдо турганын, ал эми түтүн так ушул өзөктүк жайдан чыгып жатканын аныкташкан.
Ирандын уран байытуу ишканасы канчалык зыян тартты?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Израил күч түзүмдөрүнүн аткылоосунан улам Натанздагы өзөктүк борбор олуттуу зыянга учураганы айтылууда. ЦАХАЛдын бригадалык генералы Эффи Дефрин аталган жай "Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу" тарабынан согуштук ядролук программасын ишке ашыруу максатында колдонулуп келген деп атады.
"Иран режими бир нече жылдан бери бул жайдан өзөктүк курал иштеп чыгууга аракет кылып келет", - деп Дефрин Reuters агенттигине билдирген. Анын айтымында, бутага алынган борбор керектүү инфраструктура менен камсыздалып, аскердик багытта уранды байытуу мүмкүн эле.
ЦАХАЛдын билдирүүсүнө ылайык, узатылган соккулар объектинин жер астындагы бөлүгүнө, ошондой эле анын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылган маанилүү инфраструктурага зыян келтирген.
Иран бийлиги аталган борбор ракеталык чабуулдан улам канчалык зыян тартканын айтпай эле, бирок атайган өзөктүк аймакка сокку урулганын ырасташты. Ирандын Атомдук энергия боюнча уюму жер үстүндө имараттар көбүрөөк зыян тартып, жер астындагыларга анчалык залакасын тийгизбегенин билдирди.
"Келтирилген зыян үстүртөн болгон, анткени маанилүү объекттин көбү жер астында жайгашкан. Зыяндуу заттын сызылып чыгышы өтө аз денгээлде эле катталган, сырткы чөйрөгө зыян келтирген эмес", - деп аталган уюмдун басма сөз катчысы Бехруз Камалванди билдирди.
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги Натанздагы ядролук жайга израилдик аскерлер сокку урганынан кабардар болгонун айтты. МАГАТЭ жетекчиси Рафаэл Гросси ал жактагы уран байытуу ишканасы зыян тартканын, радиациянын деңгээли көтөрүлбөгөнүн X-баракчасына жазган.
Бирок Гросси ишкананын өзүндө радиациянын деңгээли жогорулашы мүмкүн экенин белгилеген.
"Объекттин ичиндеги радиоактивдүү булгануунун түрүн, негизинен альфа бөлүкчөлөрүн тиешелүү коргоо чаралары менен алдын алса болот", - деп жазган.
Кийинчерээк БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Гросси Натанз өзөктүк ишканасы, анын ичинде жер үстүндө жайгашкан уран байытуу заводу "жок кылынганын" тастыктаган.
"Натанздагы кыйроолор Ирандын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүнө жана кубаттуулугуна олуттуу зыян келтирди", - деп авторитеттүү Janes аналитикалык борбору өз сайтында жазган.
Натанздагы борбор кандай максатта колдонулган?
Тегерандан 250 км түштүктө жайгашкан бул ишкана Ирандын уран байытуу боюнча эң ири борбору болуп саналат.
Табигый урандын курамындагы уран-235 изотобунун үлүшүн көбөйтүү процесси менен уран-238 иштетилет. Мындай жол менен байытылган уран өзөктүк реакторлорго отун болот. Өзөктүк курал жасоо үчүн андан да жогору деңгээлде байытуу керек.
Уран-235 – өзөктүк реакцияга кире ала турган жалгыз табигый изотоп болгондуктан, ал энергетикалык жана аскердик максаттарда колдонулат.
Өзөктүк реакторлорго отун алуу үчүн уран-235тин концентрациясын азыраак өлчөмдө, 3-4% гана байытышат, ал эми ядролук курал-жарак үчүн 90%ке чейин байытуу керек.
Өзөктүк реакторлорго отун алуу жана өзөктүк курал үчүн толтурмаларды өндүрүү бирдей эле технологияны колдонуу менен бир эле жабдууларда жүргүзүлөт. Болгону алардын байытуу денгээлдери ар башкача. Объектке кирбей туруп, ал жакта эмнени өндүрүп жатканын так аныктоо мүмкүн эмес.
Ирандын бийлиги ар дайым өзүнүн өзөктүк долбоорун тынчтык максатта иштетип келатканын айтып келген, бирок эл аралык коомчулук буга күмөн санап келген.
2015-жылдагы келишимге ылайык, Иран 2026-жылга чейин Натанздагы 5060 эски центрифугаларды колдонууга, ошондой эле 2031-жылга чейин уранды өзүнүн экинчи ири объектисинде – жер астындагы Фордо комплексинде байытпоого убада кылган.
Бирок 2019-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп аталган келишимден чыгып кетип, экономикалык санкцияларды калыбына келтирген. Ага каршы Тегеран бийлиги 2015-жылкы макулдашылган милдеттенмелерден баш тарткан.
Иран өзөктүк курал жасоого канчалык жакындады?
Израил Иранга каршы операциясын өзөктүк курал жасоо боюнча иш-аракеттерин тездетип жатканы менен төгүндөөдө. Бирок Тегеран өзүнүн программасы энергетика жана медициналык изилдөөлөргө керек экенин ар дайым ырастап келет.
Ирандын бийлиги 1980-жылдардан бери өзөктүк программаны иштетип келатканын, ал эми 1990-жылдары бир нече өзөктүк курал жасап, атүгүл сыноолорду өткөрүүнү чечкенин Economist журналынын коргонуу боюнча редактору Шашанк Жоши Би-Би-Сиге берген маегинде билдирди.
Бирок, 2003-жылы, америкалык чалгын кызматынын маалыматы боюнча, аталган программа токтотулган. Жоши айтымында АКШ ал кезде Ирандын эки тарабындагы өлкөлөргө: Ирак менен Ооганстанга басып киргени себеп болгон.
Үстүбүздөгү жылдын март айында да АКШнын тышкы чалгын кызматынын жетекчиси Тулси Габбард өз булактарына таянып Тегеран өзөктүк курал жасоого чечим кабыл албаганын айткан.
Бирок Иран өзөктүк курал жасоо үчүн керектелүүчү компоненттердин үстүндө иштеген жок дегенди билдирбейт, дейт Economist серепчиси.
"Мисалы, Иран ядролук жардырууну компьютердик симуляцидан өткөзүп, өзөктүк түзүлүштөрдө пластикалык жардыргыч заттарды колдонууну изилдеп жаткан. Ал эми Израил үчүн бул бомба жасоого багытталган иш-аракеттер катары көрүнгөн", – дейт Жоши.
"Жалпысынан алганда, Иран акыркы айларда өзөктүк куралга анчалык жакындай элек деп эсептейм. Алардын уран запастары көбөйдү, бирок бул жааттагы негизги өзгөрүү 2018-жылы Дональд Трамп АКШны өзөктүк келишимден чыгарганда болду. Ошондон бери Тегерандын уранды байытуу мүмкүнчүлүктөрү жана анын запастары кескин көбөйдү", – деп белгиледи журналист.
Бир нече апта мурун МАГАТЭ Иран бийлиги уранды 60% деңгээлде байытып жатып 408 кг табигый уран топтогонун билдирген. Бул өзөктүк курал жасоого жакындаган кадам жана андай запас тогуз ядролук заряд үчүн жетиштүү экенин белгилешкен. (КВ)










