Трамптын сапары: АКШ менен Сауд Арабия 142 млрд долларлык курал-жарак келишимине кол койду

Президент Дональд Трамптын Перс булуңундагы расмий сапарынын биринчи күнүндө эле АКШ менен Сауд Арабия ортосунда "тарыхтагы эң ири курал-жарак тармагындагы келишим" түзүлгөнүн Ак үй жарыялады. Мындан сырткары экономикалык алакаларды тереңдетүүгө багытталган бир нече макулдашууларга кол коюлган.

Трамп андан аркы сапарын Катарга жана Бириккен Араб Эмиратына улантмакчы.

Ак үйдүн расмий билдирүүсүнө караганда, курал-жарак сатуу келишиминин жалпы баасы 142 млрд долларга бааланган. Анын алкагында 15тен ашуун ири америкалык коргонуу компаниялары Сауд Арабияга алдыңкы аскердик техникасын жеткирип, ага тийиштүү коргонуу кызматтарын көргөзүшмөкчү.

Аталган келишим беш категория боюнча макулдашылган:

  • Аскер-аба күчтөрүн өнүктүрүү жана космостук мүмкүнчүлүктөр
  • Абадан жана ракетадан коргонуу
  • Деңиз жана ага аймакташ жээктердин коопсуздугу
  • Чек ара коопсуздугу жана куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлерин модернизациялоо
  • Маалыматтык-коммуникациялык системаларды модернизациялоо

Макулдашууда ошондой эле Сауд Арабиясынын Куралдуу күчтөрүнүн дараметин жогорулатуу, анын ичинде аскер академияларын жана аскердик медициналык кызматтарын чыңдоо дагы камтылган.

Мындан тышкары, Ак үйдүн пресс-релизинде шейшембиде жетишилген башка келишимдер тууралуу дагы айтылган.

Тагыраагы, Сауд Арабия бийлиги АКШга 600 миллиард доллар инвестиция саларын убада кылды. Инвестициянын бир багыты АКШдагы жасалма интеллект маалымат борборлоруна багытталмакчы.

Ал эми АКШнын технологиялык компаниялары өз кезегинде "эки өлкөнүн заманбап технологиясын өнүктүрүүгө" 80 миллиард доллар инвестициялоого милдеттеништи.

Ошондой эле Вашингтон аталган араб өлкөсүнө жалпы баасы 14,2 млрд долларга бааланган газ турбиналарын жана энергетикалык технологияларды экспорттойт. 4,8 млрд долларга бааланган Boeing 737-8 жүргүнчү учактарын сатуу дагы камтылган.

Эки өлкө ошондой эле энергетика жана тоо-кен тармагы боюнча дагы кызматташууга макулдашышкан.

Эр-Риядда Дональд Трамп падышалыктын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман жана башка мамлекет башчылары менен жолугуп аткан учурда, аны коштоп барган технологиянын дөө-шаалары араб өлкөсүнүн ири бизнес өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атышты. Тагыраагы, Трамптын кеңешчиси жана миллиардер Илон Маск, OpenAIдын башкы директору Сэм Альтман, дүйнөдөгү эң кымбат технологиялык компаниянын башчысы Женсен Хуан ишкердик келишимдерди макулдашууга катышкан.

Трамп бин Салман менен жолуккандан кийин Саудия – АКШ инвестиция форумуна Citigroup, IBM, Qualcomm, Alphabet жана Franklin Templeton компанияларынын жетекчилери менен биргеликте катышкан.

Биринчи расмий сапар

Бул Дональд Трамптын кайрадан президенттик кызматка киришкенден берки чет өлкөгө маанилүү биринчи расмий сапары. Төрт күндүк иш сапарларынын алкагында ал Перс булуңунун үч мамлекетин кыдырат. Шаршемби күнү Катарга, бейшембиде Бириккен Араб Эмиратына бармакчы.

Трампты төрт күндүк иш сапарында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, президенттин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф жана АКШнын Коргоо министри Пит Хегсет коштоп жүрүүдө.

Бейшембиде, 15-майда Стамбулда орус-украин тынчтык сүйлөшүүлөрү өтүшү мүмкүн. Трамп дүйшөмбүдөгү билдирүүсүндө ага катышып калуусун дагы жокко чыгарган эмес.

Демилгени Орусия бийлиги көтөрүп чыкса дагы, Украинанын президенти Володимир Зеленский өзү Түркияга барарын жана ал жерде жеке өзү бетме-бет жолугушуу үчүн Володимир Путинге жолугууга даяр экенин билдирген. Кремль Путиндин катышып-катышпаганын ырастай элек, кандай форматта өтүшү дагы белгисиз.

Миллиардерлердин жолугуушусу

Би-Би-Си кабарлачыларынын баамында, Трамптын азыркы сапарынын башкы максаты АКШга Перс булуңу өлкөлөрүнүн байлык фондунан кошумча инвестицияларды тартууну көздөөдө.

"Эң биринчи Америка" деген ураан менен бийликке келген Трамп, шайлоочуларына анын идеологиясы иштеп жатканын көрсөтүүгө умтулууда.

Төрт күндүк иш сапарлары өзү баштаган соода согуш учурунда жүрүүдө. Ак үй тарабынан коңшу жана башка өлкөлөргө бажы төлөмүнүн көтөрүп салышы дүйнөлүк каржы базарларына олуттуу таасир эткен.

Падыша сарайындагы салтанаттуу сыйлуу тамакка чакырылгандардын сап башында Трамптын кеңешчиси, миллиардер Илон Маск турган. Андан тышкары, OpenAIдын башкы директору Сэм Альтман, дүйнөдөгү эң кымбат технологиялык компаниянын башчысы Женсен Хуан жана ФИФАнын президенти Жанни Инфантино дагы VIP-коноктордун арасында эле.

АКШнын ишкерлик кызыкчылыктары алардын негизги максаты экенин сыйлуу тамакка чакырылгандардын тизмесин караганда эле байкоого болот.

Израилди аттап өтүп

Би-Би-Синин кабарчысы Энтони Зуикер Трамптын Жакынкы Чыгышка болгон сапарында Израилдин тизмеди жоктугун таң калыштуу деп эсептейт.

Анын айтымында, израилдик чиновниктер Трамптын администрациясын жеке сүйлөшүүлөрдө өз өлкөсүн азыркы сапардын катарына кошууга үндөшкөн, бирок майнапсыз болгон.

Ишемби күнү АКШнын Израилдеги элчиси Майк Хакаби эки өлкөнүн мамилелери бекем бойдон калууда деп билдиргени менен АКШ бийлигинин Жакынкы Чыгышта көздөгөнү башкада экенин байкалууда.

Дүйшөмбү күнү израилдик АКШ жараны Эдан Александрдын Газа тилкесиндеги барымтадан бошотулушу дагы АКШ бийлигинин ХАМАС тобу менен түзмө-түз сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, Израилди аралаштырбастан жетишишкен.

АКШнын башка геосаясий иш-аракеттери, анын ичинде Йемендеги хусит козголоңчулары ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрү Израилдин кызыкчылыктарын эске албастан өтүүдө. Ошондой эле Ирандын өзөктүк программасы боюнча түз сүйлөшүүлөрдүн башталышы да Израилдин жетекчилигин таң калтырып, кооптондурууда.

Трамптын кайрадан президент болгондон кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Вашингтонго иш сапары менен барган биринчи чет өлкөлүк лидер болгон.

Бирок Трамп өзүнүн биринчи чет өлкөлүк расмий сапарында, Израилден "карыш баскан" жерде болсо дагы ал жактан айланып өтүүнү чечкен деп Би-би-си баяндамачы белгилей кетти.

Газа маселеси

АКШ лидеринин чет өлкөгө жасаган бул сапары аймактагы геосаясий кырдаал чыңалган мезгилге туш келди.

Араб өлкөлөрүнүн башчылары Трампты Израил бийлигин Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотууда дагы жигердүү ынандырууга жана көбүрөөк кысым көрсөтүүгө чакырышы мүмкүн.

Трамп буга чейин бир нече жолу согушка "чекит коюууну" ачык айткан, бирок бул маселе боюнча Жакынкы Чыгышка кандай сунуштар менен келгени азырынча белгисиз.

Ал арада Нетаньяху, Трамп менен болгон тыгыз мамилесин белгилей кетиш үчүн Израилдин Газа секторундагы аскердик операциясын максаттары аны менен бирге экенин айткан. Эң башкысы ХАМАС уюму түп тамыры менен жок кылынышы керек деп билдирди.

Жакынкы төрт күн ичинде аймактыктар, айрыкча, палестиналыктар, Дональд Трамп сапарынын алкагында кандай билдирүүлөрдү жасап жана кандай иш-аракеттерди көрөөрү тууралуу чыдамсыздык менен күтүүдө. (KB)