Элдик курултай: төрт миң сунуштун канчасы аткарылды?
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliev
Быйыл Элдик курултай 15-декабрда өтөт. Анын өзгөчөлүгү – мыйзамдын негизинде өтөт. Курултайга жер-жерлерден шайланган 700 делегат катышат.
Биринчи элдик курултайда төрт миңден ашуун сунуш түшкөн, эми анын кандай аткарылганы жөнүндө бийлик бутактарынын отчету угулат.

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliev
Убадалар аткарылдыбы?
Өткөн жылдагы курултайдын уюштуруучулары көтөрүлгөн 4000 сунуштун эки миңи чечилди деп ишендирүүдө. Аткарылды деген иштердин арасында чоң жана кичи ГЭСтердин курулуштарын баштоо, үч облустагы аэропорттун салына баштаганы сыяктуу ири долбоорлор бар.

Сүрөттүн булагы, Social Media
“Ар бир айыл өкмөт үчтөн көйгөй көтөрүп, протокол жазылып, расмий түрдө Ак үйгө жиберилген. Ага ылайык, аткаруу жоопкерчилигине мөөнөтү коюлуп, бекитилген. Курултайга келип сүйлөшкөн, кагаз жүзүндө беришкен, ошентип отуруп 4000 сунуш түшкөн. Ошонун эки миңи быйылкы жылы аткарылды да. Бир жылда бүтө турган объектилер бүттү. 205 мектеп салынды, 500 чакырым асфальт салынды, 200 чакырым иче турган суу салынды, майда ГЭСтер анан чоң ГЭСтен экөө башталды. Айтылбаган маселелерде аэропорт Караколдо, Нарында, Таласта салынып жатканы, булар айтылган эмес, бирок айтылбаса дагы президент өзү салдырды да”,- деди Би-Би-Сиге биринчи элдик курултайдын делегаты Бейшенбек Абдразаков.
Биринчи курултайда президент Садыр Жапаров мектеп, бала-бакча сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрбөөнү суранган. Анткени, бул ансыз деле аткарыла турчу иш экенин айтып, буга убакыт коротпой, ордуна башка маселелерге токтолууну сунуштаган:
“Бул сөзсүз түрдө Министрлер Кабинетинин кылган иши. Аким, губернатор, министрлердин иши. Булар ансыз деле аткарылышы керек болчу. Бирок, бизде 30 жылдык тажрыйба көрсөтүп жатат да. Эл көтөрсө деле булар аткарбайт да. Ошон үчүн протокол түзүлүп, буларга расмий түрдө берилген да. 15-декабрда Министрлер Кабинети 4000 сунуштун канчасы аткарылды отчет берет. Отчет бере албаса, курултайчылар чогулуп туруп, добушка салып туруп кетсин деп койсо дагы болот да. Кетире албайт, бирок сунуш берет. Айрым начар иштеген министрлерди кетсин деп жыйынтык чыгарса дагы болот”.

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliev
Союздан калган малкана
Өткөн жылдагы курултайда курч сүйлөп, элдин эсинде калган айрым делегаттар менен Би-Би-Си байланышып көрдү. Алардын бири Кара-Суу районуна караштуу Акташ айылынан келген Абдикарим Бекмурзаев.
Ал айыл өкмөт коррупцияга белчесинен батканын айтып, 11 гектар жерди жасалма кол коюу менен мурдагы айыл өкмөт ээлеп жатканын билдирген.

Сүрөттүн булагы, Ала-Тоо 24 каналынан алынган скриншот
“Мен курултайда көтөргөн маселе ошону менен чечилбей калды. Админстративдик сотто жердин ижара ээсинин пайдасына чечип берип койду. Облустук прокуратурага кайрадан арыз менен кайрылдык. Ошентип эле атышат. Ал жерге менчик укук бериле элек. 25 жылга ижарага берилген. Мамлекет, өкмөт аренда келишимин жокко чыгарып, өзүнө алып койсо болот”.
"Бизге президенттик башкаруу болбойт экен"

Сүрөттүн булагы, Ала-Тоо 24 каналынан алынган скриншот
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Курултайда социалдык көйгөйлөрдөн сырткары, саясий, эл аралык кызматташуулар боюнча дагы сунуштар, каршы пикирлер айтылган.
Мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошева президенттик башкарууну сындап, парламенттик башкарууну өтүүнү сунуштаган. Андан сырткары, ГЭС курулушу, энергетикадагы уурулук боюнча да айткан. Биз Жолдошева менен байланышып, бир жыл ичинде ал айткандарда өзгөрүү болдубу деп сурадык.
“Тилекке каршы, болгон жок. Бизге президенттик башкаруу болбойт экен, бизге президенттик-парламенттик башкаруу туура болот деп. Экинчи маселе – Камбар-Ата ГЭСин эч бир кошуна өлкөсү жок өз алдыбызча куруу. Суу маселеси – бул таңкыс болот. Өтө чоң таңкыс болот. Ошон үчүн эч качан биргелешип куруу деген болбош керек эле. Тилекке каршы, бул дагы болгон жок”.
Президенттик-парламенттик башкаруу сунушуна президент Садыр Жапаров курултайда дароо жооп берген. Анда Кыргызстан башкаруунун бардык түрүнөн жыргап кетпегенин айткан. Азыркы президенттик башкарууда толук жоопкерчиликти Жапаров өзүнө алып, президенттик башкаруу өз жемишин келерки 5-6 жылда берет деген.
“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан коңшулары Казакстан, Өзбекстан менен бирге курган жатат. Үч өлкөнүн энергетика министрлери долбоордун жол картасына кол коюшкан. ГЭС Кыргызстандын аймагында катталып, аны кыргыз тарап башкарары айтылган. Ишкананын 34% Кыргызстан, ал эми Казакстан менен Өзбекстан 33% ээлик кылат.
"Президент баасын берет"

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliev
Биринчи курултайда "Кемпир-Абад иши" боюнча абакта отургандарды бошотуу, президенттин айланасындагы күмөндүү инсандар, чек ара көйгөйү, Орусиянын абагындагы мигранттар жөнүндө дагы курч билдирүүлөр болгон.
Курултайдын бир жылдык жыйынтыгы боюнча президент 15-декабрда өз баасын берет. Бул тууралуу президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Би-Би-Сиге билдирди.
“Президент өткөн жылдагы курултайдын жыйынтыгы боюнча 15-декабрда баасын берет. Азыр баары анализден өтүп, канча делегат сүйлөдү эле, эмне маселе көтөрүлдү, канча кат келип түштү, ошонун баары анализденип, канча суроо-талап аткарылды, канчасы келечекте аткарылат, канчасы ишке ашпайт, ушул тууралуу президент өзү доклад берет”.
Элдик курултайдын иштөө тартиби

Сүрөттүн булагы, Social media
"Элдик курултай жөнүндөгү" мыйзамдын талабына ылайык, 700 делегаттын ичинен курамын 17 адамдан турган Улуттук кеңеш түзүлүүгө тийиш, анын ичинен ар бир облуска бирден өкүл шайланат.
Чолпонбек Абыкеевдин айтымында, алар эл тарабынан шайланып, түзмө-түз президенттик администрацияга баш ийип иштешет. Айлык чегерилип иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бир жыл бою аким, губернаторлор менен иш алып барат.
Өткөн курултайдын башында тургандар “Элдик Курултай Ассоциациясы” коомдук бирикмесин түзүп, ушу жылдын 23-октябрында каттоодон өттү. Негизги максаты – курултай кызматын миң жылдык кылып түзүү дейт негиздөөчүлөр.
Мамлекеттик телеканалдарга берген маектеринде алар Элдик курултайды ЮНЕСКОГО каттатуу дымагы бар экенин дагы билдиришкен.








