You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Түбөлүк демократтын татаал жолу
Кыргызстандын эгемен тарыхындагы саясий жана коомдук окуяларда көрүнүктүү орду бар чыгаан саясатчы, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев 82 жашында дүйнөдөн кайтты. Кыргызстанда коммунисттик башкарууга биринчилерден болуп каршы чыгып, эң алгачкы демократиялык саясий кыймылдын башында туруп, эгемендик үчүн күрөшкөн, бийликтеги адилетсиздикке, коррупцияга, үй-бүлөлүк башкарууга каршы башын сайып кармашып, түрмөгө түшсө да эрки сынбаган, "абийир туткуну" атыккан ишмердин бейнесине сүртүмдөрдү сунуштайбыз.
"Аккан арыктан суу агат"
“Алма сабагынан алыс түшпөйт”,” Аккан арыктан суу агат” дегендей, бейнекерибиздин атасы Тургуналы Аксыга атагы чыккан күлүктөрдү гана эмес, алгыр куштарды таптаган саяпкер жана мүнүшкөр, андан сырткары колхоз курулушунун эң активдүү жактоочу уюштуруучуларынан болсо, апасы Бүбүайда колунан көөрү төгүлгөн чебер, адегенде жылкы фермасынын башчысы, анан партиялык уюмдун катчысы болуп иштеген күйөөсү азыркы баласына окшоп, жыйын-чогулуштардан башы чыкпай, “Калхоз болсоң жашайсың, каздын майын ашайсың!” эл аралап кыйкырып жүргөндө, жайлоого чыкканда жылкыларын кайтарып, бээлерин саап, кымызын бышса, кыштоого түшүп келип, эркектерден калышпай чөп чаап, боолоп ташыган чыгаан аял болгон экен.
Андай инсандардан Топчукебиздей гана адам чыкмак, башкача болуп калса, жаратылыштын заң-закүндөрүнө туура келбей калмак. “Ата көргөн ок жонот...” дегендей, Топчукебиздин алгач артист болгусу келгендиги да ошондон болсо керек. Ал ар кимдердин үйүндө ачылган башталгыч класстарды аяктап,анан 15 чакырымдай жерге каттап жүрүп, Афлатун орто мектебин бүтүргөндөн кийин 1957-1959-жылдары Токмоктогу маданият техникумунда, анан Фрунзедеги хореографиялык окуу жайында, андан соң 1965-1965-жылдары Москвадагы маданият институтунда окуган.
Ушундан же окуусун Токмоктон баштап 9 жылдан кийин Москвадагы абройлуу ЖОЖдон аяктагандыгынан эле эле бейнекерибиздин бир нерсеге киришсе, аны аягына чыгармайынча тынчыбаган өжөрлүгү, көктүгү көрүнүп турат. Ойлоп көрүңүздөр, бир жыл да дем албай катары менен үч окуу жайын бүтүрүүгө чанда адамдардын гана эрктери, чыдамдары жетет. Ал Москвада окуганда үч жылдай Солнечногорск шаарында мектептин мугалими, Химкидеги бир заводдун хорунун жетекчиси болуп да иштеп жүргөн. Ал убакта Москвада окугандардын көпчүлүгү орусча өмүр баяндарын дурустап жазганды үйрөнө албай кайра келишсе, Топчукебиз орустарды ырдаганга, бийлегенге үйрөткөн. Анын “Он сегиз жаш” баш болгон белгилүү ырларды ийине жеткире аткаргандыгы – анда аткаруучулук чоң жөндөм болгондугун айгинелеп турат. Эгерде ал окутуучулукка, активдикке аралашпай адегенде эле операга же филармонияга ырчы болуп киргенде, андан Эрмек Мойдунов менен Керим Тураповдон кем аткаруучу чыкмак эмес.
Топчукебиз маданият институтунун бүтүп келгенден кийин эки жыл В.Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер институтунда окутуучу болуп иштеп, анан жетекчиликке аралашты. Музыкалык окуу жайында директордун орун басары, музыкалык атайын орто мектепте директор, анан Кыргызстан КП БКда сектор башчы болуп иштеп, анан КПСС БКга караштуу коомдук илимдер академиясына кетип, ал жактан философия илимдеринин кандидаты болуп келип, беш жыл опера жана балет театрында директор, анан он бир жыл пединституттун философия кафедрасынын башчысы болуп иштеди. Анан ал жактан кайра куруу башталганда окутуучулукту да, илимди да таштап, Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын лидерлеринин бири болуп чыга келди.
Жападан жалгыз түбөлүк демократ
Маркум Борис Немцов Г.А.Явлинскийди “түбөлүк оппозиционер” деп атаган.
Адатта саясатчылардын дээрлик бардыгы бийлик үчүн гана күрөшөт, максаттарына жеткенден кийин убадаларын унутушуп, эң эле жакшы дегенде мурда өздөрү сындап жүргөндөрдүн кейиптерине түшө башташат. Жамандары: сугалактыктары, митайымдыктары, тууганчылдыктары, ырайымсыздыктары ж.б. жагынан мурдагылардан да ашып кетишет. Ага биздин эки качкын президенттин тагдыры күбө. Экөө тең өздөрүнөн мурдагыларды жамандап, ооздорун толтура убадаларды берип жүрүп бийликке келишкен менен ачкөздүктөрү, тууганкөйлүктөрү, былыктары-чылыктары жагынан баарынан ашып кетишкендигин жакшы билебиз.
Дервиштей өз идеалдарына берилген саясатчылар гана оппозицияда жүргөндө бийликтегилердин опузаларына моюн бербей, алар канчалык кысымга, куугунтукка алышса, ошончолук өчөшүп, курчуп, ал эми бийликке жеткенде өз идеалдарына кымындай да чыккынчылык кылбай, принципиалдуу маселерге келгенде эч кандай компромисттерге барбай,бийлигине да, байлыгына да алданбай акты-ак, караны-кара деп жер сабап туруп алышат. Андайларды орустар, жогоруда айткандай, “түбөлүк оппозиционер” дешсе, биз Топчукенин мисалында “түбөлүк демократ” дейбиз. Эгерде калыс сыдыргыдан өткөрсөк, Кыргызстанда Топчубек Тургуналиевден башка мындай “титулга” арзыгыдай инсан жок. КДКдан кыйкырып чыккандардын, аларга ыктагандардын көпчүлүгү ошондо эле “түбөлүк” Акаевчил, андан калгандары “утурумга” Бакиевчил болуп кетишкен.Күн тийген жердин күкүктөрү болуп, аркы-берки жээктерге секирип жүргөн “демократтарга” эсеп да жетпейт.
"Түбөлүк демократтын" эрдиктери
Топчубек Тургуналиевдин кыялы чатак, дайыма оюндагысын бетке айтат, жак дегенин бербейт, көктүгү жагынан эч кимди алдына салбайт, улуттук кызыкчылыктарга келгенде эч кандай компромисттерге барбайт. Ошон үчүн аны жактырбагандар көп. Бирок, жагабы, жакпайбы, тарыхка кирип калган фактылар жөнүндө эле айтсак, Топчукебиз элдин эсинен чыккыс эпохалдуу көп иштерди баштап, алардын көбүн аягына чыгарганга салымын кошту.
Биринчиси, 1989-жылы улуттук интеллигенциянын өкүлдөрүнүн ичинен “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын долбоорун жан-дили менен колдоп чыгып, анын кабыл алынуусуна көмөкчү болду. Адатта бизде Москвадан окуп келгендер орус тилинин жактоочуларынан болуп келишсе, ал кыргыз тилинин жактоочусу болуп, нигилисттердин салтын бузду.
Экинчиси, 1990-жылы октябрда КДКнын мүчөлөрүн Кыргызстан КП БКнын жетекчилеринин отставкасын талап кылган ачкачылыкка ээрчитип чыгып, коомду солк эттирди. Эгерде ал ачкачылык болбосо, кыргыз коомчулугу чындап ойгонмок эмес, мүмкүн, республика өнүгүүнүн таптакыр башка жолу менен кетмек. Ал жол кандай болмок, ал башка маселе, бирок чечүүчү мезгилде Кыргызстандын саясый багытын өзгөртүүгө катализатор болгондугу айныксыз чындык. Ошол жылы декабрда легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндөгү алгачкы декларациянын авторлорунун бири болду.
Үчүнчүсү. А.Акаев президент болуп шайланганда ага Т. Тургуналиев КДКчылардын атынан сарпайы жаап, башына калпак кийгизип куттуктаган. Бирок, Акаевдин түз жолдон тайып, үй-бүлөлүк башкаруудагы коррупциялашкан мамлекетти куруп жаткандыгына көзү жеткенден кийин 1993-жылы 17-октябрда КДКнын 25 мүчөсүн баштап Аскар Акаевге кирип: “Кыргызстанды Швейцарияга айландырам дедиңиз, биз сизди үч жыл колдоп келдик. Бирок, өлкөбүз Швейцария болбой эле күндөн күнгө чыңк ылдый туңгуюкка кирип баратат. Кыргызстанды сиз оңдой албайт экенсиз. Эми өз ыктыярыңыз менен президенттиктен кетиңиз!” айтканы да чындык.
Ошондон тартып ал Акаев, анын жанындагылар үчүн желмогузга айланган. Эгерде ошондо анын сөзүн кошо киргендер колдоп, жабыла талап кылышса, Демократиялык конгресс да ошондой чечим кабыл алса, Акаев президенттиктен кетүүгө макул болгон экен. Бирок, алдын ала макулдашып киргендердин баары унчугушпай коюп, а түгүл айрымдары Акаевдин кабинетинде калып, башка сөздөрдү айтышып, “ушул эле...” дешип Топчукебизди сатып жиберишиптир. Жанындагылардын көпчүлүгү аны сатып кетишкендерине, кээде жазгыз калгандыгына карабастан ал биринчи үй бүлөлүк башкарууга каршы он беш жыл талыкпай күрөштү.
Төртүнчү. Аны 1994-жылы майда БГУга ректор кылып дайындашат.Бийликтегилер ушинтип майлуу-сүттү кызмат берип койсок, башкаларчылап алданып, оппозициячылдыгын таштап, оозу жабылып калат деп ойлошкон. Бирок, ал жаалдуу оппозициячылдыгынан кайтпады. Ошол убактагы өкмөт башчысы А.Жумагуловду этектеп жүрүп, 7 миллион сом бөлдүртүп, университеттин жаңы имаратын бүтүртүп салды. Анан бийликтегилер “же биз менен болуп, оппозициячылдыгыңызды таштаңыз, же ректорлуктан кетиңиз” деп ультиматум коюшканда, ал өз арызы менен университеттен кетип калган.
Бешинчи. Биринчи үй-бүлөлүк башкаруу убагында жаалдуу оппозицияны жетектегендиги үчүн Топчубек Тургуналиевич үч жолу түрмөгө камалып, жалпысынан 1384 күн абакта отурду, 9 ай 8 күн Баткенде саясый сүргүндө жүрдү. Алты ирет административдик жазаларга кириптер кылынды. Анын тилектештеринин биринин үйүнөн барденке табылса, ал президентти тактан кулатуу үчүн 9,5 миң боевик, БТРлерди, ракеталарды даярдаган деп, дагы бирөөсү жер төлө казса, ал Акаевди камаганга казылган зындан, БГУда иштеген менен тымызын СНБынын агенти болуп жүргөн бирөө университеттин кассасынан ( Т.Тургуналиев ректор болуп турган) студенттик базар ачып, окуу жайды байытабыз деп 10 миң доллар алып, атайын кызматтагылардын шыкагы менен атайылап бербей койсо, мамлекеттик кылмышкер дешип, жалпысынан 28 жылга соттошту.
Бирок, сынган да, айрым ортомчул кутумдар “президентке кат жазсаң эле, ал сени дароо чыгарып жиберет” дегендерине карабастан ал Акаевден кечирим сураган да жок. Анын ийилишин, сынышын күтө берип жадашканда кайра өздөрү бошотууга аргасыз болушту. Анысы менен чыныгы эрктүүлүктүн, кайраттуулуктун үлгүсүн көрсөттү. Анын бошотулушунда ошол убактагы АКШнын биринчи айымы, азыркы президенттикке талапкер Хиллари Клинтондун да салымы болгон. Анткени, ал Кыргызстанга келгенде бир катар эл аралык уюмдардын өтүнүчтөрү боюнча Аскар Акаевге үч жолу эл аралык “Ардактуу абийир туткуну” наамын алган Топчукебизди түрмөдөн чыгаруу сунушун айткан экен.
Биз 2005-жылы августта Топчубек Тургуналиевге байланышкан кылмыш иштер Жогорку Сотто кайра каралганда ага бир нече күн катышканбыз. Он миң доллар жөнүндө маселе көтөрүлгөндө Т.Тургуналиевдин: “ошондо БГУда ар орунга 4-5тен абитуриент болуп жаткан. Эгерде менин акча жегим эле келсе, эки чөнтөгүмө жүздөн 200 миң долларды солоп чыгып, жашасын, Акаев!-деп койсом, мага эч ким тийишмек эмес”- дегени эсибизде. Чын эле миллиондорду жешкени менен бийликти жактагандары үчүн канчалар жеп-ичкендеринин, чачкандарынын издерин жашырып кетишти.
Алтынчы. Топчубек Тургуналиевич түрмөдөн чыккандан кийин “Акаевге-отставка, эл үчүн-реформа” кыймылынын жетекчилеринин бири катарында биринчи үй-бүлөлүк бийликти кулаткандардын алдында жүрдү. Ал Акаевдей эле Бакиевди да үч жылдай колдоду. “Балаң Максимдин тизгинин тарт, болбосо аның Айдардан калышпай баратат” деп экинчи ажонун бетине айткандардын бири болду. Бирок, К.Бакиев “ кысталакты Россияга тагаларына кубалап жиберсемби” деп кейимиш болгон менен эч кандай чара көрбөй, анын экинчи үй-бүлөлүк бийликти орноткондугуна, биротоло коррупциялашып кеткендигине көзү жеткенден кийин ага каршы элдешкис оппозицияга өтүп, 2010-жылдагы экинчи элдик революцияда убактылуу өкмөттүн мүчөсү болду. Ал жерден Жаратылышты коргоо жана токой чарба агенттигине жетекчи болуп барып, Ысык-Көлдө бийликтеги браконьерлер кырган 44 аркар, кулжанын, кыйылган карагайлардын жаңжалын чындап териштире баштаганда аны ал жерден тезирээк кетирүүгө ашыгышты.
Жетинчи. Топчукебиз 70тен ашкандан кийин саясаттан четтеп, И.Арабаев атындагы университетте ачылган Манастаануу институтуна жетекчи болуп, бардык энергиясын “Манасты” пропагандалоого жумшады. Ал боюнча аспирантураны ачты, журналды, китептерди чыгарды. Мурда ал саясаттын фанатиги болсо, азыр ал “Манастын” фанатигине айланды.
Папан Дүйшөнбаев, жазуучу жана журналист